МАЗМУНУ
2. Кечиримдүүлүк жана кемчиликтерди жашыруу
3. Адам укугуна аяр мамиле жасоо
в. Туугандын акы-укугу (сыла-и рахим)
е. Эч кимдин көңүлүн оорутпоо жана эч кимге капа болбоо
5. Тынчтыкты жана бейпилдикти камсыз кылуу
6. Биримдикти жана ынтымакты камсыз кылуу
8. Тең салмактуулук жана жети өлчөп бир кесүү
Сөздүн эң улуусу, ыйыгы – Алланын Китеби.
Жолдун эң мыктысы, эң аруусу – сүннөт жолу.
Эң кубаттуу калкан – такыбаалык.
Айтылгандын эң шарапаттуусу – Алланын сөзү.
Топук кылып, шүгүр келтирилген азыноолак мал-мүлк топук кылынбаган көп дүнүйөдөн артык.
Эң пайдалуу илим – ирфан илими.
Эң оор дарт – өлүм алдындагы оору.
Эң жаман абал – кыяматтагы бушаймандык.
Эң чоң жаңылыштык – жалганчылык.
Эң пайдалуу байлык – топук, канаат.
Эң мыкты ыйман - жүрөктөн түнөк тапкан ыйман.
Зекетсиз, кайыр-садагасыз табылган акча акыретте ээсин жер каратат.
Кирешенин эң жаманы – кызыл кулактык менен табылган жана
пайызга алынган акча.
Сокурлуктун эң оору – жүрөктүн сокурлугу.
Ысыраптын баары – биринен-бири өткөн оор күнөө. Бирок, эң кейиштүү нерсе – адамдын өзүн-өзү ысырапка учуратышы.
Ааламдардын ардагы Азирети Мухаммадга (саллаллаху алейхи васаллам) бизди үммөт кылып, нагыз бак-таалайды ыроологон Улуу Алла Таалага чексиз алкыш жана даңк! Бүткүл ааламга ырайым катары жиберилип, өзүнүн үлгүлүү адамгерчилиги менен «Исламдын изги маданиятын» түптөп, жалпы адам баласына бейиш жолун көрсөтүп кеткен пайгамбарлардын султаны Азирети Мухаммад Мустафага сан миң салам жана сала ваттарды айтабыз!
Ааламдагы мүлдө макулуктун ичинен адамзааданы гана «ахсан-и таквим-эң көрктүү түзүлүштө» жараткан Алла Таала пендесинин бардык иш-аракетин, адеп-ахлагын, ибадаттарын, түбөлүк ааламга кайтышын эң изги таризде жүзөгө ашып туруусун каалайт. Анткени Алла Таала жер жүзүнө өкүл кылып дайындаган адампенденин бул улуу шарапатка татыктуу болуп өмүр кечиришин, натыйжада бейишти да, ал аркылуу Өз жамалын көргөзүүнү да максат кылган.
Ошол себептен адампенде өмүрү өткөнчө Куран менен сүннөттөн тайбай, изгиликтин майданында жашай алса, чыныгы инсандык баага арзыйт. Атагы алыска кеткен залкарлардын: «Адам уулу канткенде адам болот?» деп башкатырган суроосунун түйүнү дал ушунда жатат. Анткени ар бир макулук өз деңгээлине жараша жашап өтөт.Эгер өз деңгээлине жарашпаган иштер менен алек болуп, жаңылыш жолго түшкөн болсо, өз деңгээлине көө жапкан болот.
Маселен, жакут, бермет жана алмазды алалы. Бул таш тегиндеги заттар, адатта бекем, нары кооз кутуларда сакталып, өтө маанилүү иштерге жумшалат. Демейки шагыл таштар болсо жолдогу чуңкурларды толтуруу үчүн колдонулат. Кызыгы, баасы кымбат ошол акак, жакуттарды «эмне болсо ошо болсун, баары бир таш эмеспи» деген түшүнүк менен жолдогу чуңкурларды толтурууга жумшоо, арийне, жеткен акмактык жана жосунсуз жорук!
Мына ушул сыяктуу барча макулуктун көз кареги саналган адамзааданын өтө маанилүү, өзгөчө касиеттүү амалдарды өтөөнүн ордуна кайдыгерликте ныксырап өтүшү ашкере акмакчылык. Жа дагалса өзүнүн инсандык баркын, бийик шарапатын аңдай албоо– наадандык, нары кайдыгерлик. Мындай адамдар Алланын алдындагы ызаат-урматтан, инсандык касиеттен кол жууп, өзүнө-өзү жамандык тилеген болуп эсептелет.
Адам баласынын бул сынак дүйнөдөгү кайдыгерлигине жана наадандыгына ишаарат кылган Азирети Али (Алла ага ыраазы болсун) мындай деген:
«Жакшы болуу кыйын, шермендечилик көз ачып жумганча».
Бул багытта кеменгер ата-бабаларыбыздын:
«Жакшы болуу аста-аста, жаман болуу бир паста».
«Жакшыга жанаш, жамандан адаш» деген накыл кептери бекеринен айтылган эместир
Бул өңүттөн адампенде ар дайым рухий тарбияга муктаж. А тарбия болсо адамдын табиятында жок нерсени жаратпайт. Маселен, такыбаалык менен бузукулукка, жакшылык менен жамандыкка болгон шык адамдын табиятында бар. Рухий тарбия – киши табия-тындагы терс шыктын, ышкынын баарын өчүрүп, жакшы жактарын өөрчүтүүнүн жападан жалгыз жолу.
Ошол себептен Жараткан Алла Таала напсинин сан миң азгырыгына алданбай, ыплас жашоодон оолак болуп, табиятыбыздагы асыл сапаттарды өөрчүтүү үчүн «ахсан-и таквийм - эң мыкты түзүлүш» аттуу изги долбоорду Өзүнүн Китептери аркылуу жалпы адам баласына маалымдаган. Аны ишке ашырып, бизге таалим берсин деп пайгамбарларды жиберген.
Анткени бир нерсени жаратуу үчүн тек гана мыкты деп эсептелген жоболорду жаза кою же иштеп чыгуу жетиштүү эмес.Жол-жоболор, мыйзам-өкүмдөр канчалык кынтыксыз болбосун,алардын кагаздан жүзөгө, сөздөн ишке ашырылышын тастыктоо кажет. Тескерисинче, ал изги жоболор адамдын аң-сезимине сиңбей, куру кыял бойдон калып кетет. Бул нары катаал, нары татаал сынак дүйнөдө пендезаада үлгүгө муктаж болгону болгон. Акыйкат-чындыкты, дүйнөнүн сулуулугун, өмүрдүн баалуулугун өрнөксүз, мисалсыз аңдоо мүмкүн эмес. Үлгүнүн шарапаты менен аң-сезим агарып, жакшыны да, жаманды да таамай тааный алат. Ошондуктан адамды түбөлүк бак-таалайга жеткире турган, Жараткан койгон изгилик жоболорун жүрүм-туруму,жашоо ыңгайы менен көрсөтө турган мыкты үлгүгө, ахлактык жолбашчыга муктажбыз.
Азирети Мухаммад Мустафа (саллаллаху алейхи васаллам)аркылуу Ыйык Курандын жиберилишиндеги аялуу сыр да мына ушул жерде жатат. Тактап айтканда, Курандагы өкүмдөрдү, буйруктарды жүзөгө ашырып, аны менен жашоо гана туура болоору Алла Элчисинин өмүр-жашоосунан кашкайып көрүнүп турат.Пайгамбарыбыз болбогондо, көрпенде напсиге алданып диндин өкүмдөрүнө кол шилтеп, аларды жүзөгө ашыруу мүмкүн эместигин жар салмак. Анткени мурунку пайгамбарлардын көзү өтүп,алар алып келген улуу мыйзамдарды орундатар адамдар калбай калган доорлордо пенделер Алланын китептериндеги нечендеген изги эреже-жоболорду, буйруктарды четке кагуу менен: «Буларды жүзөгө ашыруу мүмкүн эмес!» деп өз кызыкчылыктарына жараша жеңилдетип, бузуп жок кылышкан.
Буйрулган улуу мыйзамдарды жүзөгө ашырууга чындыгында адам баласынын дарамети жетерин тажрыйба өзү көрсөткөн. Алланын акыркы Китеби саналган Ыйык Куран Азирети Мухаммаддын жүрөгүнө илхам кылынып, аты аталган жогорудагы улуу долбоор ага ыроолонгон. Жалгыз өзүнө гана ыроолонбостон аманат катары,белгиленген чекке чейинки адамдарга жеткирүү, аларга сүйдүрүү,«мыкты түзүлүшкө» өрнөктүк кылуу шарты менен берилген.
«... (Элчим!) Мурунку Китептерди тастыктоо, адамдарга жолкөрсөтүүчү жана сүйүнчү иретинде Алланын уруксаты менен сенин жүрөгүңө Жабраил Куранды салган»(Бакара сүрөсү, 97-аят).
Ардактуу Пайгамбарыбыздын жүрөгүнөн түнөк тапкан Куран заматта анын бүтүндөй турпатынан көрүнө баштайт. Денетурпатынан гана эмес, сөзүнөн да, жүрүм-турумунан да, абийири,ой пикиринен да оргуштап, көптөрдү ойго салат. Ошентип Азирети Мухаммад Мустафанын бүтүндөй жашоосу Ыйык Курандын жандуу мүнөздөмөсү, акыйкат аныктамасы, чечмелениш-тафсири болуп кала берди. Алла Таала анын жеке адамдык сапатын Өзүнүн акыйкаттары жана артыкчылыктары менен шөкөттөйт.
Адампенде өзү жактырган тарапты үлгү тутат. Бирөөгө окшошууга болгон арзуусу күчөсө, окшошууга аракет кылса, демек, анын сүйүүсү күчтүү. Өрнөк (идеал) тутунуу – катуу жактыруунун белгиси. Ар бир элдин калыптанган багыты, ошол жакшылыкты таштап кеткен көсөмү болот. Алла Элчисинин (саллаллаху алейхи васаллам) үлгүлүү адамгерчилигинен, сүйүүсүнөн жаңы жашоо тапкан сахабалар анын Пайгамбарлык тарбиясынан калыптанып, тарыхка «асры-саадат - бактылуулук кылымын» тартуу кылды. Хунайн казатында сахабалар андан кайрат алды, Ухуд согушунда берилүүнү жана тобокелчиликти аны менен кошо баштан кечирди. Жумушта,үй-бүлөдө, соодада, жеке мамиледе, социалдык вазийпаларда, ахлактуулукта болсун, же ибадат кылууда болсун, сахаба атпай аны үлгү тутунуп, бүтүндөй изгиликти андан алды. Пайгамбарга болгон ысык ыйман, урмат-сый жана талыкпай ээрчүүнүн натыйжасындагана алар сахаба деген улук шарапатка эгедер болуп, ахлак менен адамгерчиликте кол жеткис бийиктерге жетишти.
Куранда минтип айтылат:
«(Элчим!) Сен шек-күмөнсүз изги ахлактын сересиндесиң!» (Калам сүрөсү, 4-аят).
Азирети Пайгамбарыбызга Курандагыдан артык мүнөздөмө берүүгө мүмкүн эмес. Анткени Жараткан Алла Таала адам баласына тиешелүү барча асыл сапаттарды, ахлактуулукту, изги кулк мүнөздүн эң мыктысын Азирети Мухаммаддын боюна ширеткени чындык.
Ушул себептен болсо керек, ыймандуусу да, ыймансызы да Алла Элчисинин ажайып ахлагына жана асыл сапаттарына таң калып келет. Жадагалса, көптөгөн Ислам душмандары: «Биз сенин ишенимдүү жана чынчыл адам экендигиңди билебиз. Бирок ушу алып келгениңди каалабай турабыз» деген каардуу мушрик Абу Жахилден тарта бүгүнкү күндөгү нечелеген таанымал каапырлар да ардактуу Пайгамбарыбыздын адамдык сапатынын бийиктигин,анын улуу инсан экендигин моюнга алып жүрүшөт. Тарых анын изгилигин ошондон берки ар бир кылымда эң алдыңкы сапка каттап келет. Мына ошонун бирине назар салалы.
Америкалык илимпоз Майкл Харт 1979-жылы тээ Адам Атанын доорунан берки жашап өткөн эң таасирлүү адамды аныктоо боюнча атайын иликтөө жүргүзөт. Улуу инсандардын, залкарлардын баарыншык-жөндөмүнө, күрөшүнө, ийгилигине, ишмердигине байланыштуу толгон токой маалыматтарды топтойт. Жумушчу топтун бир нече айга созулган иликтөөсүнүн жыйынтыгында Азирети Мухаммад Мустафа (саллаллаху алейхи васаллам) дүйнөдөгү эң таасирлүү адам деп табылат.
Мындан көп өтпөй 1979-жылы Ле Поинт аттуу француздардын журналы Мухаммад Пайгамбарыбызды «жылдын адамы» деп тандайт. 1979-жылдын 29-декабрында чыккан бардык гезиттер бул тандоону: «Азирети Мухаммад 571-632-жылдар аралыгында жашап өткөнүнө карабастан анын таасири бүгүнкү күндө артканданартып, миллиондогон адамдар ал салган чыйыр жолдон тайбай келе жатышат» деп түшүндүрүшөт (Зафер журналы, 97/3-8).
Анткени анын жолу менен жашоо адам баласы үчүн тозоктон аман калуунун, кутулуунун, бак-таалайдын жападан жалгыз жолу.
Анын изинен басуу - жакшы өмүр кечирүүнүн себепкери.
Сахабалар жеткен улуу шарапатка жана ызаатка жетүү үчүн акыркы Пайгамбарды жандан артык сүйүп, бул жалгандагы бардык иш-аракеттерибизди анын сүннөтү менен салыштырып, ошого жараша багыт алышыбыз зарыл. Аны жөн гана окуп же угуп койбостон,чын жүрөктөн ыйман келтирип, башкаларга таанытып, башкаларга да сүйдүрүшүбүз абзел.
Айтылгандардын баарын жүзөгө ашыруу үчүн оболу канткенде анын жолунан тайбай баса алаарыбызды ойлонушубуз керек.Ушул ой-санаадан арылтуу, бизди түйшөлткөн бул суроого жооп берүү үчүн мурунку китептердин уландысы катары колуңуздардагы «Исламдын изги маданияты - 4» аттуу китепти жазууну эп көрдүк.Кутман Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) мыкты калыпка салынган жашоосунун изги элестерин мурдатан жаза келген ыкма менен түшүндүрүүгө аракет жасадык. Бул эмгекти жазууда мурда басылган китептерибизден жана башка белгилүү булактардан пайдаландык. Биз канчалык аракеттенсек да, бул эмгек адеп-ахлактын туу чокусуна жетип, жалаң изгиликти таштап кеткен кадырман Пайгамбарыбыздын кадыр-баркын чагылдырууда деңиздин тамчысындай эле кеп экендигин баса белгилеп койгонубуз абзел.Ал эми бул жерде айтылган жана айтылбай калган изгиликтердинбаарын акактан тунук адамгерчилигине сиңирген Пайгамбарыбыз экени түшүнүктүү. Ал таштап кеткен изгилик ааламын таанытуу үчүн жасаган далаалатыбыз, мактообуз, эскерүүбүз, арийне аздык кылат. Муну биз эле эмес, Алла Элчисин өз көзү менен көргөн сахаба Азирети Али да моюнга алган:
«Кимге Алла Элчисинен бир хадис, же бир абал маалымдалатурган болсо, хидаят, намаз жана такыбаалык өңүтүнөн Азирети Пайгамбарыбыз ошо айтылгандардан алда канча жогору турарын билип койсун!» (Ахмад, I, 122).
Мына ушундай сезим, ушундай кылдаттык менен адам баласына эки дүйнөдө тең пайда келтире турган, ынтымак-ырашкерликке данакер болчу ӨЗ АРА МАМИЛЕЛЕР тууралуу ардактуу Пайгамбарыбыз коюп кеткен эреже-жоболорду мүмкүн болушунча жугумдуу, нары түшүнүктүү кылып жеткирүүгө аракет жасадык. Ошондой эле бул маселелерди дагы да ынанымдуу түшүндүрүү үчүн Алла Элчисинин руханий тарбиясында жетилген кутман сахабалардын, элчилердин мураскерлери саналган олуялардын 1 жана алардын изи менен келе жаткан инсандардын ибараттуу икаяларынан, үлгүлүү жактарынан мисал келтирдик.
Азирети Пайгамбарыбыздын, сахабалардын жана Жараткандын сүйүктүү олуя пенделеринин бийик ахлагынан аз да болсо таалим алуу, Куранда буйрулган ахлактуулукту жашай билүү, өмүрдү Алла Таала жана Анын Элчиси ыраазы боло тургандай изгилик менен кечирүүдөн башка эч кандай ниетибиз жок. Окурмандарыбыз бул китепти окугандан кийин ушу айтылган ниеттерге кошулса, жакшылык тапса дейбиз.
Сөз соңунда бул эмгекти даярдоодо жакындан жардам берген Мурат КАЯ баш болгон ак ниеттүү досторубуздун баарына жана китепти кыргыз тилине которгон котормочу Акылбек Халбековго чын дилден ыраазычылыгымды билдирем. Алардын бул албан мээнети эсепсиз соопко айланышын Жараткандан тилейм! Алла аларга ыраазы болуп, эки дүйнөдөгү жашоосун нурга бөлөсүн! Бул эмгек бир кишиге болсо да өз таасирин бере алса, өзүбүздү бактылуу сезебиз!
Жараткан Алла Таалам бардык жакшы ниеттерибизди кабыл кылсын, амал дептерлерибизди соопко толтурсун! Бийик ахлагы менен Курандын жандуу көрүнүшү са-налган Азирети Пайгамбарыбыздын руханий берекесин көөдөнүбүзгө жаадырсын!
Оо, Жараткан Алла Таалам, Азирети Пайгамбарыбыздын жолунда аны сүйүп, анын ахлагынан таалим алып, Исламдын изги маданиятын көтөрүүнү бизге насип кыл!
Оомийн!
Осман Нури ТОПБАШ
2007-жылдын апрель айы.
Стамбул-Үскүдар
МАМИЛЕ
– Ыйман деген эмне? – деп акылымдан сурадым.
Акылым болсо жүрөгүмдүн кулагына:
– Ыйман – адеп-ахлак.... – деш шыбырады (Азирети Мавлана).
Акыйкат дин тээ Адам Атадан (алейхис салам) тарта ыймандык негиздери менен ахлак эрежелерин өзгөрүүсүз сактап келет. Бирок, ошентсе да, ибадат кылуу тариздери жана өз ара мамилелер жаатындагы укуктук өкүмдөр бир пайгамбардан экинчи бир пайгамбарга чейин коомдордун өзгөчөлүктөрүнө жараша ар башкача жүзөгө ашырылып келет.
Мындай өзгөрүүлөр пенделердин рухий муктаждыгына жана маданий деңгээлине жараша Алла Тааланын каалоосу менен улам өркүндөөнүн үстүндө жүзөгө ашырылып келген. Алгачкы инсан Адам Атанын (алейхис салам) аракети менен башталган акыйкат дин (тавхид) акыркы Пайгамбардын чакырыгы менен кемелине жеткен. Башкача айтканда, Алла Таала тарабынан жиберилип, самавий 2 диндендин эң акыркысы деп эсептелген Ислам дини иралды Жараткандын каалоосу, андан соң Азирети Пайгамбарыбыз Мухаммад Мустафанын (саллаллаху алейхи васаллам) жыйырма үч жылдык чакырыгынын арты менен ахлактык өңүттөн да, мамилелер өңүтүнөн да өзүнүн туу чокусуна жеткен.
Азирети Пайгамбарыбыз аркылуу баралына жетген Ислам дини 1429 жылдан бери Жараткандын амири менен өзүнүн асыл өзөгүн, нукуралыгын сактап келаткан жалгыз дин болуп эсептелет 3.
Башка диндерге салыштырмалуу бир топ изги өзгөчөлүктөрдү өзөгүнө камтыган Ислам динин төмөнкү үч негиздин алкагынан кароого болот:
1. Тавхид акыйдасы (Алла Тааланын жалгыздыгына ишенүү).
2. Ибадаттар
3. Мамилелер (т.а. адамдык өз ара мамилелер)
Исламий эрежелер системасын өргө тартып келген түпкү негиздердин бири – бул мамиле. Далай мезгилден бери материалист, капиталист жана рационалист өңдүү чолок түшүнүктөрдүн сазына баткан көрпенделердин түркөйлүгүнүн, тескери жүрүм-турумунун натыйжасында Ислам дининдеги мамилелер өңүтүнүн солгундап калышы зээнди кейитет. Ошол себептен иралды Исламды туура түшүнүп, туура иш ашыруу үчүн динибиздин «мамилелер» жаатындагы эрежелерин үйрөнүшүбүз зарыл. Ушул олуттуу зарылдыктан улам Исламдагы мамиленин, өз ара карым-катыштын маанилүүлүгүн жана бул жааттагы айрым эрежелерди ардактуу окурмандарыбыздын эсине сала кетүүнү туура көрдүк.
Дин жеке адамдан тарта жалпы коомдун рухий абалын жана диний жашоосун ырааттуу нукка салып, өз ара мамилелерге тийиштүү өкүмдөрдү койот. Насаат сунуштоо менен гана чектелип, карым-катыштык жоболорду болбогон дин дин эмес. Адамдар тобу – бул коом. Адамсыз коомду элестетүү мүмкүн эмес. Ошондуктан адам менен адамдын ортосундагы карым-катыштар, мамилелер нары бекем, нары адилет өкүмдөр менен корголушу керек.
Ислам дини карым-катышка олуттуу маани берип, алака-мамилелердин кандай болуш керектигин ийне-жибине чейин тактап берген. Өзүн мусулманмын деп эсептеген пенде жеке турмушун да, коомдук жашоосун да Алла Таала койгон буйруктарга ылайык кечирүүгө мажбур. Башкача айтканда, бүт жашоосун Ислам эрежелери менен өткөрүүгө милдеттүү. Муну орундатпаган жан «салих-чыныгы момундук» деңгээлге жете албайт. Азирети Пайгамбарыбыздын куттуу хидисине назар салалы:
«Начар мамилени оңдобогон адам бейишке кире албайт» (Тирмизий, Бирр 29/1946).
Азирети Умар (Алла ага ыраазы болсун) мындай деген:
«Адамдын окуган намазына, кармаган орозосуна эмес, туура же ката сүйлөгөнүнө, берилген аманатты сактап, сактабашына, байлык колго тийген учурда адал менен арамды айырмалаганына карап баа бергиле» (Байхаки, ас-Сунанул-кубра, VI, 288; Шуаб, IV, 230, 326).
«Замандаштарынан бирөө Азирети Умардын жанында башка бир пендени жерге-сууга тийгизбей мактап-жактап кирет. Ал сөзүн аяктагандан кийин Азирети Умар суроо жаадырат:
– Аны менен сапарлаш болдуң беле?
– Жок.
– Бирер жолу соода-сатык сыяктуу мамиле кылдыңбы?
– Же бир учурларда ага коңушу болдуң беле?
– Жок.
Жоктон башка жооп уга албаган адилет падыша минтип бүтүм чыгарат:
– Жалгыз Аллага ант этип туруп айтам, сен аны тааныбайт экенсиң!» (Газали, Ихя, III, 312).
Бул ибараттуу окуяда айтылгандай, адамдын ким экендиги жеке мамиле аркылуу маалым болот. Бул жагдайды Зия Паша минтип нускалаган:
«Сөзүнө эмес, ишине карагыла. Адамдын күзгүсү – анын иши».
Демек, мусулман пенденин дини анын жеке турмушунун изгилиги коом менен болгон мамилесинин тактыгы аркылуу баралына чыгат.
Мамиле деген сөздү укканда эң оболу өз ара мамилелердеги адилеттүүлүк, кечиримдүүлүк, адамдын акысын кайтаруу, укугун коргоо, жардам берүү, кыскасын айтканда, адамгерчиликти туюнткан ахлактык асыл сапаттар эске түшөт. Эми, ушул айтылгандарды кеңири түшүндүүгө аракет кылалы.
Адилет (адл) бул – так, калыс, ачык-айкын, толук деген маанилерди билдирген арап сөзү. Ошону менен катар бардык нерсенин жана тиешеси барлардын өз акысын берүү, бирөөнүн акысын жеп коюдан сактануу, бир нерсени өз жайына кою жана нысаптуу болуу, акы-укукту сактоо жана эч кимге, эч нерсеге кордук көрсөтпөө дегенди туюнтат. Баарына тең кароо менен адилеттүүлүк жарала койбойт, кимдин кандай акысы болбосун, өзүндөй кайтаруу менен калыстык, адилетик деген баалуулуктар узун өмүр сүрө алат.
Кандай гана иш, кандай гана жагдай болбосун Алла Таала баарыбызды адилеттүү болууга буйруган. Мына ушул нерсе Ислам дининин адилеттүүлүккө канчалык маани берээрин экенин айгинелеп турат. Адам адилеттүүлүктү кура алганда гана, Алла Таала ыраазы боло тургандай деңгээлде рухий жандуулукту сактап өмүр кечире алат. Адамзаада ошондо гана эки дүйнөнүн мол жакшылыгына жана түбөлүктүү бак-таалайга ээ боло алат.
Адилетсиздик өкүм сүргөн жерде акыйкат, укук, ынсаптуулук жана теңсалмактуулук тууралуу кеп кылуу мүмкүн эмес. Бу дүйнөдө адилеттүүлүктөн тайып, башкаларды кордоп, бирөөлөрдүн акысын жеген жемкорлор мындай кылымыштары үчүн акыретте сөзсүз эрдин кырча тиштеп бушайман болоору бышык.
Адилет Ээси жана адилеттүүлүк деген маанилерди туюнткан «ал-Адл» сөзү Алла Тааланын 99 ысым-сыпатынын бири болуп эсептелет (Тирмизий, Даават, 82/3507).
Кудай Таала адамбаласынын түрдүү буттарга сыйынганын токтотуу, жеке кызыкчылык жана адилетсиздик менен курулган зөөкүрлүктү, заалым системаларды жок кылуу, жер жүзүнө адилеттүүлүктү жана акыйкатты орнотуу үчүн көп пайгамбарларды жиберген.
«Чындыгында, Алла Таала – адилеттүүлүктү, жакшылыкты жана тууган урукка кайрымдуу болууну буйуруп, уятсыздыктан сактайт. Алла силерге (ушундай) насыят берет. Балким түшүнөрсүңөр» (Нахл сүрөсү, 90-аят).
«Акыйкатта, Алла силерге тапшырылган аманатты өз ээсине тапшырууга буйрук кылат! Эгерде силер адамдардын ортосунда өкүм жүргүзө турган болсоңор, анда адилеттүү өкүм чыгаргыла. Алла үндөп жаткан нерсе кандай гана сонун! Акыйкатта, Алла Угуучу жана Көрүүчү!» (Ниса сүрөсү, 58-аят).
Адил сыпатынын анык Ээси саналган Алла Таала калыс мамиле кылган, акыйкаттуулукту жактаган пенделерин сүйөт 4. Ардактуу Пайгамбарыбыздан бир хадис:
«Адилеттүүлүк менен өкүм жүргүзгөн жандар кыяматта Жараткандын оң жагындагы нурдан жасалган минбарларда 5 олтурушат… Анткени алар өкүм жүргүзгөндө да, үй-бүлөдө да, кол астындагыларга да адилеттүү болушкан» (Ахмад, II, 160).
«Адилет башкаруучулар кыямат күнү Алла Таалага өтө жакын жана сүйкүмдүү болушат. А заалым башкаруучулар болсо, тескерисинче, Алланын каарына калып, Андан узак болушат» (Тирмизий, Ахкам, 4/1329; Насаи, Закат, 77).
Мусулман адам өкүм чыгарып жатканда гана эмес, нерсени таразага тартканда, күбөгө өтүп жатканда, мейли жай кезде, мейли ачуулуу учурда болсун, кыскасы, ар дайым ар кайсы жаатта адилеттүү болушу керек 6.
Куранда:
«Эй ыймандуулар! Өзүңөргө каршы же ата-энеңер, же жакын туугандар болсо да Алла үчүн адилеттүүлүктү тургузуучу, калыс күбө болгула! А эгер (силер күбөгө өтө тургандар) бай же кедей болсо, Алла аларга (силерден да) жакын. Бул маселеде көңүлүңөрдү ээрчибегиле...» (Ниса сүрөсү, 58-аят).
«Эй, момундар! Алла (ыраазылыгы) үчүн күбөлүккө бекем тургула. Айрым адамдарга болгон жек көрүүңөр силерди адилетсиздикке түртпөсүн. Адилет болгула! Ошол – нагыз такыбалыкка жакын. Алладан корккула!» деп буйрулат (Маида сүрөсү, 8-аят).
Кайсы өлкө болбосун, анын өмүрүн адилеттүүлүк гана узарта алат. Ошол себептен акылман ата-бабалар даанышмандык менен: «Адилеттүүлүк мүлктүн түркүгү» деп бекеринен айтпаса керек.
Баса белгилеп кетчү нерсе – адилеттүүлүк, акыйкаттык өз убагынан кечиктирилбеши керек. Бул жааттагы эң жаман нерсе – аны кечиктирүү! Өрт өчкөн соң суунун кимге кереги бар дегендей, Өз маалында чыгарылбаган чечим, өз маалында көрсөтүлбөгөн акыйкаттык түккө арзыбайт. Мындай учурда өз убагынан кечиктирилген өкүм заалымдык болуп эсептелет. А заалымдык болсо бушаймандыкка, азап чегүүгө себеп болот. Алла Таала бизге эскертүү берет:
«Адилеттүүлүктөн адашкандарга келсек, алар тозокко отун кылынат» (Жин сүрөсү, 15-аят).
«Заалымдарга эч кандай жардамчы жок!» (Бакара сүрөсү, 270-аят).
«(Акыретте) заалымдардын досу да, сөзүн тыңдаган шапаатчысы да болбойт!» (Мумин сүрөсү, 18-аят).
Азирети Пайгамбарыбыз Мухаммад Мустафа (саллаллаху алейхи васаллам) заалымдык, зөөкүрлүк өтө чоң күнөөкөрлүк экенин мындайча түшүндүргөн:
«Заалымдык кылып туугандык карым-катышка жарака кетирүү адампендени акыретте тийиштүү жазага кириптер кылуу менен бирге бу дүйнөдө Алла Таала тарабынан бериле турган жазаны тездетет» (Абу Давуд, Адаб, 43/4902; Тирмизий, Кыяма, 57; Ибн-и Мажа, Зухд, 23).
Көптөгөн көрпенделер шумпайланып кооз сүйлөп, куйтулук менен кылган кылмышын жаап-жашырып, актанып кетишет. Адамдардын алдында актанганы менен мүлдө жандуу-жансызды көзөмөлдөп турган Алла Тааланын алдында кантип актанарын ойлошпойт бекен алар?!. Кылмышты пендеден жашырганыбыз менен Кудайдан жашыруу мүмкүн эместигин биле жүрүшүбүз керек 7. Пайгамбарыбыз Мухаммад Мустафа мындй деген:
«Мен деле силердей карапайым адаммын. А силер болсо иштерди тергеп берүүмдү талап кылып жатасыңар. Балким, айрымдарыңар акыл-эси кем бирөөнү жетелеп келип (алдамчылык менен) пайда көргүңөр келип жаткандыр. Эсиңерде болсун, мен укканым боюнча өкүм чыгарып, маселени пайдаңарга чечип беришим мүмкүн. Бирок мен укканыма ишенип башка бирөөнүн акысын кимдин пайдасына алып берип, өкүм чыгарган болсом, ага тозоктон орун бөлүп берген болом!» (Бухарий, Шахадат, 27, Хиял, 10, Ахкам, 20; Муслим, Акдия, 4).
Бул дүйнөдө пенденин сотунан айлакерликке салып кутулуп кеткендер Сот күнүндө «Соттордун Соту» Алла Тааланын алдында бардык жосунсуз жоруктарынын азабын мойну менен сөзсүз тартышат. Анда Азирети Пайгамбарыбыздын эскертүүсүнө назар салалы:
«Кимдин мойнунда диндеш биртууганынын абийри, ар-намысы же мал-мүлкүнө тиешелүү акысы болсо, алтын-күмүш табылбай турган күн келгенче (кыяматка чейин) аны менен адалдашып (ыраазылыгын) алсын. Болбосо, заалымдыгын жаба ала турганчалык өлчөмдө анын жарамдуу амалдарынан алынат (акысы барга берилет). Эгер жарамдуу сообу жок болсо, кордук көргөн диндешинин күнөөлөрүнөн алынып, анын мойнуна жүктөлөт» (Бухарий, Мазалим, 10, Рикак, 48).
«Кордук көргөн пенденин каргышынан өтө-өтө сак болгула. Анткени анын каргышы менен Алла Тааланын ортосунда эч кандай көшөгө жок» (Бухарий, Зекет, 41, 63; Магази, 60; Тавхид, 1; Муслим, Иман, 29, 31).
Мавлана олуя мындай дейт:
«Адилеттүүлүк деген эмне? Бак-даракты сугаруу. Заалымдык эмне? Тикенди сугаруу».
«Адилеттүүлүктү билбеген адам бөлтүрүктү эмизген эчкиге окшош».
«Эл ишенген сот пара алууга чындилден чечим чыгарды дегиче, заалым жабырлануучудан айырмаланбай калат».
Убактылуу кызыкчылыктын артынан түшүп акыйкатты тебелеген ким болбосун, өзүнө-өзү кудук казганга барабар. Акыйкатка артын салгандар балким болор-болбос пайда көрүшү мүмкүн. Бирок шибегени капка катууга болбосун, кыңыр иш кырк жылда билинерин, кан узатпасын, жемейдин кусмайы бар экенин убакыт өзү далилдеп келе жатат. Ошондуктан канчалык кыйын, канчалык татаал экенине карабастан адилеттүүлүктөн, акыйкаттан тайбай өмүр кечирүү ар бирибиздин мусулмандык милдетибиз.
Изгиликтин үлгүсү
Бир адам белгиленген мөөнөттөн мурда Алла Элчисинен аласасын доолап келет. Таалими тайыз болгондуктан Азирети Пайгамбарга өтө орой мамиле жасап, көңүлдү иренжите турган сөздөрдү айтканга чейин барат. Бул жагымсыз көрүнүшкө күбө болгон сахабалар аны эсине келтирип койууну көздөп жөөлөй баштаганда Жаратылыш Нуру (саллаллаху алейхи васаллам) аларды тосуп:
« – Жайына койгула муну. Акыйкатта өз акысын алганга чейин аласасы барлардын карыздар адамга сөз айтууга укугу бар» дейт (Бухарий, Истикраз, 7; Муслим, Мусакат, 118-122/1600-1601).
***
Жогорудагы окуянын башка бир вариантын Абу Саид ал-Худри баян эткен:
«Өмүрү таалим-тарбия көрбөгөн чөлдүк көчмөндөрдүн (бедуин) бири Азирети Пайгамбарыбыздан аласасын доолап келет. Адамча мамиленин ордуна орой сүйлөп жиберет:
– Карызыңды төлөмөйүн чейин тынчыңды ала берем!
Бул жагымсыз жагдайга карап туралбаган сахабалар бедуинди кекете башташат:
– Эй, тууган уялбайсыңбы каяша сүйлөгөндөн. Сен ким менен сүйлөшүп жатканыңды билбей жатат окшойсуң?!
– Мен өз акымды талап кылып жатам!
Сахабалардын кызуу кандуулукка алдырып баратканын аңдаган Алла Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам) акыйкатты жактайт:
– Эмне үчүн силер акысы бардын тараптары эмессиңиңер?
Азирети Пайгамбарыбыз Хавла бинт-и Кайска (Алла ага ыраазы болсун) адам жиберип, өз курмасы келгенде ордуна берерип айтып карызга курма сураттырат. Пайгамбардын кысталыш абалда калганына жүрөгү ооруган Хавла суралган өлчөмдөгү курманы берет. Ошентип бедуин аласасын алат, Пайгамбардын колунан даам сызгандан кийин:
– Карызыңды төлөп жакшы иш кылдың. Алла Таала сага мунун үзүрүн берсин! – деп батасын берет да, ыраазы боло жолуна түшөт.
Санаасы тынчыган Пайгамбар (саллаллаху алейхи васаллам) мындай деди:
«Карызын толук төлөгөндөр адамдардын жакшысы болуп эсептелет. Машакат чеккенине карабай алсызы өз акысын ала албаган коом эч качан оңолбойт....» (Ибн Маажа, Садакат, 17).
Азирети Мухаммад Мустафа Алла Тааланын ардактуу Элчиси болгонуна карабастан айрым учурларда карыз алууга мажбур болгон. Негизинен ал карызды төмөнкү себептерден улам алган:
а. Жардам сурап кайрылган бей-бечаралардын жана жетим-жесирлердин муктаждыгын камсыздоо.
б. Карызды кантип алып, кандай жолдор менен төлөө керектигин адамбаласына үйрөтүү үчүн.
***
Нуман бин Башр (Алла ага ыраазы болсун) баян этет:
«Атам мени Алла Элчисине алып барды да: – Менин карамагымдагы бир кулду уулума тартуу кылдым – деди. Сөздү кунт койо тыңдаган Пайгамбар атама суроо узатты:
– Бул уулуңа бергениңди башка балдарыңа да бердиңби?
– Жок, ушул уулума гана берип жатам.
– Андай болсо, оюңдан кайт! Мени күбөгө тартпа. Мен заалымдыкка күбө боло албайм! – деди (Бухарий, Хиба, 12, Шахадат, 9; Муслим, Хибат, 9-18).
Башка булактарда Азирети Пайгамбарыбыз мындай деген: «– Алла Тааладан корккула! Балдарыңарга тегиз, адилеттүү мамиле кылгыла!» (Муслим, Хибат, 13). Бул баарлашуудан кийин атам мага ыйгарган тартуусун дароо кайтарып алды.
***
Сахабалардын бирөө Азирети Пайгамбарыбыздын жанында олтурган. Бир маалда тестиер бала келди. Сахаба уулун кучактап өптү да тизесине отургузду. Көп өтпөй кичинекей кызы келди. Аны жөн гана жанына отургузуп койду. Жагдайга күбө болгон Пайгамбар (саллаллаху алейхи васаллам) бирин экинчисинен жогору койбой, перзентке тегиз мамиле кылуу керектигин эскертти:
«– Балдарга адилеттүү мамиле кылуу керек эмеспи?!» (Тахави, Шарху ма-ани-л асар, IV, 89; Байхаки, Шуабул-Иман, VII, 468; Хайсами, VIII, 156).
***
Бир мусулман Алланын ардактуу Элчиси менен ымандай сырын бөлүшкүсү келет. Жолугушкан маалда мүмкүнчүлүктөн пайдаланып көңүлүн өйүп жүргөн маселени айтат:
– Пайгамбарым, менин бир топ кулум бар. Алар ар дайым жалган сүйлөйт, жамандыктан башы чыкпайт, анысы аз келгенсип мага каршылык көрсөтүшөт. Мен кыжырым кайнагандыктан аларды зекип, сөгүп-кагып, ур-токмокко алам. Мунун айынан акыретте менин абалым эмне болот?
– Алардын сага каршы жасаган кыянаттыгы, жалганчылыгы жана жамандыгы менен сен берген жаза акыретте таразага коюлат. Эгер сенин жазаң алардын айыбы менен тең чыкса, анда зыян тартпайсың, пайда да көрбөйсүң. Сенин жазаң алардын айыбынан аз болуп калса, бул да сенин пайдаң. Бирок, алардын күнөөсүнөн сенин жазаң ашып кеткен болсо, ортодогу айырма сенден кысас жолу менен алынат» деген жоопту уккан сахаба эчкире ыйлап кирет. Акыйкаттыкты дагы да таасым түшүндүрүү үчүн Азирети Пайгамбарыбыз береги аятты окуйт:
«Биз кыямат күнү туура таразаларды жайгаштырабыз. Эч кимге заалымдык кылынбайт. Сары кычы данынын салмагындай эле амал болсо, аны (адилеттүү таразага) алып келебиз. Биз толук жетише турган Эсепчибиз! 8».
Аятты уккан адам мындай дейт:
– Пайгамбарым, чынын айтайын, жакшылап ойлоп көрсөм, аларды эркиндикке чыгаргандан өтөрү жок окшойт. Өзүң күбө бол, алардын баарын азат кылдым! (Тирмизий, Тафсир, 21/3165).
Кул да адам болгондуктан, Исламдын эреже-жоболоруна ылайык кожоюн кулду дал өзүндөй жедирип-ичирип, кийиндиши керек. Ошондой эле күчү жетпеген ишти жүктөп ага заалымдык кылбашы керек. Ислам дини алып келген укуктук бул изги системага ылайык кул кармоо салты убакыттын өтүшү менен жоюлуп жок болгон.
***
Ирбаз бин Сарийа (Алла ага ыраазы болсун) баян этет:
«Айрым сахабалар менен чогуу Хайбардын мунарасына бардык. Хайбар элинин башчысы тыңсынган текебер киши экен. Алла Элчисинен сурады:
– Эй, Мухаммад! Биздин качырларыбызды сойгонго, мөмө-жемиштерибизди жегенге, аялдарыбызды сабаганга укугуңар барбы?
Муну уккан Азирети Пайгамбардын ачуусу келип чукулдан буйруп берди:
– Эй, Ибн Авф! Атыңа мин! «Кабарыңар болсун, бейиш момун мусулмандарга гана адал. Намаз окуу үчүн жыйналгыла!» деп элге жар сал!»
Топтолуп келген жамаатка Алла Элчиси өзү имам болуп намаз окулду. Намаздан кийин Алла Элчиси жамаатка кайрылды:
«Араңардан бирөөлөр (жумшак) төшөккө олтуруп алып Курандан тышкары Алла Тааланын көп нерселерге арам деп тыю салганын капарына албай жүрөт окшойт. Аллага ант болсун! Кабарыңар болсун, мен силерге көп нерселерди айтып жеткирдим, бир топ нерселерге тыю салдым. Булар Курандан бир тамчысындай нерседир, балким, андан да көптүр. Китеп ээлеринин (христиан жана жөөттөр) үйүнө уруксатсыз кирип барууга Жараткан Алла тыю салган. Алардын аялдарын сабаганды, салыгын төлөгөндөн кийин алардын карамагындагы мөмө-жемиштерди жеп коюну арам кылган!» (Абу Давуд, Хараж, 31-33/3050).
Өз душмандарынын пайдасын көздөп, укугун коргоо үчүн адилеттүүлүктү буйруган динибиз кандай гана улуу дин! Мусулман пенде акыретте оор суракка тартылаарын ойлоп каапырга да болсо заалымдык кылуудан астейдил сак болушу керек...
***
Азирети Алинин агасы Жафар бин Таййар (Алла ага ыраазы болсун) алгачкы мусулмандардын катарына кирет. Мекке каапырларынын зөөкүрлүгүнө, кордугуна чыдабай жубайын алып Хабашстанга (Эфиопияга) көчүүгө аргасыз болот. Көп жылдар бою Хабашстанда жашаган Жафар бин Таййар улуу көчтүн жетинчи жылы Мединага кайтат. Күндөрдүн биринде ал Азирети Пайгамбарыбыздын өтүнүчү боюнча береги окуяны баяндап берет:
«Беш-алты адам болуп чогуу олтурганбыз. Башына суу куюлган идиш көтөрүп улгайып калган кечил жаныбыздан өтүп бараткан. Дал ошол маалда каршы тараптан келаткан жаш улан өтө берип кечилди түртүп жиберди эле ал жыгылып, башындагысы жерге катуу урунгандыктан сынып калды. Биз жетип баргыча ордунан турган кечил берки жигитке кыжырлуу карап:
– Эй, заалым! Эртең Алла Тааланын Тактысы ортого курулган маалда, жашап өткөн бардык адамзат бир жерге жыйналып, колуң да, бутуң да кылмышыңды тастыктаган учурда жана жабыр тарткандардын акысы заалымдан алынган кезде, бул окуя кандайча акыйкат чечилерин ошондо көрөсүң! – деди.
Муну уккан Жаратылыш Нуру (саллаллаху алейхи васаллам) мыйыгынан жылмайып мындай деди:
–Ал аял туура айткан. Ооба, туура айткан. Алсыздардын акысын күчтүүлөрдөн алып бере албаган коомду Алла кантип тазага чыгарсын?!» (Ибн Мажа, Фитан, 20; Абу Яа-ла, Муснад, (Асад), IV, 7-8; Ибн Хиббан, ас-Сахих (Арнаут), XI, 443-444).
***
Хайбар казаты аяктагандан кийин Алла Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам) Абдулла бин Раваханы Хайбарга жөнөтөт. Жиберилген өкүл жергиликтүү тургундарга чогултула турган курма өлчөмүн жарыя кылат. Эл убакытты создуктурбастан курманы чогултула баштайт. Хайбарлык айрым жөөт багбандар Абдулла жарыя кылган өлчөмдү бергилери келбей тынчсыздана баштайт. Бул маселени өз кызыкчылыгына чечүү үчүн көпчүлүгү аялдарынын, кыздарынын кымбат баалуу, жасалгалуу зер буюмдарын топтоп, пара катары Абдуллага сунуш кылышат:
– Буларды чөнтөккө салып кой тууган. Эл алдында курманы тартып жаткан маалда бизге бираз жеңилдик көрсөткөнгө аракет кылып, таразага көз жумуп койо бер!
Мындай арам ишке аралашууну кыялданып көрбөгөн Абдулла:
– Аллага ант болсун! Көптөгөн кемчликтериңерден улам силерге катуу ачууланганым эч кандай жеңилдикке жол ача албайт. Мен эч убакта калыстыкты аяк асты кылбайм! Силердин мага сунуштап жаткан белегиңер пара болуп эсептелет. Пара болсо арам. А биз арамды эч качан жебейбиз! – деп сунушту да, параны да четке кагат. Аргасы түгөнгөн жөөт багбандары айтылган өлчөмгө макул болушат. Жөттөрдүн арасынан көптү көргөн бир көсөмү Абдуллага мындай дейт:
«– Мына ушул адилеттүүлүк менен тактыгыңар өлбөсө, асман да, жер да өз нугунда жашай берет» (Муватта, Мусакат, 2).
***
Византия королу Геракл көп сандагы аскер менен кол салат экен деген каңшаар мусулмандардын тынчын ала баштайт. Мусулмандар чукул кеңеш өткөпүр, төлөгөн салыгын Хумус элине кайтарып беришет.
– Ушу тапта бизди душман тооруп турат. Алар бизге кокустан кол салышы мүмкүн. Биз бул салыкты силерди душмандан коргоого кепилдик катары алган элек. Силерди коргоп калууга чама-чаркыбыз жетпейт. Андыктан салыгыңарды кайтарып алгыла да, өз жаныңардын айласын өзүңөр көргүлө – дешет.
– Кудайга ант этебиз! Силердин башкарууңар жана адилеттүүлүгүңөрдүн мурдатан бизди эзип, кордоп келген зордукчул өкүмгө сашылтырмалуу асман менен жердей айырмасы бар. Биз Гераклдын аскерлерине каршы силердин шаарыңарды коргоого жардам берели. Бизди кайра өз карамагыңарга алгыла... – деп катаал жагдайды кайгыруу менен кабыл алган Хумус калкы кол кабыш кылуу максатын билдирет.
«Тооратка ант болсун! Биз кол көтөрүп жеңилип бермейин Гераклдын аскери Хумус шаарына кире албайт» де арсыз айла-амалга салган шаардын жөөттөрү бул кырдаалдан башка жол менен чыгып кетүүнү чечишет. Чечимге ылайык, шаардын дарбазаларын кулпуланып, бийик мунараларга куралдуу күчтөр жайгаштырылат.
Мусулмандар менен тынчтык келишимин түзгөн башка шаарлардын христиан жана жөөт коомчулугу да Хумустуктардын жолоюна салышат. Булар Гераклдын колу жеңишке жетсе, кайрадан мурункудай кордукчул, зордукчул заманга кириптер болобуз, эгер жеңиш мусулмандар тарапка ооп кетсе, мурунку келишимибизди кайрадан жаңылап алабыз деген ойго токтолушат.
Кудуреттүү Алланын жазмышына ылайык каапырлардын күлү көккө сапырылып, мусулмандар жеңишке жеткенден кийин жөөт, христиан коомчулугунун баары шаарларын мусулмандарга ачып, жеңиш салтанатын кошо майрамдашат. Өздөрү кеңешип мерчемдегенгей, мурунку келишимди жаңылап, салыкты кайрадан төлөй башташт 9.
Тарыхый тастыктагандай, мусулмандар мындай адилеттүүлүктү Хумуста гана эмес, баш ийип келген башка аймактарда да жүзөгө ашырган.
***
Малик бин Динар (Алла ага ырайым кылсын) баян этет:
«Умар бин Абдулазиз халифалык такка отурары менен көчмөн араптар (бедуин):
– Мусулман жамаатын башкаруу жоопкерчилигин бир салих инсан мойнуна алды – дешет.
– Аны кантип билдиңер? – деген суроого:
– Мал-жандыктын баары бейпил тартып калышты – деген жоопту узатышат.
Мухаммад бин Убайда (Алла ага ырайым кылсын) бул окуяны мындайча тактаган:
«Умар бин Абдулазиз халифа болуп турган маалда Кирман аймагында кой бакчумун. Халифанын жандүйнөсүнүн пакизалыгы жана адилеттүүлүгү себептүү кудум кой менен карышкыр чогуу жүргөндөй бейпилдик өкүм сүрө баштады. Адаттагы түндөрдүн биринде койго капыстан карышкыр тийди. Абдан таң калдым. Дал ушул маалда бүткүл дүйнө бейпилдигин жана коопсуздугун жоготуп алгандай туюлду. Анан ошо маалда: «Ушу мен жакшы көргөн Алланын сүйүктүү кулу, ошол халифанын көзү өткөн окшойт!» деген туюм мени ичиркентип жиберди. Анан иликтеп көрдүм, чын эле халифа Умар бин Абдулазиз ошол түнү дүйнө салган экен».
***
Карапайым бир инсан Алланын сүйүктүү олуясынын жанында олтуруп зордукчул заалым, каардуу башкаруучу Хажжажды ашата сөгүп, ага акаарат келтирет. Олуя зат ага береги ибаратты айтат:
«– Ага ашкере акаарат келтирбе! Анткени Кудай Таалам адамга болобу, мал-жанга болобу, заалымдык кылган жанагы Хажжажга тийиштүү жазасын берет. Акыйкат өз ордун табат. Сааты келгенде Жараткан Алла Хажжаждын абийрине, ариетине доо кетиргендерге да жазасын берет. Ошондуктан сөздү абайлап сүйлөп жүр!»
Турмуш деген турмуш.. Кордук тарткан адам пендечилик кылып азап тарттырган заалымды ашкере жектеп, анын артынан чектен чыккан сөздөрдү айтып, ага акаарат келтириши мүмкүн. Мындай жагдайда жапа тарткан адам заалымдай эле күнөөкөр деп табылышы ыктымал. Дагы да чектен чыга турган болсо, заалым акыретте андан өз акысы ала турганчалык абалга жетиши да мүмкүн 10.
Жараткан Алла Таала мындайча буйруйт:
«...Ким силерге кол салса, силер да сокку ургула, бирок Алладан корккула! Алла – такыбалар менен бирге» (Бакара сүрөсү, 194-аят).
«Эгер душманыңарга жаза бере турган болсоңор, өзүңөргө көрсөтүлгөн кордуктун чегинде гана жазалагыла. Эгер сабыр кыла турган болсоңор, албетте бул өзүңөр үчүн абдан жакшы» (Нахл сүрөсү, 126-аят).
***
Күндөрдүн биринде Таламсан падышасы Султан Яхя сарай билермандары менен чогуу шаарды кыдырып чыгат. Падышанын жана жасоолдордун алаамат сүрү жана кадыр-баркынын алдында Султанга сый-урмат көрсөтүү үчүн баары тегиз ордунан туруп: «Көп жаша падышам!» деп таазим кылышат. Дал ошол маалда падышанын назары дүйнөдөн бейкапар көпчүлүктөн оолак турган бир пендеге түшөт. Жүзүнөн нур тамылжыган ал адамдын ким экендигин шаар акиминен сурап:
– Падышам. Ал Тунистен келген атактуу динаятчы. Тоодо жалгыз жашайт деген жоопту алат.
Падышаны ал адамдын купуя турмушу кызыктырды белем, тизгинди көпчүлүктөн оолак турган динаятчы тарапка бурат. Жандүйнөсүнө бүлүк салган суроону сурагысы келет:
– Билгиним, мен кийип турган мынабул жибек кийим менен намаз окусам болобу?
Динаятчы падышанын суроосуна жооп бергиси келбей:
– Бул маселени сарайдагы молдоңуздан сурап алганыңыз дурус – деп койот сыпаа гана. Бирок падыша деген падыша экен. Көшөрүп суроолуу тигилгенинен улам каймана түрдө болсо да жооп берүүнү туура көрөт:
– Бир итти элестетип көрүңүз. Ал талаада өлгөн малдын тарпын таап алат да, баса калып жеп кирет. Натыйжада ичи-сырты ыпластыкка толгон ит өзүнө чаң жугузгусу келбей төрт шыйрагын жерге тийгизбөөнү самайт!
Ачуусу келген падыша аалымга айкырат:
– Эй, сен эмне дегиң келип жатат?!
– Сиздин ашказаныңыз менен дене-турпатыңыз өтө оор арам нерселер менен азыктанып, мойнуңузда элдин тоо көтөргүс акы-укугу бар, жеткен заалымсыз дегим келип жатат. Сиз бул жактагы абалды эске алгыңыз келбей, жибектен тигилген кийим менен намаз окуунун туура же натуура экендигин сурап олтурасыз!
Акыйкатты уккан падыша телмирип ойго батып, ак сөздүн таасирине биротоло арбалып калат. Дээриндеги чечкиндүүлүк сапаты ушул жерден оргуштап кетет, кийип турган саймалуу жибек чепкенин чечип жерге урат. Белиндеги алтын жалатылган кылычын кыны менен чечип салат да, таң калган элге кайрылат:
– Оо, калайык мусулман журтчулугу! Силерден суранаарым, мендеги акыңарды кечкиле жана өзүңөргө адилет кызмат кыла ала турган падыша таап алгыла!
Яхя падыша сөз баккан динаятчынын таалимине жандилден берилип, жүрөгү агарып, алда канча рухий жолду арбытат. Буга көзү жеткен Тунистик динаятчы дуба кылып коюну өтүнгөн калкка:
– Яхянын батасын алгыла. Эгер мен анын ордунда болгонумда, жанагындай чечкиндүүлүккө бара албас элем. Эгер падышалар ал багынткан рухий бийиктикке көтөрүлө алганда алар да Яхя сымал бүт нерсени кечип жиберишмек – дейт.
***
Селчук султаны Алуддин Кейкубад шаарга бийик мунаралуу чоң сепил курдурат. Курулуш аяктаган соң анын ачылыш салтанатына Азирети Мавлананын атасы Баха-уддин Валадды чакырат. Чакыруудагы максат, мунараны көрсөтүү жана пикирин билүү эле. Баха-уддин Валад устат курулгандын баарын көрөт да, мыйыгынан жылмая буларды айтат:
– Курган сепилиңер албууттанган селден жана душмандан коргонууга бир кыйла турушутук бере ала тургандай көрүнөт. Айтчы, султан мырза, сен кол астыңдагы акы-укугу тебеленгендердин, кордук тарып көз жаш төккөндөрдүн каргышына каршы кандай чара көрдүң? Жабыр тарткан бечаралардын каргышы сенин мынабул сепилиң сыяктуу бир гана сепил же муранары эмес, миңдеген сепилди жарып өтүп, дүйнөгө алаамат апкелет.
Эң жакшысы сен адилеттүүлүктүн жана жакшылыктын бийик мунарасын, урабас сепилин кур. Ибадаткөй, дубакөй аскер кураганга аракет жаса. Бул айтылгандар эң ишенимдүү деп эсептелген сепилден да пайдалуу. Анткени эл-журттун жана дүйнөнүн саламаттыгы, тынчтыгы дубакөй аскерлер аркылуу камсыздалат.
***
Жыйынтыктап айтканда, кысым, зордукчулдук канчалык ишенимдүү, канчалык жеңил көрүнбөсүн, арты кууш келип түнт караңгылыкка алып барат. А адилеттүүлүк, акыйкаттык канчалык кыйын, канчалык машакаттуу көрүнбөсүн, нары жарык, нары изги натыйжаларды берет. Кайсы гана жерде болбосун ар дайым, адилеттүү мамиле кылган мусулман Алла Тааланын ыраазылыгына татып, элдин сүйүүсүнө арзыйт.
Напсиге жетеленип, акыйкатка, адилеттүүлүккө далысын салган карамүртөздөр жеккөрүмчүлдөктөн, каргыштан жана Жараткандын каарынан башка эч нерсе таба албайт. Өкүмзордук, зомбулук менен алынган байлык заалымды акыретте чоң азапка кириптер кылат.
Кечиримдүүлүк жана кемчиликтерди жашыруу
Адамдардын кетирген кемчилигин, катасын кечирүү жана кандайдыр бир айыбын жашыруу айкөлдүктү даңазалаган маанилүү касиет болуп эсептелет. Жараткан Аллага жаккан бул бул изги касиет ыймандын жана ахлактын деңгээлинин жогорулугунан кабар берет. Анткени Алла Таала Өзү кечиримдүү. Анын кечиримдүүлүгүн «ал-Афув» көзөл ысымынан (асмаул-хусна) билсек болот. Аятта мындайча буйрулган:
«(О, Элчим!) Кечиримдүү бол! Жакшы жана жагымдуу нерселерди буюр! Наадандардан жүз үйрү!» (Аараф сүрөсү, 199-аят).
Кечиримдүүлүк – Алла Тааланы сүйүүнүн жана Анын Улуу Ысмынан ахлактык үлүш алуунун жыйынтыгы. Мүлдө макулукка Жараткандын назары менен карай билүү кечиримдүүлүктүн пайдубалын түптөйт.
Кечиримдүүлүк – жазалоого ылайыктуу болгонуна карабай айыпкерди кечирип жиберүү. Бул өңүттөн алганда напсинин тукуруусуна азгырылбай кечирим жолун тандоо ошол эле маалда башкаларга да сабак болот.
Жараткан Алла Таала пенделеринин кечиримдүү болушун каалайт. Кечиримди сүйгөн момун мусулманды өрнөк пенде катары сыпаттайт. Анткени ал чындыгында өтө кыйын ишке барып, напсинин күчүнө туруштук берип кечиримдүүлүк жана айкөлдүк сапатка ээ болушат.
«Кимде-ким сабырдуулук кылып, кечире билсе, анын бул иш-аракети шексиз үлгүлүү иштерден болуп эсептелет» (Шуара сүрөсү, 43-аят).
«(Эй, Пайгамбар!) Эми, сен аларга сылык, кечиримдүү бол жана жакшы мамиле кыл!» (Хижр сүрөсү, 85-аят).
«(Ал такыбаа пенделер) молчулукта болсун, жокчулукта болсун, Алла үчүн кайрым кылат, ачуусун басып, адамдарды кечиришет. Кайрымдуу жандарга Жараткан Алланын албан сүйүүсү бар» (Аали Имран сүрөсү, 134-аят).
Азирети Пайгамбарыбыз Мухаммад Мустафа (саллаллаху алейхи васаллам) өзүнүн хадисинде мындай деген:
«Садака берүүдөн мал-мүлк кемип калбайт. Пендезат башкалардын жаңылыштыгын кечирген сайын Алла Таала анын баркын көтөрөт. Кимде-ким Алла Таала үчүн айкөлдүк кылса, Алла анын даражасын көтөрөт» (Муслим, Бирр, 69; Тирмизий, Бирр, 82).
Кудай Таала жаза берүүгө дарамети жетип турганына карабай пенделердин кемчилигин кечирген жандын кадыр-баркын көтөрөрү хадистен ачык-айкын маалымдалган. Кетирилген кемчиликтерди унчукпай кечире билүү алгач оркойгон жаңылыштык катары көрүнгөнү менен түпкүлүгүндө зор артыкчылык. Азирети Мавлана кечиримдин артындагы сырды минтип түшүндүргөн:
«Жараткан Алланын ырайымы каарынан ар дайым жогору экенин жакшы билерсиң. Мына ошол себептен бардык пайгамбарлар каршы чыккан душман атпайды жеңип алышкан. Балээни жана келишпестикти кекчилдик же заалымдык менен жою мүмкүн эмес. Тескерисинче, кечиримдүүлүк, айкөлдүк менен арылууга болот. «Кайыр-садакалар балээни жок кылат 11» деген Пайгамбар сөзү эсиңде болсун. Мындан ары оорудан айыгуунун, балээден арылуунун усулун унутта калтырба...»
«Устатым (шейхим) Атпазари Осман мырза: «Адамзаада Жараткан Аллага болгон мамиледе моюн сунууну жана жандилден ыраазылыкты, эл менен болгон мамиледе кечиримдүүлүктү жана боорукерликти эреже катары тутунушу керек» деп эскерет атактуу суфи Бурсеви (Бурсеви, I, 238, Бакара сүрөсүнүн 177-аятынын тафсиринде).
Жана дагы ачуулуу учурда, ачуу үстүндө кечире билүү – нукура изгилик, накта нарктуулук. Жаратылыш Нуру (саллаллаху алейхи васаллам) мындай деген:
«Күрөштө атаандашын жеңген жигит эмес, ачуусун жеңе алган адам чыныгы жигит болуп эсептелет» (Бухарий, Адаб, 76; Муслим, Бирр, 107, 108).
«Каалаганын орундатууга күчү жетип турганына карабастан ачуусун баса алган пендени Алла Таала кыямат күнү көпчүлүктүн алдында чакырып, үр кыздардын ичинен каалаганын тандоо укугун берет» (Абу Давуд, Адаб, 3/4777; Тирмизий, Бирр, 74; Кыямат, 48; Ибн Мажа, Зухд, 18).
Алла Элчиси коом менен болгон мамиледе ар дайым жеңилдикти тандап, кыйынчылык туудурган маселелерден качуу менен кызуу кандуулукка жол берген эмес. Дин душмандарын эч бир жазага кириптер кылбай туруп кечирип жибериши, күнөө менен кемчиликтерди адамдардын абалына жараша жана өзүнө таандык ийги усул менен жөнгө салышы анын дин жолундагы көсөмдүгүн жана иш билгилигин айгинелейп келет. Ал колго түшкөн туткундарды кечирип, жеке өзүнө жамандык бапестеп, түркүн азапты тарттырып таш менен ургандарды аш менен сыйлап, мээримдүүлүк жана боорукерликтин мыкты үлгүсүн көрсөтө алган.
Жаңылыштык менен кемчиликти кечире билүүнүн түпкүлүгүндө жамандыкка жакшы мамиле кылуу, жадагалса жамандык жасаган тараптын анык Ислам жолу менен жашап кетиши үчүн дуба кылуу сыяктуу өзгөчө артыкчылык болушу керек мусулман баласында. Айрымдар муну такыр мүмкүн эместей сезип, мушка муш менен жооп кайтаруу принциби менен жашоону туура көрүшү ыктымал. Бирок буга Азирети Пайгамбарыбыздын Таифке баргандыгын, Таиф элинин аны ташбараңга алгандыгын, кансырап, жараат алгандыгына карабай бул элдин Ислам жолуна түшүшүн Жараткандан тилеп жалбаргандыгын мисалга тартуу жетиштүү деп ойлойбуз. Жана ошондой эле динди жаңы кабылдаган мусулмандарды кайнаган аптапка кызыган кумга тирүүлөй көөмп, ит чыдагыс азаптарды тарттырган Меккелик мушриктерди Алла Элчиси эч убакта каргаган эмес, керисинче, аларга Исламды насип кылышын Жараткандан тилеп, жалбарганы жалбарган эле. Ардактуу Пайгамбарыбыздын көз жаш төгүп тилеген дубасынын берекеси менен көптөгөн каапырлардын Исламды кабыл кылышы тарыхтагы кашкайган чындык эмеспи.
«Салих-жарамдуу амалдарды аткарып, «Мен Алла Таалага моюн сундум» деп, пенделерди Акка чакыргандан өткөн чынчыл жан болушу мүмкүн эмес! Жакшылык менен жамандык тең эмес. Сен жамандыкты эң ийкемдүү ыкма менен тосууга аракет кыл. Мына ошондо, айрым келишпес душмандарың жакын доско айланат» (Фуссилат, 33-34-аяттар).
Жаратылыш Нурунун (саллаллаху алейхи васаллам) ахлактык көрөңгөсүнүн бийиктигин чагылдырган береги хадис мусулмандарга изги жолду көрсөтүп келет:
«Жакшылыкка жакшылык, заалымдыкка зулумдук кылабыз!» деп башкаларды ээрчиген адамгерчиликсиз пенделерден болбогула! Бирок өзүңөрдү жакшылык кылгандарга жакшылык кылууга, жамандык кылгандарга жамандык кылбоого көндүргүлө!» (Тирмизий, Бирр, 63/2007).
Пайгамбарым айткандай, жакшылыкка жакшылык, жамандыкка жамандык кыпындай да пайда алып келбейт. Нукура изгилик жамандык кылгандарга, жаман ниети барларга ийкем мамиле жасап, колдон келген жакшылыкты көрсөтүүдө жатат. Мунун арты менен душманыбыз болсо, доско айланат, эгер ортодогу адам болсо, дагы да жакындайт, а эгер эң жакын адамыбыз болсо, анда ынтымак, сүйүү өтмө катар ширелишет.
Кечиримдүү болууда өтө маанилүү жагдайды эстен чыгарбоо зарыл. Кечирүү же айыпка көз жумуп кою жеке мамилелерде гана козголо турган тема болуп эсептелет. Эгер айып, күнөө жалпы коомго багытталган болсо, анда айыптууну кечиргенден көрө аны түзөлтүүгө аракет кылуу, туура менен жаңылышты ачык далилдеп адилеттүүлүктү камсыз кылуу туура кадам болуп эсептелет. Эгер оор кылымышы бар деп эсептелген айыпкерге кечирим бериле турган болсо, андан да чоң адилетсиздикке сөзсүз жол ачылары шексиз.
Дагы бир маанилүү жагдай – бул момун мусулман адамдын айыбын иликтөөчү эмес, кемчиликтерин жашыра билген ак ниет болушу керек. Тубаса кемчиликти шылдыңдабай, керисинче анын абалынан сабак алуу чоң жетишкендик. Алла Таала жамандык атпайдын жайылышына тыю салган:
«Момун мусулмандардын арасында уятсыздыктын жайылышын каалагандарга эки дүйнөдө тең жанчыдагыс азап бар!» (Нур сүрөсү, 19-аят).
Эми, Азирети Пайгамбарыбыздын хадистерине назар салалы:
«Кимде-ким бул дүйнөдө бир пенденин кемчилигин жашырган болсо, кыяматта Алла Таала анын айыбын жашырат» (Муслим, Бирр, 72).
«Кимде-ким досунун кемчилигин жашырса, Алла кыяматта анын кемчилигин жашырат. Кимде-ким мусулман биртууганынын айыбын ачса, Алла Таала анын айыбын ачыкка чыгарат. Жадагалса үйүнүн ичинде жасаган жоруктарын дагы ачып, шермендесин чыгарат» (Ибн-и Мажа, Худуд, 5).
«Кимде-ким диндеш биртууганын күнөөсү (бирок ага тообо кылган болсо) себептүү айыптаган болсо, ал дагы ошол күнөөнү жасамайын өлбөйт» (Тирмизий, Кыямат, 53/2505).
Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) кишинин кемчилигин жашыра билүүнүн артыкчылыгын мындайча маалымдаган:
«Момун мусулмандын айыбын жашыруу – бул топуракка тирүүлөй көмүлгөн кызын жер астынан чыгарып, тирилткенге тете» (Ахмад, IV, 153, 158; Абу Давуд,Адаб 38/4891).
«Маркумду жууган кезде көзгө урунган жагымсыз абалды жашырган пендени Алла Таала кырк жолу кечирет» (Хаким, I, 506/1307; Байхаки, ас-Сунанул-кубра, III, 395).
Адамдын пенделик, үй-бүлөлүк, көмүскөдөгү жана башка абалын изилдөө чыр-чатактын келип чыгышына, үй-бүлөнүн ураганга жеткириши толук ыктымал 12. Кемчилиги билинип, эл-журтка маалым болгон соң адамдын уялуу сезими акырындап өчө баштайт. Ариетин жоготкон адамдан бардык нерсени күтүүгө болот. Өзүнөн, коомчулуктан чочулабаганын, элдин жаман ойлоп турганын билген сайын пенде ар кандай жаман иштерге кадам ташташы ыктымал. Анткени аны шайтан тукуруп, кекчилдикти, өчүгүүнү өркүндөтүп жибериши турган иш. Мындай жараян жакшы натыйжа алып келбейт.
Жашоодогу дагы бир маанилүү нерсе – адам пендечилик кылып өзүнүн кетирген жаңылыштыгын эч убакта элге жар салбашы керек. Анткени Алла Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам) мындай деген:
«Жасаган күнөөлөрүн жар салгандардан башка бардык үммөтүм кечиримге ээ болот. Түнү жасаган күнөөсүн Жараткан Алла Таала жашырганына карабастан эртелеп туруп: «Мен кечээ түтү палан иштерди жасадым» деп айтышы ашкере күнөөкөрлүк. Болбосо анын түнкү күнөөсүн Алла Өзү кечиргенин аңдабай, таң атары менен өз айыбын өзү ачкан болот» (Бухарий, Адаб, 60; Муслим, Зухд, 52).
Жасаган күнөөсүн кудум бир чоң ийгилик катары же мыкты өнөрү бардай жарыя кылуу жамандыкты жарыялоо дегендикке жатат. Башта айтылгандай, Жараткан Алла Таала жамандыктын жайылышына көмөкчү болгондорду катуу азапка салаарын эскерткен. Бул дүйнөдө жасаган күнөөсүн уялуу менен жаап-жашыргандарды Алла Таала шерменде кылбайт деген үмүт бар.
Айрым адамдар ибадатка олуттуу маани бергени менен Кудай Тааланын маанилүү «Сатрул-уюб/айыптарды жашыруучу, кечирүүчү» сыпатын анчейин капарына албай келишет. Ошол себептен рухий өңүттөн талаптагыдай өнүгө алышпайт. А аныгында айкөлдүк, кечиримдүүлүк, айыпкердин айыбын, адамдын тубаса майыптыгын же кем жаратылган тарабын жашыра билүү анык мусуландык сапат болуп эсептелет. Ошондуктан баарыбыз Алланын буйругуна моюн сунуп, кемчиликтерди кечире билип, айкөл болушубуз керек.
Изгиликтин үлгүсү
Ибн Умардын (Алла ага ыраазы болсун) айтуусуна караганда Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) мындай деген:
«–Кыямат күнү момун мусулмандын Жараткандын жакшылыгына жана ырайымына ашкере жакындаганын ушундан билиңиз, Алла Таала аны айкөлдүгүнө алып элден жашырат жана күнөөлөрүн мойнуна алдырат:
«– Мынал бул күнөөлөрдү билесиңби? Мына бул күнөөнү билесиңби?»
«– Билем, оо, Жараткан!» деп жооп кайтарат пензедат. Алла Таала ага мындай дейт:
«– Мен сенин бул күнөөлөрүңдү аркы дүйнөдө жашап жүргөнүңдө эле жашырып койгон элем. Бүгүн муну кечиремин!» Андан соң ага жакшылыктары катталган дептер көрсөтүлөт» (Бухарий, Тафсир 11/4; Адаб 60; Тавхид 36; Муслим Тавба, 52; Ибн-и Мажа, Мукаддима 13).
***
Меккелик бутпарастардын каршылыгы, чектен чыккан кордугу Жаратылыш Нурун (саллаллаху алейхи васаллам) ашкере кыйнап жибергендиктен арка-жөлөк болор жан чыгып калаар деген ниетте Таифке барат. Таифтин наадан калкы, тилекке каршы, Алла Элчисине өчү бардай каршылык көрсөтүп, ташбараңга алышат. Кийими тытылып, кепичи канга толуп, оор жаракат алган Пайгамбар сыздап-сызап, аргасыздан түтөп артка кайтат. Сүйүктүү Пайгамбырынын жүрөгү ооруп турганын көргөн Кудай Таала эгер кааласа, эки тоону көчүрүп Таиф элин жер менен жексен кыларын билдирип Жабраилге кошуп кирпик ирмегиче тоолорду томкоро турган периштесин жиберет. Өзүн жарадар кылган түркөй элден көңүлү калганына карабастан ааламдарга мээрим катары жиберилген Пайгамбарыбыз:
«– Жок, андай болушун эмес, алардын урпагынан эч убакта ширк кошпой турган ибадаткөй пенделердин чыгышын Алла Тааладан тилейм!» дейт (Бухарий, Бадул-халк, 7: Муслим, Жихад 111).
Алланын ыраазылыгы үчүн кечиримдүү болуу Азирети Пайгамбарыбыздын эң негизги урааны эле...
***
Азирети Аиша эне (Алла ага ыраазы болсун) минтип эскерген:
«Алла жолунда согушууну эске албаганда аялдарынын жана кызматчыларынын эч бирине Азирети Пайгамбарымдын (саллаллаху алейхи васаллам) колу тийген эмес. Жамандык кылган жандан өч алуу мындай турсун, жадагалса, катуу сүйлөчү эмес. Бирок Алла Тааланын буйругун аяк асты кылынганын көрдү дегиче, Жараткандын атынан ага сөзсүз жаза берер эле» (Муслим, Фадаил 79; Абу Давуд, Адаб 4; Ибн-и Мажа, Никах 51).
***
Эки төөсүн жетелеп тоо жактан шыр жүрүп келген бир бедуин түз эле Пайгамбар мечитинин алдына келип төөлөрүн чөгөрөт. Адамгерчиликсиз орой мамилеге көнгөн бедуин салам-аликсиз албууттана келип жакага асылып Алла Элчисин муунтат. Катуу кыскандыктан таардан тигилген чепкендин изи анын мойнуна өтө түшөт. Атасынан калган аласасы бардай алкынган түркөй көчмөн төөлөрүн жаңсап:
– Мухаммад! Казынадан мына бул эки төөгө азык-түлүк жүктөп бер! Өзүңдүн же атаңдын мүлкүнөн жүктөгөнсүбөй, жакшылап жүктөт! – дейт.
Бедуиндин адепке сыйбаган төмөн жоругуна ачууланган Алла Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам) береги сөзүн үч жолу кайталайт:
– Сага бергидей ашып жаткан мүлкүм жок! Бирок мойнумду оорутканың үчүн жазаңды алмайын төөлөрүңө жүк жүктөлбөйт!
– Ант болсун! Эч качан өч алдырбайм! деп орой мүнөз чабан өжөрлүккө салат. Азирети Пайгамбарыбыз шартын үч жолу кайталаганына карабастан бедуин айтканынан кайтпайт. Эсирген түркөйдү эсине келтирип койгусу келген сахабалардын кыжыры кайнап жөөлөп кеткидей абалга жетишет. Кичине ишаарат болду дегиче көк бөрү тарткандай кылып, бедуиндин таш-талканын чыгарып жиберерине көзү жеткен Пайгамбар сахабаларына кайрылат:
– Баарыңар кулак салгыла! Мен уруксат бермейин эч ким ордунан жылбасын!
Бир төөсүнө арпа, экинчисине курма жүктөп беришин четте турган сахабага буйруйт. Төөлөргө жүк жүктөлгөндөн кийин:
– Эми, Алланын берекеси менен үйүңөргө тарай берсеңер болот! – дейт (Абу Давуд, Адаб, 1/4775; Насаи, Касама, 24; Ибн-и Мажа, Либас 1)..
***
Абу Суфян Азирети Пайгамбарыбыздын жакын туугандарынын бири эле. Пайгамбарлык келе электе экөө астейдил амандык сурашып, кыл өткүстөй тыгыз алакада болбосо да, туугандыктын урматына сыпайы мамиледе болушат. Азирети Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) Алладан келген динди жеткирүү үчүн эл алдына чыккандан тарта Абу Суфян элдешкис душманга айланат. Исламды жаңыдан кабыл алган алсыздарды мыкаачылык менен түрдүү ыкмага салып катуу кыйнай баштайт. Өз тууганын өгөйлөп кемсинткен, шылдыңдаган маанидеги какшыктарды жазып элге таратат. Мусулман катары Алла Элчисине чаң жугузгусу келбеген ак таңдай акын Хассан бин Сабит (Алла ага ыраазы болсун) дин душманынын жалган жалаасына каршы татыктуу жоопторду жазат. «Ак ийилет, бирок сынбайт» демекчи, акырында Абу Суфян өзүнүн айбандык жорукгуна бушайман болот. Кечирим суроо үчүн Мединага карай аттанат. Алланын жазмышын карабайсызбы. Далай жылдар алдын киндик кан тамган жерден куулган Азирети Мухаммадка Жараткан Өзү жар болуп дин Исламды бутуна тургузуп, миңдеген ыктыярлуу колдоочуларды кошот. Ошентип абийир алдында азап чегип, ушул азаптан кутулайын деген ниетте тигин каккан Абу Суфян жолдо он эки миңдей колду баштап Меккеге бет алган Алла Элчисине кезигет. Туугандык мындай турсун, Кудайдын динине каршы чыккан Абу Суфяндан үч көчкөн журттай көңүлү калган Пайгамбар андан жүз үйрүп, унаасын темине алдыга кетет. Анын мындай осол мамилеси катуу таасир берди көрүнөт, кетирген катасы үчүн Абу Суфян өзүн ичтен жемелейт. Арга түгөнгөндө Азирети Али үйрөткөн береги аятты окуп кечирим сурайт:
«Алла Таалага чексиз мактоо! Чындыгында Алла Таала сенин даражаңды (бизден) көтөрүп койду. Чындыгында биз ката кетирген экенбиз!» (Юсуф сүрөсү, 91-аят).
Мээримдүүлүктүн мухити сымал чалкыган Алла Элчиси бул аятты угары менен жүрөгү жибип береги аятты окуп, Абу Суфянды кечирип жиберет:
«Бүгүн (эски кылымышыңардан улам) силер эч кандай кекетилбейсиңер жана айыпталбайсыңар. Силерди Алла Өзү кечирсин! Ал мээримдүүлөрдүн эң Мээримдүүсү!» (Юусуф сүрөсү, 92-аят).
Кылмышы чындап аша оор болгондуктан Ислам динин кабыл кылгандан кийин деле Абу Суфян Аалам Ардагынын (саллаллаху алейхи васаллам) жүзүнө карай албай жүрүп өтөт (Вакиди, Магази, II, 810-811; Ибн-и Хишам, Сийро, IV, 20-24: Ибн- Абдулбар, ал-Истиаб, IV, 1674).
***
Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) Меккени караткандан кийин мусулман мушрик аралаш жергиликтүү тургундарга кайрылат:
– Эй, Курайш жамааты! Ушу тапта силер менден эмнени күтүп жатасыңар? Курайш жамааты:
– Биз сенден жакшылыкты гана үмүт кылабыз. Сен кең пейилсиң, жакшылыктын жүзүсүң, боордошубузсуң! Сен жүрөгүндө кири жок жапакеч тууганыбыздын уулусуң!... дешет.
Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам):
– Азирети Юсуфтун бир туугандарына айтканы сыңары мен да силерге:
«...Бүгүн силер айыпталбайсыңар. Алла силерди кечирээр. Ал – ырайымдуунун эң Ырайымдуусу» (Юсуф сүрөсү, 92-аят) демекчимин. Анда эмесе бошсуңар, эркинсиңер! дейт.
Баяндамалардын биринде Пайгамбарыбыз мындай буюрган экен:
«Бүгүн мээримдүүлүктүн күнү! Бүгүн Алла Тааланын Курайш жамаатын Ислам менен кубаттандырып, шарапатын арттырган күн!».
Ошентип, жеңиштен мурун бир топ мусулмандын убалына калып, мал-мүлкүнө кол салып, жазыксыз далай жанды жайраган адамдар да туура, ак жолго түшүшөт. Алла Таала Курайш бутпарастарын Өз Элчисинин колуна түшүрүп, ага баш ийдирет. Алланын акыркы Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам) аларды кечирип, баарына эркиндик берет. Ошол себептүү Меккеликтер «тулака» - «эркин койо берилгендер» деп аталып калышкан эле13 .
***
Хаббар бин Асвад Исламга кастыгын тиккен карамүртөз душмандардын алдыңкыларынан эле. Ал Меккеден Мединага көчүп бараткан Азирети Зайнапты атайлап найза менен уруп төөсүнөн кулатат. Пайгамбарыбыздын кызы агезде бойкат болуп жана катуу жыгылуудан улам жаракат алгандыктан дароо боюнан түшөт. Жаракаты кийинчерээк кайрадан ырбап Азирети Зайнаптын өлүмүнө себепкер болот. Хаббар мындан башка дагы далай оор кылмыштарды жасагандыктан, Мекке каратылгандан кийин шаардан качып кокту-колоттордо күн өткөрүп көпкө дейре колго түшпөйт. Арадан көп убакыт өткөндөн кийин күнөрдүн биринде сахабалары менен отурган Пайгамбардын алдына Хаббар капыстан кирип келет да, мусулман болгонун билдирет. Дин душмандарынын саны бир кишиге азайып, мусулмандардын саны бир адамга көбөйгөнүнө кубанган Алла Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам) аны да кечирет. Ал тургай сахабаларына Хаббарды кечирүүнү жана эски жараны козгоп аны кекетпөөнү буюрат (Вакиди, II, 857-858).
***
Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) бирөө жарымдын катасын көрүп, айыбын сезип турса деле эч кимди эч убакта эл арасында уят кылган эмес. Тек гана сөз нугун өзүнө ыктатып, өзүн күнөөлүүдөй кыйытып, айыптууну уяткарып койчу. Айрым учурларда кетирилген кемчиликти «сага жарашпайт» дегендей таризде эскертип койчу. Ал көп учурларда:
«– Мага эмне болуп калган, айрымдарыңардын ушундай осол абалда көрүп турам14 » деп, өзүн айыптуудай көрсөтөөр эле.
Ал бирөөлөрдүн өзү тууралуу айткан жагымсыз жалаасын, ушак-айыңын уккан учурда: «Паланча мындай-мындай дептир» деп эч убакта тикелей айтчу эмес. Бирок уяткарып кою үчүн: «Адамдарга эмне болуп калган, ушундай сөздү айта башташыптыр» деп каймана түрдө какшыктап койор эле (Абу Давуд, Адаб, 4/4788).
***
Абдулла бин Умар (Алла ага ыраазы болсун) баян этет:
«Алланын ардактуу Элчиси күндөрдүн биринде минбарга чыгып жамаатка кайрылат:
«–Тили менен мусулман болгонун билдиргени менен чын жүрөктөн ыйман кирбеген эки жүздүүлөр (мунафыктар)! Мусулмандарды кыйнабагыла, аларды сындабагыла, кемчилиги чукубагыла! Кимде-ким мусулман бирбоорунун айыбын чукуса, Алла анын кемчилигин Өзү иликтейт. Кимдин кемчилигин Алла иликтей турган болсо, мейли ал үйүнүн ичинде болсун, шермендесин чыгарып койот!» (Тирмизий, Бирр 85/2032).
***
Азирети Пайгамбарыбыз Мухаммад Мустафа мындай деген:
«Кимдир бирөөнүн күңү зина кылып, анысы ачыкка чыга турган болсо, кожоюну ага жаза катары балак урсун. Бирок айыбын бетке чаап, кекетпесин. Арам жорукту экинчи ирет кайталаса, кайра балак урсун. Бирок айыбын бетке чаап, жаман айтпасын. Күң зинакорлукту үчүнчү ирет кайталаса, кожоюну аны жиптен үзүлгөн кылдын наркына болсо да сатып жиберсин» (Бухарий, Ытк, 17, Худуд 35, 36 Бую, 66, 110; Муслим, Худуд 30).
Мына, Алла Элчисинин ажайыпкеменгер таалими... Ал өтө жаман күнөө жасаган айыпкердин көңүлүн оорутуп койбоону жана эстен кеткис жаза менен жагымсыз жоруктан кайтарууну көсөмдүк менен буйруп кеткен.
***
Кызганыч он бир бир тууганды карачечекей иниси Жусуптун көзүн тазалоого түртөт. Жакып атаны алдап чыккан уулдары ичи тардык кылып, Жусупту ээн таалаадагы кудукка таштап кете беришет. Ошентип караңгы кудукка ташталган соң кербендер тарабынан табылып, кул катары сатылып, кийин зынданга ыргытылган Жусуп (алейхис салам) акырында Алла Тааланын кудуреттүү амири менен Мисир өлкөсүнүн каржы тарабын жетектеп калат. Кези келип элди ачарчылык каптаганда карамүртөз биртуугандар Азирети Жусуптун жардамына муктаж болот. Жадагалса оор жаза берүү мүмкүнчүлүгү колдо турганына карабай бир туугандарын кечирип жибериши Жусуп пайгамбардын кечиримдүүлүгүн даңазалап, бул тууралуу тээ байыртадан бери дастандар айтылып келет. Бир туугандарын кечиргенден кийин алардын ыңгайсыз абалда калбоосу үчүн акылмандык менен иш кылат.
Бир туугандардын Азирети Жусуп менен кандайча жолугушканы Куранда берегидей сүрөттөлөт:
«(Бир туугандар!) Же болбосо сен Жусупсуңбу? дешти. Ал:
– Ооба, мен Жусупмун, бул болсо (Бунямин) менин бир тууганым! Чындыгында Алла Таала бизге жакшылык ыроолоду. Кимде-ким Андан коркуп, (башка түшкөнгө) сабыр кылса, Алла жакшы амалдарды жасагандардын эмгегин текке кетирбейт деди.
– Ант болсун, акыйкатта, Алла Таала сени бизден да мартабалуу кылды. Анткени биз туура эмес иш кылган экенбиз – дешти бир туугандар. Жусуп аларга (жубатуу үчүн):
– Бүгүн силерди эч ким айыптабайт. Алла силерди Өзү кечирсин! Ал мээримдүүлөрдүн эң Мээримдүүсү! – деди» (Жусуп сүрөсү, 90-92-аяттар).
Андан соң атасы Жакып пайгамбар менен жолугушкандыгы мындайча баяндалат:
«Ал ата-энесин өзүнүн тактына чыгарып отургузду. Баары (жолугушууга ыраазылык билдирип) ага ийилип таазим кылышты. Алла үчүн саждага баш коюшту. Жусуп: – Атаке, мына, (кырк жыл) мурда көргөн түшүм ушундай болуп чыкты. Кудай Таалам аны чындыкка чыгарды. Чындыгында Эгем мага көп жакшылыктарды тартуулады. (Атап айтсам,) мени зындандан чыгарды жана бир туугандарымдын мага болгон мамилесин шайтан бузгандан кийин, минтип сизди чөлдөп алып келип олтурат. Акыйкатта Жараткан Алла Өзү каалаган пендесине жакшылык ыроолойт. Шексиз Ал Билүүчү жана Даанышман!» (Жусуп сүрөсү, 100-аят).
Бул аяттар ошол эле маалда «жамандыкка жакшылык» деген эң мыкты тарбиялык усулга ишаарат кылууда. Анткени мындай айкөлдүк кек сактаган душмандын жүрөгүн ээритет, алакасы жок адамды доско айлантып, шилекей алышкан досторду кыл өткүстөй кылып жакындатат.
Азирети Жусуп (алейхис салам) бир нече күн бою дасторконду миңтүркүн дүйүм даамга толтуруп агаларына сый көрсөтүп, үйгө кайтуу жөнүндө ооз ачпайт. Бир туугандар болсо жаш кезде ага жасаган карасантайлыктан улам уялып, жерге кирип кеткидей болуп албырттап жүздөрү кызарып кыйналышат. Айла кеткенде бир адамды элчиликке жөнөтүп берегидей дубай-салам айттырышат:
– Сен күн-түн дебей бизди сыйлап, мейман кылып жатасың. А биз болсо балачагыңда сага каршы жасаган кылымышыбызды эстеген сайын эзилип, айлабыз кетип жатат...
Жусуп пайгамбар агаларынын көңүлүн жайгарып жубатуу үчүн мындай деп жооп айттырат:
– Мисир эли ушу кезге чейин мага зындандан чыккан кул катары карашчу. «Алла Аруу жана Улуу! Жыйырма дирхамга (акча бирдиги) сатылган кулдун мартабасын кара...» дешет. Силердин бул жакка келишиңер менен менин эл арасындагы кадыр-баркым дагы да артты. Менин силердей болгон бир туугандарымдын бар экендигин жана Ибрахим (алейхис салам) менин чоң атам болгондугун эл-журт жакшы билип калышты.
Ошондой эле: «Каргышка калгыр шайтан, агаларымдын мага болгон ысык мамилесин бузду» деп атасын сооротуп, эски жараны ырбатпоонун алдын алганы кандай гана кеменгерлик.
Жусуп пайгамбар жогорудагы сөздү мактануу үчүн эмес, агаларынын көңүлүн жубатуу, алардын бушаймандыгын жеңилдетүү үчүн айткан. Ким болбосун, бул икаяны окуган адам анын кечиримдүүлүгүнө жана көсөмдүгүнө күбө болот. Анткени ал агаларынын көңүлүн оорутуп коюдан кылдат сактанып айыпты такыр эстебегенге аракет жасаган. Жамандыкка жакшылык, душмандыкка айкөлдүк кылып, Жараткандын ыраазылыгы үчүн эски таарынычты унутуп, анык акылмандыктын үлгүсүн көрсөтүп кеткен.
***
Азирети Абу Бакр (Алла ага ыраазы болсун) Мыстах аттуу жакыр адамга кам көрүп, такай жардам берип жүрчү эле. Кызы Азирети Аишага карасантайлык менен жалаа жапкан жалаакорлордун арасында Мыстахтын бар экендигин билгенден кийин Абу Бакр ага жардам бербөөгө ант этет. Жардамдын токтошу Мыстахтын бушайманга салат. Ансыз да араң жашап жүргөн үй-бүлөсү тамак-аштан кыйнала баштайт. Бул окуяга улай Жараткан Алладан береги аят келет:
« Араңардагы кеңчилик, молчулукка ээ болгон пенделер тууган-уругуна, карып-мискиндерге жана Алла жолунда көчкөндөргө (мал-мүлкүнөн кайырым) жардам бербөө үчүн ант этишпесин. Кечиришкиле, элдешкиле. Алла Тааланын силерди кечиришин каалайсыңарбы? Алла Тааал Кечиримдүү жана Боорукер!» (Нур сүрөсү, 22-аят).
«Өзүңөрдүн жакшылык кылуу, такыба болуу жана адамдарды жараштыруу үчүн берген антыңарга Алланын ысмын калкан кылбагыла! Алла Угуучу, Билүүчү» (Бакара сүрөсү, 224-аят).
Бул аяттардан Алла Тааланын пенделерине болгон мээриминин чексиздигин аңдоого болот. Ошондой эле изгиликке талпынган сүйүктүү пенделеринин бышып-жетилүүсүнө шарт түзгөндөй максат көрүнүп турат.
Аяттар маалым болору менен Азирети Абу Бакр Мыстахка болгон жардамын улантып, антты бузгандыгы үчүн каффарат (айып пул) берет (Бухарий, Магази, 34; Муслим, Тавба, 56; Табари, Тафсир, II, 546).
***
Абийирдүүлүктүн жүзү саналган Азирети Аиша энебизге каршы жасалган жалаа жабуу «Ифк» окуясына Хассан бин Сабит да аралашып калат. Хасан бин Сабиттин Алла Элчисине болгон ысык мамилесин билгендиги себептүү Азирети Аиша аны кечирет. Окуяны Урва бин Зубайр мындайча эскерет:
«Тайежем Аишанын (Алла ага ыраазы болсун) жанында олтуруп Хасанга ачууланып, анын жамандыгын айта баштадым. Ал «токтот!» дегендей колу менен ишаарат кылып:
– Мындан кийин ага акаарат келтирбе! Анткени ал таасирлүү ырлары менен Алла Элчисин жактаган инсан! – деди» (Бухарий, Адаб, 91).
Мына, өзүнүн намысына шек келтиригенине карабай, Жаратылыш Нуруна (саллаллаху алейхи васаллам) болгон бекем сүйүүсү үчүн өз кызыкчылыгын курмандыкка чалуунун керемет үлгүсү. Кандай гана терең сүйүү, соолугус оопалуулук көрнөгү.
***
Кандуу Ухуд айкашындагы башты көз көрбөгөн чаң-тополоңдо мусулмандардын ичинен бирөө Хузайфанын жаңы гана мусулман болгон атасын байкоостон өлтүрүп койот. Атасынын шейит кеткенин өз көзү менен көргөн Хузайфа окуяны мындайча эскерген: «Бир карасам, биздин эле мусулмандардан атамды найза менен кууп баратыптыр. Жаным чыгып кеткидей болуп:
– Эй, Алланын кулу! Ал менин атам, менин атам болот! – деп кыйкырып калдым. Кан кайнаган согуш майданында менин аталаган үнүмдү эч ким угуп койгон жок. Канчалык жаналакетке түшүп чуркабайын барыбир жетишпей калдым. Аргасыздан каңырыгым түтөп: «Кудайым силерди кечирсин!» дегенден башка сөз айта албадым».
Азирети Урва (Алла ага ыраазы болсун) минтип эскерет:
«– Аллага ант болсун! Хузайфанын бул айкөлдүгү жана кечиримдүүлүгү Ухуд күнү гана эмес, көзү өткөнгө чейин уланды. Билбестик кылып кылыч көтөрүп, атасын курман кылгандардын кечирилишин ар дайым тилеп, дуба кылып жүрүп өттү го кайран айкөл...» (Бухарий, Манакыбул-Ансар, 22).
Адилеттүүлүктүн атасы саналган Азирети Пайгамбарыбыз Хузайфага атасынын кунун төлөп берет. Жаратылыш Нурунун тарбиясын алган Хузайфа болсо берилген мал-мүлктү, колунда жок жакыр үй-бүлөлөргө кайрым кылып таратып берген экен (Ахмад, Наим, Тажриддин түркчө котормосу, II, 468).
***
Мусулман пенде башкалардын айыбын жар салуудан өтө сак болушу керек. Анткени Алла Таала Өзү: «Айыптарды жар салбагыла!» (Хужурат сүрөсү, 12-аят) деп, бул жагымсыз жорукка тыю салган. Окуяны Укба бин Амирдин (Алла ага ыраазы болсун) катчысы маалымдаган:
– Мына бул коңушуларыбыздын ичимдик ичип жүргөнүн байкап калдым. Макул десеңиз укук көзөмөлчүсүн (сакчыны) чакырып, аларды карматып берели дедим Укбага. Жылан чаккандай так секирген Укба менин пикириме каршылыгын билдирди:
– Андай кылганың дурус болбой калат. Андан көрө аларга насаат айт, эскертүү бер!
– Насаат айтып көрдүм, тилекке каршы, оңолушкан жок. Укук көзөмөлчүсүн чакырам.
– Андай кылба деп жатам! Анткени мен Алла Элчисинин (саллаллаху алейхи васаллам): «Бир момун мусулмандын айыбын жана күнөөсүн жабуу топуракка көмүлгөн кызын көрүстөндөн сууруп, куткарып алууга тете» дегенин уккам (Ахмад, IV, 153).
***
«Жакшылык менен жамандык чогуу болбойт. Сен жамандыкты эң ийги ыкма менен тос. Мына ошондо сага душмандык кылган адам да жакын доско айланат» (Фуссилат сүрөсү, 34-аят) маанисиндеги аятты Ибн Аббас (Алла ага ыраазы болсун) мындайча чечмелеген:
«Аяттагы «эң ийги ыкма» деген түшүнүк ачуулуу учурдагы сабырдуулукту жана жамандыкка дуушар кылгандарга берилген кечиримди туюнтат. Кимде-ким мындай ыкманы колдоно турган болсо, Алла аны колдоого, коргоого алат, душмандарды баш ийдирет, кастык тиккендерди жакын доско айлантат» (Бухарий, Тафсир, 41/1).
***
Азирети Пайгамбарыбыз мындай деген:
«Муктаж пенделерге карызга акча берген бир адам бар эле. Ал кызматкерине: «– Кысталышта калган бир кембагалга барганыңда, карызды кечип кой. Балким (бул иштин шарапаты менен), Алла Таала бизди кечирет» деп насаат айтат.
Акырында одүйнө салган ал адамды Жараткан Алла кечирип жиберет» (Бухарий, Анбия, 54; Муслим, Мусакат 31).
Башка бир айтууга караганда, Алла Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам) бул окуянын жүрүшүн мындайча улаган:
«Силерден мурда жашап өткөн үммөттөрдүн ичинен бир адам суракка тартылат. Амал дептеринен деги бир жакшылык табылбайт. Ошентсе да ал эл менен чогуу болгон бардар адам болгондугу үчүн кызматкерине кысталышта калган кембагалдардын карызын кечип коюуну буйручу экен. Кичинекей гана насааты үчүн Улуу Алла Таала: «Ага караганда Кечиримдүү болууга Биз ылайыктуубуз. Анын күнөөлөрүн жаап койгула!» деп буйруган (периштелерине)» (Муслим, Мусакат, 30; Ахмад, IV, 120).
***
Күндөрдүн биринде Алла Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам):
«– Кимиңер Абу Дамдам сыяктуу боло аласыңар? – деп суроо салат.
– Абу Дамдам деген ким болот? деп суроону Азирети Пайгамбардын кайра өзүнө узатышат. Ошондо ал:
«– Абу Дамдам силерден мурда жашап өткөн бир коомдун өкүлү болчу. Ал: «Мага акаарат келтирип, тил тийгизген жана артымдан сөз таратып гыйбат кылган адамдарга дооматым жок» дечү экен» (Абу Давуд, Адаб, 36/4887).
Мына, кечиримдүүлүктүн керемет үлгүсү... Ал ак көңүл инсан өзүнө каршы сөз чыгарып, тил тийгизип, артынан жамандагандарды кечиргенин, аларга эч кандай дооматы жок экендигин Алла Таалага айткан. Ал сурагы оор болоор кыяматта ошол көрпеделер азап чегип калбасын деген санаа менен Жараткандын ыраазылыгы үчүн кечиримдүү болгон.
***
Болор-болбос акчага азгырылган ашпозу өз колу менен жасаган тамакка уу кошуп мусулман журтчулугунун халифасы Умар бин Абдулазизге берет. Эч нерседен бейкапар отурган халифа бираз тамактангандан кийин оозунан көбүк агып жыгылат. Тамакка уу кошулганын түшүнгөн Умар бин Абдулазиз ашпозчудан сурайт:
– Мени ууландыргандыгың үчүн канча акча алдың?
– Мм. Ммиң динар аа-а-алдым... – дейт үнү буулган ашпозчу.
Адилеттүү жана боорукер журт башчысы аны жемелебейт, жазага да буйрубайт. Тек гана алган акчаны мамлекеттик казынага төккөн соң аны кечирген экен. Анткени ал Улуу Жараткандын алдына толуп-ташкан ыйман, таптаза жүрөк менен кетип жаткан болчу.
***
Ашыглык отуна жангандардын көңүлүнөн түнөк тапкан Халлаж Мансур ташбараңга алынып жаткан учурда:
«– Оо, Жараткан Алла Таалам! Менден мурда мени ташбараңга алып жаткандарды Өзүң кечир!» деп жалбарган экен.
***
Шейх Саади «Гүлистан» аттуу залкар чыгармасынында мындай дейт: