Excerpt for Бакытка багыт by Osman Nuri Topbas, available in its entirety at Smashwords

Бакытка багыт

Алла Тааланы таануу жана сүйүү

Осман Нури Топбаш


Published by Erkam Publications at Smashwords

Copyright © 2011 by Osman Nuri Topbas


Smashwords Edition, License Notes

All rights reserved. No part of this publication may be reproduced, stored in a retrieval system, or transmitted in any form or by any means, electronic, mechanical, photocopying, recording or otherwise, without the prior permission of the copyright owner.


E-mail: english@islamicpublishing.net

Web site: http://www.islamicpublishing.net

МАЗМУНУ

БАШ СӨЗ

1-БӨЛҮМ МАРИФАТ КААЛГАСЫ - АШЫГЛЫК

Ашыглык күчү

Ашыглык залкары Мавляна олуя

Ашыглык жана марифат

2-БӨЛҮМ АЗИРЕТИ МУХАММАД ПАЙГАМБАРЫБЫЗГА БАПЕСТЕЛГЕН СҮЙҮҮ

Азирети мухаммад пайгамбарыбызга бапестелген сүйүү

Аны канчалык деңгээлде сүйөбүз?

Аны таануу, көрүү жана туйуу

Анын ыйы, күлүмсүрөөсү, кайгысы, ак дубасы биз үчүн

Азирети мухаммад пайгамбарыбыздын адамдык бийик сапаты

3-БӨЛҮМ ЖАШОО ЖАНА ААЛАМ

Дүйнө таануу - бар болмушту аңдай билүү

Жашоодон эң ийги шекилде пайдалануу

Жаратканга жакын кул боло билүү

4-БӨЛҮМ КЫЯЛ ЖОРУК

Бийик сапат

Рухий пенде боло билүү

Акыл менен көөдөндүн айкалышы

Акыл менен жандүйнөнүн жаназыгы илим жана тарбия

Менсинүү

Изги адеп-ахлак

Аманатка бек болуу

Курмандык чалуунун сыры

5-БӨЛҮМ АЙКЫН ЖЕҢИШ

Жеңиш руху

Сөз аягы

Кыскача сөздүк




БАШ СӨЗ

Жаамы жандуу-жансызды Өз ыракымы менен жараткан, киши уулун чыныгы акыйкатты аңдап-түшүнүү жөндөмүнө эгедер кылуу менен түбөлүк сапарга аттандырган Улуу Жараткан Кудай Таалага миң мертебе шүгүр!

Бул жарык дүйнө менен жүз көрүшүүбүзгө данакер, ашыглык чырагын жандырып, Жараткандын ак жолун көргөзгөн, жалгыз Жараткан Алла Тааланы гана таанууга, ак менен караны, адал менен арамды айырмалоого үндөгөн Азирети Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) Пайгамбарыбызга, анын бүлөсүнө жана ардактуу сахабаларына дубай салам! Жараткан Алла аларды Өз ырайымына, мээримине бөлөсүн!

Бул ааламда ар бир нерсе себептүү да, максаттуу. Жер бетинде кыбыр эткен эң майда жаныбардан, көзгө илешпес атомдон тарта алп планеталарга дейре эч бир нерсе себепсиз, максатсыз жаралган эмес. Анын ар биринин жаралгандагы өзүнчө максат-себеби бар. Ырас, микроб да өзүнчө бир себепке таянат.

Адам баласынын жаралгандагы максаты эмне? Ырасында эле анын жер бетине келгендеги себеп-максаты бөлөк жандуу-жансызга салыштырмалуу алдаканча бөтөнчө да, өзгөчө. Ал Жараткан Улуу Кудай Таалага эң жакын да, эң алыс да болууга жөндөмдүү жан.

Бу өңүттөн адампенденин бар себеби өтө зор мааниге ээ. Арийне, ал мүлдө жандуу-жансыздан өзгөчөлөнүп Жараткан Аллага калпа катары жаралган. Бар ааламдын маңызы, кареги атыгып, Аллага сүйүктүү жан боло билүү макамы ыроолонгон.

Андыктан киши уулу терең ойлонушу кажет. Ырас, ал максатсыз жаратылган эмес. Эзел жана түбөлүк деген эки чексиз ааламдын ортосундагы мынабу сынак жайына жөнү жок, дайынсыз жөнөтүлгөн эмес. Бул жагдай туурасында Улуу Жараткан:

«Силер өзүңөрдү Жараткан тарабынан жөн эле жаратылып, кайра (Жаратканга) кайтпайбыз, деп ойлодуңарбы?» (Муминун, 115)

«Инсан, эмне өзүн жөн гана, эч максатсыз жаралган деп ойлоп жатабы?!» (Кыямат, 36) деп буюрат.

Ооба, бар себебибиз, мойнубуздагы Теңирий жоопкерчилик тоо-таш, кала берсе көк асман дагы көтөрө алгыс өтө оор, нары зор маанилүү.

Бул жоопкерчиликти, жаралгандагы максатыбызды орундоонун бир гана жолу - “Марифат1 каалгасы болгон ашыглыкка” карай бет алуу. Ырас, “ашыглык күчү” мойнубуздагы дүйнөлүк жана акыреттик мүлдө жүктү көтөрүүгө дес болчу күч бул теңирий дем, шык. “Ашыглык залкары” атыккан Мавляна “Месневи” аттуу эмгегинде кайра-кайра кайталап, элге жеткиргиси келген тема дал мына ушул багытта. Инсан баласын жети кат асмандын ары жагында Жаратканга алып учуруп баруучу эки канат - чыныгы “Ашыглык жана марифат”.

Бул эки канатты көкүрөгүбүзгө кадап берчү данакер - бар ааламдын Сыймыгы атыккан Алланын акыркы да, ардактуу да «Пайгамбарына бапестелген сүйүү» эсептелет. Эгер эт-жүрөк “Азирети Мухаммад Пайгамбарыбызга болгон күрдөөл сүйүүгө” толо болсо, анда рухдүйнө Жараткандын назары түшкөн даргөйгө айланат. Ошондуктан Алланын ыраазылыгына, ыракымына жетүү үчүн “Аны канчалык даражада сүйөбүз?” деген суроо менен өзүбүздү-өзүбүз теске салып туруубуз зарыл. Арийне, аны жакындан таануу, көөдөн көзү менен көрүп туйабилүү, ээрчүү киши уулун эки дүйнөдө тең бакытка балкытып, Жаратканга жакындатат, бейишке чыгарат. Акыл-парасаттуу адам «анын ыйы, күлкүсү, муңу, дубасы биз үчүн» болгонун айкын аңдап билет. А биз ал көргөзгөн Алланын ак жолунда эмне кылалдык жана эмне кылып жатабыз? Аны муңайткан иш-аракеттерден оолак болуп, аны сүйүндүрө турган кадамдарыбызды шилтей алдыкпы? Өзгөчө мынабу чалкеш заманда түбөлүк шыпаабыз “Азирети Пайгамбарыбыздын адамдык бийик адеп-ахлагынан” насип үлгү алалдыкпы?

“Жашоо жана аалам” анын урматы үчүн жаралганын жадыбыздан чыгарбообуз абзел. Ачылбаган купуя сырлар анын сүйүүсү менен ачылып көрктөндү. Береги сырды аңдоо менен “дүйнө таануу - бар болмушту аңдай билүү” деп айтууга болот. Мунун максаты “жашоодон эң ийги шекилде пайдаланууга” багытталышы керек. Анткени Жараткан Кудай Таала “өзүнө жакын кулпенде болушубузду” каалайт.

Бул өңүттөн, баарыдан мурда кулк-мүнөзүбүздү Азирети Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам), анын изинен чыкпаган ыкласман пенделердин, Жараткандын сүйүктүү кулпенделеринин адамдык бийик касиети менен шөкөттөөбүз кажет. “Рухий пенде болобилүү” үчүн мына ушул ак жолдо жүрүүбүз зарыл. Ошентип “акыл жана жандүйнө” деген эки чоң дөөлөт айкалышкан болот. Ырас, бул жерде “акыл жана жандүйнө муктаждыгы - илим жана таалим-тарбия” маселеси өзүбүз үчүн да, келечек урпагыбыз үчүн да бешиктен бейитке чейин башкы озуйпаларыбыздан болушу керек. Аятта: “Арийне, өз напсисин аруулаган жан ийгиликке жетет. Ал эми анын (торуна) чалынган адам зыянга учурайт” (Шамс, 9-10) деп буюрулгандай, өзгөчө мына ушул напсини теске салууда “менсинүү” деген жат сапаттан арылууга жанүрөшүбүз кажет. «Ийги адеп-ахлак» ар качан жана ар жерде мусулман баласынын эң алдыңкы өзгөчөлүгү болушу керек. Жараткан Алланын алдына жарык маанай менен баруу үчүн, “Алла Таала момун-мусулмандардан мал-мүлкүн, жанын бейишке сатып алган” (Тооба, 111) деген куш кабарга тушугуу үчүн “курмандыктын купуя сыр-хикматын” аңдоо менен өмүр сүрүшүбүз керек. Себеби курмандык - бул кайрымдуулуктун, эл үчүн күйүп-жануунун жышаанасы.

Жашообуз мына ушундай изгиликтер менен көркүнө чыккан күнү рухдүйнөбүздө “айкын жеңиш” жараян эткен болот. Асыресе, “жеңиш руху” - бул баарыдан мурда ыйман нуруна жуурулуп ийге келген жандүйнө деми. Мына ушул дем аркылуу дүйнөнүн караңгы жүзүн ыймандын, ынтымак-ырашкерликтин, биримдиктин, адилеттүүлүктүн мөлтүр булагы менен чайый, акка айлантууга толук мүмкүн. Алла Таала эл-журтубузга эң ириде бекем ыйман, биримдик, ырк-ынтымак ыроолосун! Оомийин!

Кадырман окурман,

Береги мерчемдер, асыресе, колуңуздардагы эмгекте орун алган макалалардын аталыштары. Бул макалалар “Йүзакы” журналында сандан санга чыгып келген. Бул өңүттөн, колуңуздарга алып жаңыдан барактай баштаган бу эмгекти «макалалар жыйнагы» деп атасак да болот.

Чама-чаркыбыздын жетишинче ак үчүн жазган ар бир сөзүбүзгө береке-кут ыроолошун Жараткандан тилейбиз.

Оо, Жараткан Алла! Өзүңдүн ак жолуңда аруу өмүр улап, алдыңа жарык жүз менен баруубузду насип буйра көр! Бизди Жалгыз Өзүңө болгон аруу ашыглык менен жогорку даражаларга жеткире көр! Акыркы демибизде келме келтирүү менен жантаслим берип, кыямат күнү сурактан жеңил өтүшүбүздү буюра көр!

Оомийин!..


1-БӨЛҮМ

Марифат каалгасы - ашыглык

Атомдон алп болмуштарга чейин мүлдө жандуу-жансызда ашыглык үстөм. Өсүмдүктөрдөн жаныбарларга, жандуулардан жансыз катары көрүлгөн нерселерге чейин бул ааламда эмне болсо, ошонун баарында сүйүү туюму бар. Он сегиз миң ааламдагы жашоо сүйүү менен уланат.



АШЫГЛЫК КҮЧҮ

Мүлдө жандуу-жансыз ашыглык менен тирүү

Кудсий хадисте2 төмөнкүчө буюрулат:

Ыкласмандык - жашыруун сактаган менин бир купуя сырым. Аны Өзүм сүйгөн пендемин жүрөгүнө аманат катары салам. (Сүйүктүү пендемин жакшылыгы жазылчу дептерге) жазган периште аны жазууга жетишпей калат. Асыресе, шайтан да ага (ыкласка) залалын тийгизүүгө кудурети жетпейт” (ат-Таж, I, 43).

Улуу Жараткан Алланын купуя сыры атыккан ыкласмандык Жараткандын ыраазылыгына, сүйүүсүнө арзыган гана адампендеге ыроолонору бышык. Хадисте айтылган “сүйүктүү пендеме” деген сөз бул акыйкатты ачык тастыктайт.

Ооба, купуя каалгалар адам баласынын Жаратканга бапестеген сүйүүсүнө, ашыглыгына жараша ачылат. Ашыглык өнгөн жерде ыкласмандык да, сезимдин тунугу да, изгилик да, кайрат-күч да өнүп-өсөт. Ашыглык күчү көөдөндө турганда бардык нерсе күрдөөл да, берекелүү да болот. Ибадаттарыбыз, изги жүрүм-турумубуз, кайрым-жакшылыктарыбыз, моюн сунуучулугубуз да.... Андыктан баарыдан мурда көкүрөктөгү ашыглык нуру балбылдап жанган өчпөс күн сымал ысык жана туруктуу болушу керек. Ал эми шам сыяктуу ээрип белгилүү убакыттын ичинде түгөнөр сүйүү адамзаадаңды да, барча изгилик-артыкчылыктарын да түгөтөт. Мындай учурда түбөлүк бакыттан куржалак калып, зыянга учуроо коркунучу пайда болот. Өкүнүчтүү акыбетке тушугуп калышы толук ыктымал.

Жалган сүйүү - балээ...

Бул окуяны Нахшаби шакирттерине, элге баяндап берип жаткан эле:

“Күндөрдүн биринде бир жаш жигит падышанын кызына ашык болуп, каалганын алдына келет. Кабар кызга жетет. Кыздын апасы кансарайдан чыгып, береги жаш жигитке келет да:

-Мына бул дирхамды алгын да, жолуңа түш! Экинчи мага да, сага да зыяны тийчү мындай сөздөрүңдү сүйлөбө! - дейт. Ошентсе да, жигит сүйүүсүнөн кайткысы келбейт. Анда каныша:

-Эки миң дирхам берейин, деги кызымын жанын койчу -деп мунун айласын тапканга аракет жасайт. Ага да болбойт. Каныша береги жигит менен соодалаша баштайт. Ошентип, соодалашуу он миң дирхамга жеткенде жигит канышанын сунушун кабылдайт. Обочодон назар салып турган кыз:

-Сен мени кантип сүйдүң, көзүңө акча-байлык толуп мени көралбай калдың го?! Мени менден башкага алмаштыргандын жазасын билесиңби - деп сүйүүсүнө бек турбаган, арзыбаган дүнүйөгө алданган береги жигитти сүргүнгө айдатып жиберген экен, дегенде окуяга кулак төшөп олтургандардын бири эсинен танып жыгылат. Бир убакта эсине келип:

-Ээ, адам баласы! Карачы, бу дүйнөдө жөнөкөй катардагы сүйүүнү акчага саткандын акыбети кандай?! Ал эми улуу Жаратканга багышталган сүйүүсүнө ээ чыгалбагандын башына кандай гана балээ түшөр болду экен... -дептир.

Береги окуя адам баласынын жашоосу чынында да башынан акырына дейре катардагы сүйүүбү, же улуу-акыйкат сүйүү жагынанбы, айтор, ашыглык сынактарына толо экенин айгинелеп турат. Анткени ашыглык жаралгандагы да, жашагандагы да купуя сырыбыз.

Жандуу-жансыздын кенчи - ашыглык...

Улуу Жараткан Алла Таала чексиз эзел ааламында жандүйнөлөргө билинүүнү мурат кылуу менен сан миң жандуу-жансызды жаратты. Сынак жайы атыккан бу дүйнөдө жана барча ааламда Өзүнүн чексиз кудуретин, чеберчилигин көргөздү. Мына ошол кынтыксыз чеберчиликтин туу чокусу катары киши баласын жаратты.

Арийне, аалам менен инсан Кудайы ашыглыктын күзгүсү атыкты. Ашыглык бар нерсенин жаралгандагы сыры, жашоо деми, бакыт шамы катары жандуу-жансыздын өзөгүнө ширетилди.

Мына ошондуктан кыпындан алп болмуштарга чейинки көңкү жандуу-жансызда ашыглык үстөм. Өсүмдүктөн жаныбарлар дүйнөсүнө, жандуудан жансыз катары билинген нерселерге чейин бул ааламда эмне болсо, мына ошонун баарында сүйүү туюму бар. Ырас, он сегиз миң ааламдагы жашоо дал ушул сүйүү менен өтөт. Асыресе, береги акыйкат киши уулунун жашоосу үчүн өтө зор мааниге ээ. Себеби өмүрдү чулгаган сан түр кыйынчылыктарга, азап-тоскоолдуктарга, балээлерге ж.б. Жаратканга бапестелген улуу ашыглык менен гана чекит койуп, убактылуу жашообузду улуу максатка ылайык туура пайдалануу менен түбөлүк бакытка жетүүгө болот. Акындардын бири мындай деген экен:

Урматына жети кат асман жаралды,

Бар бекенби ашыглыктын сыягы?

Ашыглыкка жуурула жай тапты жашоо

Бар бекенби ашыглыктын сыягы?

Адам ата, Обо энеге салчы суроо ,

Мажнунга да, Лейлага,

Мавлянага дагы да,

Бар бекенби ашыглыктын сыңары?

Жоогазынга суу болуп агып тур,

Көөдөнүңө сүйүү отун жагып тур,

Бетме-бет тиктеше тур, эй, Сейри,

Бар бекенби ашыглыктын сыңары?

(Сейри)

Ашыглыктын баскычтары...

Ашыглыктын сересинде, алибетте, инсан турат. Анын эң кымбат, ары аруу азыгы - бул сүйүү, Улуу Жараткан Аллага бапестелген ашыглык. Жандүйнө дал ушул ашыглыкка кана сугарылган сайын жаралгандагы купуя сырдын тереңине жетүүгө мүмкүндүк таап, бир башкача бейпилдикке, бөтөнчө бакытка бөлөнөт. Ошону менен катар Жараткан Аллага болгон ашыглык катардагы береги сүйүүлөрдүн башаты. Анда алгач Азирети Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) Пайгамбарыбызга бапестелген сүйүү орун алат. Андан кийинки Жараткандын сүйүктүү олуя-пенделерине, ата-энеге, балага, бардык мусулмандарга, жаамы жандуу-жансызга болгон сүйүүлөр - Улуу Алла Таалага бапестелген ашыглыктын деми болуп эсептелет.

Асыресе, Азирети Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) Пайгамбарыбыз сахабалары менен Мединадан Мекке шаарына келатып, жолдон күчүгүн эмизип жаткан ит баласын көрүп, аны үркүтүп тынчын албоо үчүн жетегиндеги түмөн колду жолдун тигил өйүзүнө өткөргөн экен, жарыктык! Дагы бир күнү Пайгамбарыбыз бир адамдын сое турган малынын маңдайында бычагын бүлөп-курчутуп жатканын көрүп: “Бычакты койуң көрбөй турган жерде деле курчутсаң болбойт беле?” деп ачуулана эскертүү берген экен. Ырас:

Ашыглык мээрмандыкты талап кылат

Ыйык Куранда Улуу Жараткан Алланын “ар-Рахман” “Мээримдүү” ысымы бардык ысым-сыпаттарынан көп ирет кайталанат. Анын чагылуусу - мээрмандык. Мээрмандык ашыглыктын түшүмү. Жаратканга чыныгы жакындык ашыглыктын жана мээрмандыктын деңгээлине жараша болот.

Арийне, жандүйнө баарыдан мурда Алла Таалага бапестелген аруу ашыглыкка жуурулуп, Анын ыраазылыгына, ыракымына, бейиштин сан миң ырахатына балкып, түбөлүк бактылуу өмүр сүрүүгө жолдомо алуусу керек. Жалгыз Жаратканга кулчулук озуйпабыздын бирден бир себеби мына ушул багытта болушу кажет.

Асыресе, Жараткан жандуу-жансыздын ичинен баарыдан оболу инсанды жакшы көрөт. Мына ошондуктан адамзааданы бейиште жараткан. Андан соң аны сынакка тартуу үчүн бул дүйнөгө түшүрүп, напсинин сан түр арсак ашууларынан ашып, Кудай Тааланын Жалгыз Өзүнө гана кулчулук кылуу озуйпасын жүктөгөн. Жараткан Алланын мураты - адам уулунун Анын ыраазылык-ыракымына бөлөнүп, кайра бейишке кайтуусу. Фажр сүрөсүндө:

“Эгеңе кайт да, бейишке кир!” деп бул тилек ачык-айкын айтылат.

Чыныгы кайтуу - жалгыз Аллага гана болот. Ырас, Аллага кайтуу - бул Жараткандын ак жолунан чыкпай, өзүнүн кулчулук озуйпасын толук орундатуу деген түшүнүк менен аныкталат. Ошентип, Анын мээримине бөлөнгөн адамзааданын бейишке чыгары бышык.

Ашыглык таалими

Жаамы пайгамбарлар, Жараткандын сүйүктүү пенделери өмүр бою жогорудагы Жараткандын жардыгын орундоо үчүн бар күч-кайратын жумшап ашыглык таалимин алышкан. Алардын ар бири өзүнчө ашыглыктын мөлтүр булагынан кана жутуп, руханий алп эрендер болуп чыга келишкен. Жараткандан келген ыйык китептер, анын ичинде Ыйык Кураны Карим да ак жол багытында мына ошондой кулчулуктун калыбы үчүн түшүрүлгөн. Ыйык Курандын алкагында мүлдө Жараткандын сүйүктүү пенделери жазып калтырган эмгектер дал ушул купуя сыр, тагыраак айтканда, Жаратканга бапестелген ашыглык сыры туурасында жазылган. Алсак, Мавлянанын 26 миң бейттен3 турган «Месневи» аттуу эмгеги да, асыресе, өзүнчө бир ашыглык-наама. Мавляна мындай дейт:

“Каралдым, сүйүүнү да, ашыглыкты да Жараткандын сыпатынан деп бил!”

“Эгер сен катуу таш же мармар болсоң ашыглык толо жандүйнөнүн аркасы менен акак ташка айланарсың. Ырас, сүйүү болбой, шам да сом темир сыягы катар”

“Ашыглык ушундай купуя сыр экен; аны менен кыйынчылыктар бал татымга айланган, көөдөн ар түрдүү ыпластыктан арылган, сан түркүн дарт дабаа тапкан...”

“Өлүк сүйүү менен жан табар, сүйүү дартына чалдыккан төрө кул болор. Ашыглык аркасы менен зындан-абак гүлистанга, от-жалын нурга айланар”

“Асыресе, ашыглыктан кайгы-муң кубаныч-сүйүнүчкө, каар ыракымга айланар”

“Ооба, мындай жигердүү натыйжа берген чыныгы ашыглык ариф-көрөгөчтөргө4 гана таандык. Ыкласмандыктын натыйжасы. Дайынсыз, опсуз нерселер менен алектенген адам эч качан сүйүү тактысына отуралбайт”

Чыныгы ашыглык Улуу Жараткан Алланы өз жаныбыздан да артык көрүүдө катылуу. Бул ашыглык жандуу-жансызды Жараткан үчүн сүйүүнү талап кылат. Муну курма дүмүрүнүн көзжаш төгүүсүнөн байкай алабыз. Азап чеккен жаныбарлардын Алла Элчисинин алдына жүгүрүп келип көзжашын мөлт-мөлт куюлтканын көрөбүз.

Курма дүмүрүнүн ашыглык көзжашы

Бар ааламдын Мырзасы Пайгамбарыбыз бир курма дарагынан калган дүмүргө жөлөнүп алып жамаат менен дилмаек кура турган. Убакыт келип Пайгамбарыбыздын сүйлөгөн сөзү кээ бирине угулса, кээ бирине угулбай, мечитке эл батпай калат. Мына ушул себептен мечиттин төр жагына минбар тургузулат. Алла Элчиси алгачкы жолу Набави мечитиндеги жаңы минбарга чыгып элге кутба окуйт. Мурун Алла Элчиси жөлөнүп алып дилмаек курчу береги дүмүр Пайгамбарыбыздан айрылгандыгын билдиргенсип, кадимкидей жаны сыздагандай добуш чыгарат. Бул добушту Пайгамбарыбыз да угат. Алланын акыркы Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам) дүмүрдү сооротуу максатында минбардан түшүп, дүмүрдүн жанына басып барып жылуу- жумшак гана куттуу колдору менен акырын сылап коет. Ошентип, дүмүр апасынын мээримине, сүйүүсүнө бөлөнгөн баладай ыйын басып, көңүлү ыраазы болгондой болуп туруп калат» (Бухари, Жума, 26; Тирмизи, Манакиб, 6/ 36;27).

Пайгамбарыбыздын мындай нары сылык, нары аруу адамдык бийик касиети менен курманын дүмүрүн болсо да сооротуп, тынчтандыруусу ошол жерде отурган адамдарга гана эмес, бүтүндөй адам баласына эң изги үлгү болуп келди жана да кыяматка чейин мүлдө инсаният үчүн үлгү бойдон кала бермекчи. Ырас, бул да болсо ашыглыктын кудурети!

Мына ушул күч бүтүндөй жандуу-жансыз баш калкалаган ашыглык. Пайгамабарыбыздын "Бакыт" доорунан мунун мисалдарын арбын кездештирүүгө болот. Мына ошол мисалдардын бири:

Муңга баткан төөнү тынчыткан ашыглык

Күндөрдүн биринде Алланын Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам) Мединалык бир сахабасынын багынан алсыраган төөнү көрөт. Төө Пайгамбарыбызды карап аянычтуу үн чыгарып, кадимкидей адамдын зээнин кейитип жоодураган көзүнөн мөлт-мөлт жашын төгөт. Пайгамбарыбыз төөнүн жанына басып барып, кулак түбүнөн сылайт. Береги төө дароо көңүлү жай таап, карды тойгонсуп туруп калат. Пайгамбарыбыз ошол жерде жардап турган элге:

-Бул төөнүн ээси ким? Төө кимдики? - деп суроо салат. Элдин арасынан бир тестиер бала чыга келип:

-Бул төө меники, о, Алланын Элчиси! - дейт. Анда Бар ааламдын Мырзасы:

-Сага ыроолонгон мына бул жаныбар туурасында Алладан коркпойсуңбу? Ал мага аны ач калтырганыңды, катуу кыйнаганыңды айтып арызданды - деп эскертүү берген экен (Абу Давуд, Жихад, 44/2549).

Азирети Пайгамбарыбыздын өмүр жашоосунда жараян эткен мындай ары сырдуу, ары маанилүү ашыглык жана мээрмандыктын өрнөк-мисалдарын пайгамбарлардын мураскорлору атыккан ыкласман пендезаттар жашоосунун бирден бир мыйзам-эрежеси катары кабылдашкан. Алланын олуя пенделери Азирети Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) Пайгамбарыбыздын ашыглыгын жана мээрмандыгын ар бир доорго жайган жандүйнө дарыгери болушкан. Буга мисал катары атагы алыска кеткен олуялардан Баязиди Бистами олуянын башынан кечирген төмөнкү окуяларды баяндоону эп көрдүк:

Алсыз жандуу-жансызга боорукерлик

Баязиди БистамиИслам дүйнөсүндө Теңирий ашыглыкка кана сугарылган жетик инсан катары таанымал. Ал Жараткан Алла үчүн бардык жандуу-жансыздын ар биринин кыйынчылыгын затында туюп, азабын тарткан.

Бир күнү эки-үч киши Бистаминин көз алдында бир мингичти ортого алып катуу сабашат. Алтургай байкуш мингичтин соорусу канжалап кетет. Ошол саамда буга күбө болуп турган Баязид-и Бистаминин балтыр этинен кадимкидей кан сызылып агып чыгат.

Күндөрдүн биринде Баязиди Бистами (Алла аны Өз ыраакымына бөлөсүн!) сапарга чыгат. Жолдо баратып чаалыгып бир дарактын саябанында эс алып, анан жолуна түшөт. Береги тыным алган дарактан биртоп узап кетет. Жолдон тулубунун өңүрүнөн эс алган жерден өрдөгөн бир канча кумурсканын жүргөнүн көрөт. Айокер Бистами аларды өз журтунан алыс жакка таштап, аларга кыйынчылык жаратпоо үчүн ошол замат артка кайтып келип кумурскаларды өз жайына таштап, сапарын уланткан экен, жарыктык пенде!

Бул окуялар Жараткан үчүн жандуу-жансызга көрсөтүлгөн мухит сымал чалкыган боорукерликтин, мээрмандыктын жандуу үлгүсү, Жаратканга жакын ыкласман адамдын жандүйнө аруулугунун, кеңдигинин айкын көрүнүшү.

Куттуу хадистердин биринде төмөнкүчө буйрулат:

"Өзү ач болсо да, даам сызбай одүйнө салган аял тозокко кетти. Сууга чаңкап, зарыккан итке кепичи менен (болсо да) суу сунган күнөөкөр аял болсо (Жараткандын) кечиримин алды"

Ырас, Жараткан Алланын ыракымы айрым учурда кичине жакшылыкта, айрым учурда чоң кайырым-жакшылыктарда катылуу болгонун жадыбызга түйүп койуубуз абзел. Асыресе, Кудайы каар дагы кээде кичине, кээде чоң күнөө иштерде болот. Андыктан ар бир кадамыбызды мына ушул жагдайдын алкагында этияттык менен таштообуз кажет.

Адам баласын мындай жөндөмгө ээ кылган купуя сыр дале болсо, эч калетсиз, Жаратканга багышталган ашыглык. Бул ашыглык адамзааданы эки ааламда тең бакыттын сересине алып барууга данакер бөтөнчө ыроо, насип. Адамды "адам" деген атка татыктуу, жетик кылган жана рухий жактан да зирек туткан нерсе, арийне, Жартканга болгон ашыглык. Бул өңүттөн олуялардын айныксыз сапаты, максаты ар качан ашыглыкка багытталган. Мавляна мындай дейт:

"Жаратканга ашык көсөмдөр ашыглык дайрасынын балыгы сыңары. Алар Жаратканга алып барчу бул сууга эч канбайт..."

"Сен дагы ак жолдо жүрчү көрөгөчтөр менен отур, тур. Алардын изгилик-артыкчылыктарынан пайдалан, рухий күчкө тол, Жаратканга бапестелген ак сүйүү менен ар качан жаш, дымактуу бол!"

Ашыглыктын эң маанилүү көрүнүшү

Ашыглыктын эң маанилүү көрүнүшү көңүлдөн Жараткан Алладан башка бардык нерсени, айрыкча дүйнө ышкысын чыгаруу. Эгер булар жүрөктөн чыкпаса, ал жүрөккө али ашыглык бутагы кыйыштырылбаган деген тыянак чыгат. Ырас, ашыглык эрендери дүйнөнүн убактылуу лаззаттарына, напсинин сан миң арзуусуна алданбайт. Алар түбөлүк бакыт ааламын көздөй багыт алышат. Ошентип, эки дүйнөдө бейпил да, бактылуу да өмүр кечиришет. Дүйнөнүн эң кыйын, оор учурларында да рухий кысталышка тушукпайт.

Улуу Алла Таала ушундай улуу ашыглык менен өмүр улашыбызды насип буюрсун! Ашыглыктын берекелүү мөлтүр булагы менен бардык кургак рухдүйнөлөрдү жашылдантсын! Эки дүйнө бактысын берсин!

Оомийин!..


АШЫГЛЫК ЗАЛКАРЫ

Мавляна олуя

Терең ой-чабыты, чалкыган рухий ааламы менен таанымал Жалаладдин Руми Мавляна ар нерсеге ар тараптуу, оң жана терс жактары, артыкчылыгы, кемчилдиги менен кошо аңдап, туура баа берип, ошол боюнча сүйлөйт. Андыктан адам баласы анын «Месневи» аттуу китебинен өзүнө таандык артыкчылыкты да, өксүктү да табалат.

Оо, Жараткан Алла! Мага Өзүңдүн ашыглыгыңан, Сени сүйгөндөрдүн жана мени Сенин сүйүүңө жакын кылууга данакер болгондордун ашыглыгынан насип эте көр!”


Чоорго кулак төшө!

Месневи китеби:

Уккун, чоор муңун, жаткандыгын кайгырыпАл да сыздайт айрылуудан жазганып...

-деген ыр саптары менен башталат.

Дагы бир рубаисинде: «Чоорго кулак төшө, бак! Эмне деп жатат. Ал Жараткандын жашыруун сырларын ачып берүүдө. Жүзү саргарып, ичи көңдөй, учу кесилген жана чоорчунун демине калган калыпта болсо да, тилсиз, сөзү жок сыздап «Алла... Алла....» деп турат» деп күйүттүн отуна алоолонуп чоор сыңары чытырап жанган Мавляна ашыглык залкарларынын башынан орун алат.

Анын ашыглык үчүн талпынышы, алоолонгон улуу ашыглык отуна күйүп-жанышы Жалгыз Жаратканга бапестелген баа жеткис улуу сүйүүгө ишара.

Арийне, ашыглык жугуму ар бир ашык инсандын, ар бир ариф-көрөгөчтүн адамдык бейнесине жугат. Мына ушундай жугумдун жигердүү акыбети катары Мавляна жандүйнөнү элиртип алда-кайда алып учкан ашыглык айдарымы менен; Халлажы Мансур Жаратканга бапестелен улуу ашыглыктын баш-аягы көзгө илешпес жазыгында өзүн жоготкондугу менен; Накшибанд олуя ондогон жылдар бою жаралуу алсыз тарткан жаныбар атпайга данакер болуу, жол тазалыгы менен, катардагы адамды иренжиткен ооруларга дабаа таап, анын муктаждыктарын камсыз кылуу менен алектенип, кызмат кылып Жараткан Алланын ыраазылыгына жанаракет кылышкан. Ырас, мында усул-ыкмалар ар түрдүчө, ал эми максат бир. Жараткан Аллага бапестелген ашыглыкка жандүйнөнү толтуруу... Илимди ашыглык-марифатка айлантып ихсан5 калыбына жетебилүү... Алибетте, мында да Жараткан үчүн деген демден чыккан рухий учкундар талап кылынат.

Асыресе, Мавлянанын учу-кыйырсыз ашыглык ааламына бет алышы Ислам дүйнөсүндө «жандүйнө Күнү» деген лакап-ат менен таанымал Шамс менен башталган. Ал Шамс менен таанышып, андан рухий илхам алган соң күйүттүү «ашыглык чоору» болуп саябандуу чынар теректин булбулуна айланган.

Шамс менен Мавляна

Мавляна Жалаладдин-и Руминин Султанул Ашикин, Молла-и Рум, Худавандигар, Султанул Махуббин деген лакап аттары да бар. Атасы Мухаммад Бахауддин Валад «аалымдардын султаны» деген ат менен таанымал. Мавляна отуз жаш курагында үй-бүлөсү менен Коняга отурукташат. Билимин жогорулатуу үчүн алгач Халаб, андан соң Дамаск шаарына жол тартат.

Күндөрдүн биринде Дамасктын чоң базарынан бир башкача кийинген адам Мавлянанын алдынан чыгып:

-Колуң берчи, өбөйүн, эй, ааламдын көсөмү! - деп дароо колуна жабышып өбө салат да, көздөн кайым болот. Жалаладдин Руми күтүүсүз жараян эткен бул окуяга абдан таң калат. «Бул эмнеси?» деп аң-таң болот. Береги нары сырдуу, нары бөтөнчө киши табышмак бойдон калат.

Арадан бир топ жыл өтөт. Агезде Жалаладдин Руми Коняга кайтып медреседе мугалим болуп эмгектенип калган эле. Бир күнү сабактан чыгып окуучулары менен бакчада дилмаек куруп олтурган болот. Бул жерден баягы Дамасктын базарынан колун өөп, көздөн кайым болгон сырдуу адам менен экинчи ирет кез келет. Бул адам Табриз аймагынан келген Шамс эле. Ал Жалаладдин Руминин дилмаегине кулак төшөп олтурат. Бир кезде толкундануу менен нары кызык, нары сырдуу төмөнкү суроону узатат:

-Баязид-и Бистами улукпу, же Азирети Мухаммад Мустафа саллаллаху алейхи васалламбы?

Мавляна ачуулана:

-Бул эмне деген суроо?!.. Бар ааламга ырайым катары жөнөтүлгөн Жараткандын сүйүктүү Пайгамбары менен малжанын Жараткан Алла үчүн, Анын сүйүктүү Пайгамбары үчүн жумшаган олуяны салыштырып болобу?! - деп токтоналбай үнүн бийик көтөрүп кыйкырып жиберет.

Анда Табриздик Шамс бул суроонун жообун чечмелеп түшүндүрүп:

-Ырас, Баязид Жараткандан тозокко түшүп ал жерде башка эч бир күнөөкөргө орун калбагандай алп денелүү болушун суранып, асыресе, аз гана теңирий ыроону көтөралбай өзүн жоготкон. Ал эми Азирети Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) Пайгамбарыбыз сан миң теңирий ыроо-насипке тушукса да, жандүйнөсүнүн кеңдиги менен ар качан оор басырыктуулугунан жазбай, ыроолонгон ошончо нематтарга (Жараткандын ыракымына, ашыглыгына) эч канбай Улуу Алла Тааладан кайра кайра суранган.. - дейт.

Шамс бул жерде Баязиддин аз гана рухий күлазыкты көтөралбай өзүнөн танганын, ал эми Азирети Мухаммад Пайгамбарыбыздын руханиятынын кеңдигин, Пайгамбарыбызга Баязидке ыроолонгондон сан миң эсе ашыкча насип буюрулса да, ага канбасын, асыресе, чалкыган деңиз сыягы рухий дүйнөсүнүн бир бурчуна гана сыярын айткысы келген. Ооба, Баязидди Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) Пайгамбарыбызга салыштыруу бир кесе сууну чалкып жаткан мухитке салыштыруу сыяктуу. Ошентип Шамс Мавлянага Баязид сыяктуу олуялардын Пайгамбарыбызга эч качан тең келе албасын ынандыра далилдеди.

Бул жооп Мавлянаны көрүнөө билимдин чегине алып келип такайт. Ырас, бул чекте туруп аталган суроого жооп берүү мүмкүн эмес эле. Шамс көлкүгөн рухий деми, күчү менен аны береги чектин ары жагына багыттайт. Бул жак учу-кыйырсыз өзүнчө «Теңирий сырдуу аалам» эле. Ошентип, Шамс маектешин чалкыган рухий мухиттин кылаасын көздөй акыйкат саякатына аттандырат.

Күтүүсүздөн болгон окуянын таасиринен Мавляна бул илимди мурда эле алган сыңары оңой-олтоң төмөнкүдөй жооп берет:

«Баязиддин руханий чаңкоосу аз гана ыракым, ашыглык тунук булагы менен кандырылды. Ошентип анын жандүйнөсү эч бир рухий азыкты талап кылбас абалга келди. Өзүнөн кечти. Чалкыган мухит учу-кыйырсыз эле, бирок анын жандүйнөсүнүн көлөмү ушунчалык гана кичине болучу.

Ал эми Азирети Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) «Биз сенин көөдөнүңдү ачып кеңейттик» деген Куран аятынын сырына арзыган пайгамбар. Жараткандын мээрими, жакшылыгы аны ар тараптан курчады. Ааламдай кең көөдөнү Жараткандын чексиз ыракымына эч канбай турду. Суусаган сайын суусап, ичкен сайын чаңкоосу арта берди. Улам бир абалдан башка бир абалга жогорулап жатты. Ар бир жогорулашында эмелеки абалына тообо кылып турду. Ырас, Пайгамбарыбыздын:

«Мен күнүгө жетимиш жолу (башка баяндама боюнча жүз ирет) тооба кылам (Жараткандан кечирим тилейм)!..» деп айтканы бар.

Асыресе, ал улуу Жараткан Кудай Таалага ар бир көз ирмеминде жакын болууну көксөгөн эле. Себеби анын Жараткандын ыраазылыгы, ыракымы, ашыглыгы деген көкшүнү да, кул менен Жараткандын ортосундагы аралык да чексиз эле. Ошондуктан канча ирет:

«Оо, Жараткан Алла! Сени жетик тааный албадым... Сага татыктуу кулдук озуйпамы орундаталбадым..» деп Жаратканга баш калкалап, жалынып жалбарбады?!»

Шамстын бул жердеги максаты маектешинин аң-сезимин, жандүйнөсүн кеңейтип, билим менен жетүүгө мүмкүндүгү жок береги даражага жеткизүү болучу. Ошондуктан Шамстын береги жообу менен нары улуу, нары аруу максатка жеткен адамдар таткан рухий бал татымдан даам сызып, кубанчы койнуна батпай кыйкырып жиберет. Өзүн жоготуп коет. Ошентип, атагы алыска кеткен бул эки руханият жылдызынын ортосунда өмүр бою уланар нур учкуну пайда болот.

Ошондон тарта Мавлянанын жүрөк толтосунда катылуу көлкүгөн рухий мухит жанданып, биринин артынан бири буралып түшкөн толкун шарпасы күн өткөн сайын баралына келип алп толкунга айланат. Табриздик Шамс Мавлянанын жандүйнөсүн ушундайча алп толкунга айлантып алып, акырында өзү да ошол толкунга кабылып чөгүүгө аргасыз болот. Ошентип Шамс таткан рухий бал татымдан Мавляна да даам сызганга жетишет.

Бул окуядан кийин мурда катардагы момун мугалим болуп эмгектенген Мавляна жүрөгүнүн түпкүрүнөн жарылып оргуштап чыккан рухий мухиттин мейкиндигинде учуп-кайкып орошон өмүр сүргөн. Ырас, ыкласман Табриздик Шамс олуянын тилеги дал ушул сырлуу деңизге дем, күч-кубат болуп, аны күрдөөл мухитке айлантуу эле.

Шамс Мавлянага кандай таалим бере алды?

Шамс Мавлянага кандай таалим бере алды? Эмне үйрөтө алды? Ооба, Шамс ага акыл туткундугунан кутулуунун жолун үйрөттү. Себеби акылдын чеги белгилүү. Нары жагы наадандык. Көөдөндүн чеги белгисиз, оголе терең. Ырасында, жандүйнөнүн чыныгы бейпилдиги Жараткан Алланын ыраазылыгын табууда, Анын ашыглыгына арзууда, ыракымына бөлөнүүдө жатат.

Шамс Жалаладин Румиге өз маңызын, кимдик акыйкатын, ааламдагы өз ордун үйрөттү. Ырас, бул учурда Мавляна учу-кыйырсыз рухий ааламдын кең мейкиндигинде канат кагууга жараган бүркүткө айланып калган эле. Ал учур Шамс Мавлянаны ошол ары сырдуу, ары бийик мейкиндикке талпынтып, томогосун чечип ак батасын берген кези эле.

Ошентип, Мавляна чыракты чарк айланып учкан көпөлөк сыңары Шамстын жандүйнөсүндө алоолонгон отко кабылып жанып күйөт.

Мавляна «Диван-ы Кабир» аттуу эмгегинде Шамс менен болгон окуясы тууралуу төмөнкүчө кеп салат:

«Шамс Мавлянага:

-Сен аалымсың, башчысың, жетекчисиң, салтанат эгесисиң!.. деди.

Мавляна:

-Бүгүндөн тарта мен мына бул көзүбүз менен көргөн ааламдын аалымы да, башчысы да, жетекчиси да эмесмин... Мен болгону акылдан жогору сен жаккан чырактын шооласы тийген ааламда кедей жана карып жолоочумун!.. деп жооп берди. Андан кийинки кеп төмөнкүчө уланды:

- Сенде дале болсо акыл бар! Андыктан сен Жаратканга татыктуу ашык боло албаган соң бул үйдө чоочунсуң!..

-Андай болсо ушул таптан баштап акылымды жандүйнөмүн кымкабы менен жаптым... Жараткан Аллага бар жаным, бар байлыгым менен ашык болдум. Сенин рухий демиң менен мен эми береги ааламда чоочун эмесмин!..

-Ашыкпай тур! Сенин дагы ишиң бар... Ырас, сен азыр рухий мастыкка жете элексиң! Али береги ааламдын тышындасың!.. Арийне, ал ааламды акыл эмес, ашыглык жарык кылар... Маңдайыңдагыны көрө албай турасың.

-Болду, сенин алоолонгон жандүйнө отуңа жандым. Чар тарабымы ашыглык, рухий мастык чулгап алды.

-Сен бир жамааттын чырагысың!

-Мындан ары ал чырагымы өчүрдүм. Көз алдымда анын саратан коңузунун жылтырак канатынан айырмасы калбады!.. Эми башка чырактын жарыгында жүрөм!

-Ырас, сен тирүүсүң, өлүк эмессиң. Сен азыр сырткы тирүүлүгүң менен турасың! Бул каалгадан тиги жакка минтип чыгууга болбойт! Анүчүн бу дүйнөдөгү убактылуу турпатыңан толук бойдон сыйрылып чыгууң кажет.

-Эми ал артта калды!.. Сени тааныгандан баштап эл билген тирүү жан эмесмин... Мен башка тирүү дүйнөгө тушугуп өлдүм!..

-Жалаладдин, дале болсо напсиңдин тору жайылып турат! Сенде дале мансапка умтулуу бар! Эң ириде мына ушундан арыл!

-Мындан ары өзүң көргөзгөн береги сырдуу да, ары аруу ааламда өзүмө орун издейм... Артта калган бар нерсемди таштадым, алар эми мени түк кызыктырбайт.

-Сенин өз колуң, өз канатың бар! Мен сага башка кол да, канат да бере албайм!..

-Асыресе, ушул саамдан тарта сенин кол-канатың болуу үчүн колумду да, канатымды да кырктым - деп жооп кайтарат Мавляна»

Ошентип, Шамс Мавлянанын акыркы жообун алган соң рухий ааламдын учу-кыйырсыз мейкиндигинде шумкардай эркин сызып учууга белен болуп калганын болжоп, ага жөлөк болчу канат тагып берет... Анткени Мавлянаны Жаратканга туура, түз алып барчу жолдо чабалдыктан оолак тутуп, Жаратканга жарык маанай, жарык жүз менен баруу кусалыгынын береке-кут төгүлгөн жазыгына жалгыз багыттаган эле.

Мына ушундан тарта Жалаладдин Руми чыныгы Мавляна болду. Эң негизги озуйпасы башталды: элге ашыглык таалимин берүү... жандүйнөгө ашыглык отун жагып кемелине келтирүү... Мавлянанын жолун жолдогон Мухаммад Икбал мындай дейт:

«Демейдеги кечтин биринде китепканамда бир күбөнүн түнкү көпөлөккө мындай деп жатканын угуп калдым:

-Ибни Синандын китептерине кирдим. Фарабинин эмгектерин көрдүм. (Алардын түгөнбөгөн саптарында, кала берсе, ар бир тамганын ортосунда жаттым. Бирок) мен бу жашоонун маңызын түк аңдап түшүнө албадым. Эх, жашоомо жарык берчү күн-чырагым болгондо гана!..

Жарым жартылай күйүп калган түнкү көпөлөктүн төмөнкү ары сырлуу, ары маанилүү жообун, балким, эч бир китептен табалбассың. Ал минтип айткан эле:

«Аракет белем, жашоону көркүнө чыгарган?! Күйүү, талпыныш белем жашоого канат кадаган?!»

Чийки элем, быштым, жандым!..

Жандүйнөсү опол тоодой алоолонгон отко жанган Мавляна ашыглык толо, ак деп күйүп-жанган жашоосун үч сөз менен үч баскыч аркылуу мүнөздөгөн:

«Чийки элем, быштым, жандым!..»

Бул өңүттөн анын бар максаты - «адам» атка татыктуу болуу, жетик, кемелине келген инсан боло билүү. Ырас, ал ааламга ар тараптуу туура баа бере алган адам... Ооба, «Чийки элем, быштым, жандым!..» деген сөздүн сырын аңдап кемелине келген, ошол алоолонгон отко жанган адам... Себеби ошол отко жанган инсан гана ак жолдон тайбас. Бул жагдай жөнүндө мындай дейт:

«Эч бир айнек кайра таш болгон эмес. Эч бир токоч буудайга, жүзүм чийки абалына айланган да эмес. Бышып жетилгин да, бузулуудан арыл!»

Киши уулун бышырып жетилтер жалын - бул Алланын ыраазылыгынан оолак калып, кайра Жараткандын ыракымын, ашыглыгын көздөй багытталган кусалык жалыны. Азирети Адам атабыз да дал ушул себептен бейиштен чыгарылып, бышып жетилүүсү, баралына жетүүсү үчүн бул оолак калуу дүйнөсүнө жөнөтүлгөн. Андыктан адам баласы бу дүйнөдө ашыглыкка каныктырылып, эң изги тарбия көрүүсү кажет.

Ашыглык деген эмне?

Бул суроого Мавляна мындайча жооп берген экен:

“Ашыглыктын эмне экенин билгиң келсе, мендей бол!”

Ырас, ашыглык чечмеленип түшүндүрүлгөн сайын мааниси тереңдеп кетчү түшүнүк, асыресе, жүзөгө ашырылганда мааниси чыкчу акыйкат. Такыбаалыктын алкагында жүзөгө ашырылган күндөн тарта ашыглыктын купуя сырлары ачыла баштайт. Жараткан Кудай Таала мындай буюрат:

“Алладан корккула (такыбаа болгула! Билип койгула) Жараткан Алла (силерге билбегениңерди) үйрөтөт” (Бакара, 282).

Адам баласынын таалим-тарбиясы

Мавляна адам баласын оң жана терс жактары, өзгөчөлүктөрү менен аңдап, ошого жараша омоктуу кеп салат. Адамзаада анын "Месневи" аттуу эмгегинен өзүнө тиешелүү сабак алалат. Ырас, нечелеген мусулман эмес адамдар да Месневини окуп Мавлянага өзүнчө баа берип, аны ээрчип, дин Ислам менен жакындан таанышкан. Алсак, Яман Деде да Месневини окуп, ак жолго түшкөндөрдүн бири. Күндөрдүн биринде эл Яман Дедеге:

-Эмне үчүн качан болсо Мавлянадан сөз козгоп, Месневини окуй бересиз? - деп суроо салат. Яман Деде элдин суроосуна төмөнкүчө жооп кайтарган экен:

-Мавляна олуя мени колуман жетелеп, Азирети Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) Пайгамбарыбыздын каалгасына алып барды...

Мына, Мавляна олуя ушундай жандүйнө тарбиячысы, нары устаты. Анын назарында адам баласы бул дүйнөгө көңкү жандуу-жансыздын купуя сырын аңдап түшүнүү үчүн жөнөтүлгөн. Жаныбар атпайдын ар бири өзүнө таандык жөндөм-шыгы менен жер бетинде өз ордун таап, өз милдетин аткарып жашап келет. Ырас, адам баласы да акылы менен жандүйнөсүн туура багытта колдонуу аркылуу "адам" атка татыктуу болот.

Инсан турган турпаты менен ээн чытырман токой сыңары. Токойдо доңуздан түлкүсүнө, булбулунан каргасына, жер жайнаган жыпар аңкыган кызыл-тазыл гүлүнөн курт-кумурскага чейин сан миң кандай ажарлуу жана түрү суук, жагымсыз сыягы туюлган жандуу-жансыз болсо, адам уулунун жандүйнө түпкүрүндө да мына ошолордун баарысы жашыруун же айкын түрдө кулк-мүнөзгө айланган калыбында орун алат. Тагыраак айтканда, адамдын ички дүйнөсү изгиликтин да, түркөйлүктүн да түнөгү. Адам ички дүйнөсүндөгү изгиликти Жараткан Кудай Тааланын көрсөтмөсү боюнча өркүндөтүп көрктөндүргөндө гана "адам" атка арзыйт. Теңирий болмуштун өзөгү - Ыйык Кураны Карим. Асыресе, Мавлянанын адам баласына ар качан мына ушул өңүттөн баа берген.

Өз доорунун кадырман каарыларынан6 Исхак каары бир күнү Азирети Мавляна менен учурашып койуу үчүн келген эле. Мавляна олуя ордунан илбериңки обдула туруп, Исхак каары менен кол алышып учурашып төргө олтургузат. Мавляна сөз баштап мындай дейт:

«Ыйык Кураны Каримди жогору тутуу, аны бийик жерге койуу кандай зарыл болсо, Ыйык Куранды жүрөгүндө сактаган каарыларга да урмат көрсөтүү, аларды төргө олтургузуу ошондой зарыл. Жандүйнөсү Куран нуруна толгон жан тозок жүзүн көрбөс. Бир баракка бир аят жазылса да отко жагылбас. Андай болсо, жүрөгүнө Ыйык Куран толук жазылган жан кантип тозокко түшсүн?»

Кийин ушул жолугушуунун берекеси менен шаардагы каарылар Мавлянага шакирт болушкан.

Устат өз тарбиясына алган шакиртинин жүзү менен кадырлуу да, ардактуу.

Мавлянанын тарбия түшүнүгүндө жадоо, камыгуу, зеригүү, жалкоолук деген нерсе жок. Бирөөнү төмөн көрүү да жок. Анткени устаттар өз шакирттеринин жүзү менен кадырман.

Бул жагдай туурасында Мавляна мындай дейт:

“Арийне, буту сынган адам дарыгерге барат. Дарты бар оорулуу адам болбой, дарыгерлик билимдин пайдасы да, артыкчылыгы да билинбес”.

“Жездин өзү, асылы болбой, химия билими таанылбас”.

“Кемчилик - кемелдиктин күзгүсү. Төмөндүк - бийиктиктин күзгүсү. Каршылык өз карама-каршылыгы менен айкын. Балды ачык суу менен толук аңдоого болор”.

Кептин төркүнү дүйнө мектебинде эң өрнөк шакирт, эң изги устат болобилүүдө жатат. Анүчүн арийне, алгач өзүбүздү, андан соң дүйнөнү жетик тааный билүү кажет...

Дүйнө - бул эмне?

“Дүйнө - бул эмне?” деген суроого Мавляна “Рух зындан” деп жооп берет.

Ал казалдарынын биринде: “Мен иш бүткөрүү үчүн, элди ак жолго жылоолоо үчүн дүйнө абагында жашап келем. Болбосо абак кайда, мен кайда? Кимдин мүлкүн уурдапмын, абакка кадам салгыдай?!” дейт.

Дүйнөдө инсан ар бир кадам сайын көксөөдө уюган жайды көздөй бет алат. Көз ирмеген сайын бу дүйнө менен коштошуу күнү жакындайт. Ырас, рухтун өз жайы - рухтар ааламы. Ал дем алган сайын өз жайын көздөй багыт алат. Көлмө суунун бууланып жок болушу сыңары үнсүз кирип-чыккан дем менен өмүр өтөсүнө чыгат.

Адампенде өзөгү топурак болгону үчүн жерге берилип, топуракта чирип, топуракка айланат.

Көзгө көрүнүп колго кармалган болумуш сыңары көзгө көрүнбөс жан дагы өз жайына кайтат. Рух өзөгү бейиш күлазыгы үчүн даам сызган жан бейишке, тозок азыгы үчүн даам таткан отко жол алат.

Арийне, акыйкаттан асти качып кутулуп болбос. Улуу Жараткан Алла Тааладан да, бизди курчап турган ааламдан да, өзүбүздөн да... Мавляна мындай дейт:

“Кимден качабыз? Өзүбүздөнбү? Бул - болгону куру кыял... Кимден оолактагыбыз келет? Жараткан Алладанбы? Не деген кайдыгерлик! Не деген туңгуюк!..”

“Муну эсиңе түйүп ал; дүйнө - бул акча, байлык, аял, кийим, соода гана эмес, мунун (байлыкты, мансапты ак чийинден тыш колдонуунун) жыйынтыгында Жараткан Алладан капилет болуу (коркунучу бар)...”

Ак жүрөк - Жаратканга толук моюн сунуу

Пенде дүйнөнүн сан миң лаззатына, акка көө жаап, каранын отун тутандырган азгырыкка алданбай, кайдыгерликтин кара канатынан кутулуу үчүн напсини тескеп тарбияга салып, жүрөктү карадан арылтат. Бул учурда ал кара көөдөндөн оолактап, Жараткандын ыракымына, мээримине бөлөнөт. Лупа жалбыракты күл кылгандай, жүрөк Теңирий нурга чүрпөлө руханияттын чордону атыгып, бардык мүчүлүштүк-караны күлгө айлантат. Бул абал жүрөк ак болгондо гана жүзөгө ашат. Ырас, Жараткан Кудай Тааланын алдына жарык жүз менен баруу үчүн ак жүрөккө ээ болуу кажет. Бул жагдай туурасында аятта төмөнкүчө буюрулат:

“Ал күнү (Кыямат күнү) мал-мүлктөн да, бала-чакадан да пайда келбейт! Жараткан Аллага ак жүрөк менен келгендер гана (тозоктон кутулуп, Жараткандын ыракым-жакшылыгына бөлөнүшөт)” (Шуара, 88-89).

Мавляна олуя эң ириде ак жүрөккө ээ болуунун купуя сыры Жараткандын жарлыгына толук моюн сунууда экенин төмөнкүчө билдирет:

“Деңиз өзүнө денесин толук тапшырган болмушту түк тынчсыздантпай, каалгып өз боюна алып жүрүп олтурат. Ал эми тирүү жан учу-кыйырына көз жетпес чалкыган деңизден кантип кутулат? Бул учурда “Өлүмдөн мурда өлүү” купуя сыры менен адамдык сыпаттан арылсаң, береги деңиз сени эч тынчсыздантпай үстүндө каалгытып, мухит ааламын кездирет”.

Адамзааданын бар максаты - бул Жаратканды таанып, ага кулчулук кылуу (ак чийинден чыкпоо). Болмушту, акыйкатты терең аңдап түшүнөбилүүнүн сыры - марифат мухитинен бир тамчы сууга жүз чайуу менен ачылат.

Жараткан Өзү жалпыбызга Мавляна олуянын Жараткан үчүн деген деминен, ашыглыгынан насип буюрсун! Ошол ашыглык менен чоор мисалы кемел инсан болобилүүнү насип кылсын!..

Оомийин!..


АШЫГЛЫК ЖАНА МАРИФАТ

Ашыклык жана марифат - жүрөктү кемелине келтирүүчү, адам ой-түшүнүгүн билимге сугаруучу күлазык. Адам муну менен жети кат асмандын, мираждын жолоочусу атыгат.


Жаралуунун эки купуя сыры

Жаамы жандуу-жансыз эки Теңирий купуя сырдан бүткөн.

1. Мухаббатуллах (Жаратканга бапестелген ашыглык)

2. Марифатуллах (Жараткан Алланы таануу, Ага моюн сунуу)

Ырас, бар жандуу-жансыз мына ушул эки сырдын алкагында жаралган. Кудсий хадисте:

“Мен көмүскө казына элем. Билинүүнү кааладым. (Ошондуктан) Бул ааламды жараттым” делет (И. Хаккы Бурсави, Канз-и Махфи).

Бул өңүттөн, Алла Таала бар болмушту өзүнүн көркөм чебердүүлүгүн жана чексиз Кудуреттүү экенин көргөзүү үчүн жараткан. Болмуштун арасынан Теңирий көркөм чебердүүлүккө артыкча ширелген адам баласына ашыглык жана марифат кемел даражада ыроолонгон.

Асыресе, инсандын жаралуудагы максаты жалгыз Жаратканды таанып, Анын ак жолунан жүрүү. Бул максаттын алкагында болмушту, акыйкатты терең аңдап түшүнө билүүнүн сыры - марифат мухитинен бир тамчы сууга жүз чайуу менен ачылат.

Андыктан ак жолдо эң изги үлгүнүн түйүнү Жараткандын ашык, ариф пендеси болууда жатат.

Анткени ашыглык жана марифат - жүрөктү кемелине келтирип, ой-чабытты билимге сүңгүтүүчү күлазык. Адам муну менен жети кат асмандын, мираждын жолоочусу атыгат.

Мына ушул жерден Мавляна олуя адам уулу үчүн мухаббатуллах жана марифатуллах илими өтө зор мааниге ээ экенин баса белгилеп:

“Ар бир билимдүү өз тармагына жараша геометрия, астрономия, дарыгерлик, философия билимдерин ийне-жибине чейин билиши мүмкүн. Ырас, алар билишет, бирок булар көз-ачып жумгуча өтө турган бу дүйнөгө таандык билгилик. Булар киши уулуна жети кат асмандын өтөсүн, миражга кетчү жолду көргөзбөйт”

“Жараткандын ары ыйык, ары аруу ыраазылыгына, ыракымына алып барчу билгиликке акка кара көө жапчу азгырыктан кутулалбаган, напсиге тизгинин карматкан кайдыгерлер ээ болалбайт. Буга жандүйнө эрендери атыккан ариф-көрөгөчтөр гана ээ болушат” - дейт.

Бул өңүттөн пендени Жараткан Алланын ыракымына бөлөчү жападан жалгыз жол - бул ашыглык жана марифат. Мына ушул жолдон Жаратканга бет алгандар көксөөсүнө, алдыга койгон улуу максатына ылдам жетишет. Ооба, Улуу Жараткан Алланын:

“Алла Таалага ылдам багыт алгыла!..” (Зарият, 50) деген буйругу төгүн жерден эместир.

Ашыглык жана марифатуллах жолу

Жараткандын ыраазылыгы, мээри катылган ашыглык жана марифатуллах жолу аппак барак сыңары. Аппак баракка жазылган жазуулар да так, даана, ачык болуп, аны жалгыз Жараткан Кудай Таала өзү окуйт. Бул багытта Алла Тааланын сүйүктүү пенделери өмүр өргөөсүндө береги баракка кара так түшүрбөө үчүн бар күчү менен жанүрөшөт.

Мындай бийиктикке Жараткан Алланы ылайык таанып-билүү аркылуу, Ага татыктуу түрдө кулчулук озуйпасын аткарып, такыбаа болуу менен жетүү мүмкүн. Ырас, адамдын Жараткан Алла жөнүндөгү билгилиги, марифат жана ашыглыгы арткан сайын Жараткандын азабынан коркуу, Анын ыракымынан айрылуу коркунучу, такыбаалык ошого жараша артат. Аалам Ардагы атыккан Азирети Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) Пайгамбарыбыз куттуу хадистеринин биринде мындай буюрат:

“Мен Алла Тааланы баарыңардан эң жакшы таанып-билем. Андан баарыңардан катуу корком” (Бухари, Адаб, 72; Муслим, Фадаил, 127)

Бул такыбаалык акыл-ой менен билинген эмес, жандүйнө менен туюлуп, жүзөгө ашкан такыбаалык. Жараткан Кудай Таала Ыйык Куранда төмөнкүчө буюрат:

“Ал (наадан каапыр) - (Аллага) моюн сунуп, түн ичинде сажда кылган жана тик турган абалда (намаз окуп), акырет (азабынан) коркуп, Жараткандын ырайымынан үмүт кылган адам сыяктуу болалмак беле? (Эй, Мухаммад!) Аларга: “Билгендер менен билбегендер тең боло алабы?” деп айт. Чындыгында акыл ээлери гана (Курандан) насаат алат” (Зумар, 9)

Демек, Жараткандын алдында чыныгы илим - бул адампендени такыбаалык, коркуу туюм-сезимине беттеген илим, асылы, марифатуллах илими. Марифатуллахка жетүү үчүн Ыйык Куран аятында белгиленген төмөнкү жагдайларга көңүл буруу кажет:

1. Түнүчүндө туруп, намаз окуп Жараткан Аллага жалбаруу.

2. Ар качан, ар жерде ар бир таштаган кадамыбызда акыреттеги суракты жадыдан чыгарбоо.

3. Жараткан Алланын ыракымына үмүт байлап, дайыма Жалгыз Өзүнө гана дуба-мунажат кылуу. Асыресе, алп рухтар ар дайым дуба абалында өмүр сүрөт.

Ислам аалымдары мындай дешет:

“Ыйык Кураны Карим маанилүү үч бөлүктөн турат:

1. Ашыглык жана марифатуллах

2. Акыретке ак дилден ишенүү

3. Ак жолдо өмүр кечирүү.

Дал ушул үч жагдай мусулман баласы үчүн жашоо мыйзамы аталган Ыйык Курандын эң иридеги максаты, негизги маселеси. Калганы мына ушул үч маселенин алкагындагы темалар”.

Ашыглык жана марифат сапары

Марифат сапарына ак, таза жүрөк менен, Жаратканга бапестелген ашыглык менен чыгууга болот. Бул жолдун орошон залкарлары мындай дейт:

“Эй, марифаттын жолоочусу! Бул жолдо сабырсыздыкты сабырга, унутчаактыкты зикирге, кесирликти шүгүрчүлүккө, баш көтөрүүнү моюн сунуучулукка, сараңдыкты марттыкка, күдүктү айкын-тунуктукка, озуйпаны ыкласмандыкка, күнөөңдү тообага, жалганды акыйкатка, капилеттикти терең ой-жүгүртүүгө алмаштырмайын бир да кадам алдыга арымдай албайсың!..”

Ырасында баарыдан мурда адал азыкка өтө аяр мамиле жасоо зарыл. Себеби адал азык тулку бойдо хикматка, илимге жана марифатка дем, ал эми жандүйнөдө Жараткан Аллага бапестелген ашыглыкты ойготот. Бул болсо Жаратканды дагы да жакындан таанып, кулчулук озуйпабызды толук орундап, ак жолдо жүрүүбүзгө (марифатуллахка) өзгөчө өбөлгө, өзүнчө төтөк. Арам азыкка аралашкан жандүйнө, эч качан марифаттан даам сызалбайт. Имам Газали (Алла ыракымына бөлөсүн!) мындай дейт:

"Бул дүйнөдө марифаттан даам таталбаган адам акыретте Жаратканды көрүү бактысына жеталбас. Дүйнөдө мээнет кылып акысын бербеген нерсеге ал адам акыретте кантип ээ болсун?!.. Бул жерде ким эмне эккен болсо, акыретте ошону орот. Ар ким өмүр сүргөнүнө жараша көз жумат жана ким кандай көз жумса, кыяматта дал ошондой тирилет. Ооба, дүйнөдө марифатка, Жалгыз Кудай Тааланы таанып, Анын буйругу боюнча кадам таштоого канчалык жанүрөсө, акыретте анын акыбетин көрөт”.

Жаратканга бапестелген ашыглык жана марифатуллах балтатымы

Баяндамалардын биринде төмөнкү окуя баяндалат: Күндөрдүн биринде Азирети Иса пайгамбар тенинде ала-буласы бар, чапжаак, арык-чырай бир адамга жолугат. Береги адам:

"Оо, Жараткан! Сага миң мертебе шүгүр! Эчендеген пенделериң тушуккан дарттан мени оолак кылдың!.." деп жаткан эле.

Иса (алейхиссалам) тиги адамдын ой-максатын сыноо үчүн ага:

-Ээ, эрен! Кудай Таала сенден кайсыл дартты алыстатты болду экен?! -дейт.

Анда береги киши эт-жүрөгү болкуп:

-Эй, Рухуллах! Эң жаман, эң коркунучтуу илдет - бул эт-жүрөктүн Жараткандан кайдыгер болушунда. Миң мертебе шүгүр! Жараткан Алла Таала мени мына ушундан сактады. Анткени мен Жараткан Алланын жүрөгүмө салган ашыглык отуна жанып, марифатуллахтан бал даам сызып келем. Мына ошондуктан мындан сырткаркы дүйнө нематтарын көрбөйм да, сезбейм - деп жооп берген экен".

Мына ушундай ашык, ариф жандар Жараткан Кудай Таалага бапестелген ашыглыктын да, марифатуллах кенчинин да эң көркөм, эң бир ажайып кооз өргөөсү. Ошондуктан кемелине келген инсандын жүрөгү рухий өңүттөн «байтуллах» «Жараткандын даргөйү» атыккан.

Ырас, ашыглык жана марифат нуру мүлдө ашык-арифтер үчүн эки дүйнөсүн тең бейишке айланткан өзгөчө насип, өзүнчө оомат да, купуя сыр.

Ашыглык даны жана марифат нуру

Шах-ы Накшибанд олуя тасаввуфтук тарбияда ашыглыкты данга, марифатуллахты күнгө окшотуп:

"Биздин озуйпабыз жандүйнөдөгү убактылуу ыпластыктарды тазалоо, көөдөнгө ашыглык данын сээп, эгилгенин ак замзам суусу менен сугарып, жаңыдан кылайып чыгып калган кезде марифатуллах күн нуру менен ыкластуу, берекелүү бетегеге айлантуу" дейт.

Анткени адампенденин Аллага бапестелген ашыглыгы Жараткандан башкага болгон сүйүүдөн жогору болмоюн, ак жолдун чыныгы жолоочусу болалбайт. Анүчүн Улуу Жараткан Кудай Тааланы чексиз сыпаттары менен таанып билүү шарт. Ооба, ак жол - бул марифатуллах.

Жалгыз Жараткан Өзү мындай буйрат:

"Сен (Жараткандын) буйругу боюнча туура, ак жолдо жүр!.." (Худ, 112).

Бул аят Азирети Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) Пайгамбарыбыздын сакал-чачына ак түшүргөн. Асыресе, ал Жараткандын ак жолунан түк тайбаганы Курандын жүрөгү атыккан Ясин сүрөсүндө билдирилет. Ырасында эле Алла Элчиси үммөтүнүн абалын, келечегин ойлоп, түбөлүк бакыты, бейпилдиги үчүн күйүп жанган.

Анткени ак жолдо өмүр кечирип, Жаратканга сүйүктүү пенде болуп, Анын алдына жарык маанай менен баргандардын бу дүйнөдөгү Жараткан үчүн, ак үчүн деген кайратынын алгы белгиси жана алгы акыбети, сообу жөнүндө төмөнкү аятта мындайча билдирилет:

"Чынында да "Эгебиз Алла" деп ак жолдо жүргөндөргө периштелер түшүп: "Коркпогула! Кайгырбагыла! Силерге убада кылынган бейиш кубанчына бөлөнгүлө" дешет" (Фуссилат, 30)

Жашоосун мына ушул чийин менен эң аруу, эң улуу ашыглыгын Жаратканга арнаган, марифатуллахка бөлөгөн адам баласы напсинин каракүчүнөн, шайтандын азгырыгынан оолак болот. Жалгыз Жараткан Алланын ыраазылыгына гана талпынат, канат кагат да, умтулат. Жандүйнө гүлзарында Жараткандын нары жанга жагымдуу, нары жанды балкыткан чексиз ыракымына, мээримине бөлөнөт. Бул кезде ал көз-кулактын өтөсүндө рухий ааламга бет алып, бар аалам ага сырдуу, ары улуу сөзгө айланат. Ошентип, анын марифат нуру эки дүйнөдө тең өчпөйт.

Марифат көсөмү Абу Саид ал-Харраз (куддиса сиррух) түшүндө шайтанды көрүп, ордунан обдула асасы менен урууга жанүрөйт. Дал ушул учурда шайтан:

"Эй, Абу Саид! Мен алдагы асаңдан коркпоймун. Анткени сенин асаң жөнөкөй таяк. Мен ариф-көрөгөчтүн ак жүрөгүнөн жаралган, болмушту күлгө айлантар марифат нурунан корком" деп жооп кайтарган экен.

Чынында да, марифатуллахка жеткен кемел адам Алла Тааланын ашыглыгына арналып, жалынга жалбырттаган жалбыракка окшотуп азгырык каракүчкө от койуп, напсисин анын ыпластыгынан арылтып өмүр сүрөт. Ошентип, кемел инсандын ашыглыкка балкыган жандүйнөсү нур чачкан куттуу жайга айланат да, ал элдин эт-жүрөгүнүн түпкүрүнөн түнөк таап, кадырман адам болот. Жараткан Алла анын өмүр кенчине береке берип, өркөнүн өстүрөт. Көз жумгандан кийин да мусулмандын жандүйнөсүндө жашай берет.

Мына ушундай бак-таалайга бөлөнгөн адам уулу элге эни түшүп, алар дүйнөнүн убактылуу сан түр лаззатына алданып, шайтандын азгырык-торунан алыс болуу үчүн, акка жылоолоо үчүн бар кайрат-күчүн жумшаганы жумшаган. Ал ар качан мактаныч, менсинүү, текеберлик өңдүү жерик сапаттардан коргонот. Калк арасында Жараткан Кудуреттин Өзү менен бирге өмүр кечирет. Жараткандын жарлыгын жандили менен сүйүп аткарып, Жараткандын макулугуна7 жылуу-жумшак, боорукерлик менен, мээримин төгө аяр мамиле жасайт. Асыресе, Аллага арналган ашыглыктын айдыңында заалымга, акылы жетип, көзү көрө туруп, бирок алдындагы Жараткандын жакшылыгын көралбаган карама сокурга, кесирге кеңирсип кучак ачпайт. Болгону мээрим тамчысынан улам алар үчүн жаны сыздап, Аллага алакан жая, аларды ак жолго алуусу үчүн дуба кылат. Мал-мүлк, байлык, айтор, дүйнө кенчи ага кайыр-садага үчүн гана зарыл. Себеби ал өзүн марифатуллахка, Жараткандын учу-кыйырсыз чалкыган мээрим мухитинин байсалдуу жандыгы болууга арнаган эле. Эми ал будүйнөнүн бар көйүнөн арылган, «адам» атка татыктуу да, ардактуу инсан. Өмүр бою дүйнө көшөгөсүнүн өтөсүнө көзү өтүп, көрөгөч көсөм тартат.

Көсөмдүк күзгү

Адам баласы тени менен эмес, өзөк руху менен адам атка ылайыктуу болгондуктан кулдуктун кемелине рухтун кеңдигине жараша жете алат. Ар күнү көз алдыбызда турган жер бети, айлана, көк асман Теңирий ашыглыкка жуурулган адамзаада үчүн акыл-эске көрөңгө, дем болор өзүнчө көсөмдүк күзгү. Бул күзгүдөн эмнени гана көрүүгө болбойт! Андан мүлдө акыйкатты дагы да жакын, дагы да айкын көрүүгө бололт. Ал бизге мынабу акыйкатты айдан ачык көрсөтөт:

Дүйнөгө таандык күндөр Теңирий ашыглык, марифат, жана акыреттик күлазыктан оолак, миң түркүн азгырык лаззаттар менен өткөн өмүрдүн өтөсү өкүнүчтүү, кайгылуу болору айкын. Дал ушундай өмүр кечирген киши баласынын бу дүйнөдөгү акыркы түнүн сүрдүү да, коюу караңгылык, айбардуу туңгуюк чулгап алары да айкын. Ырас, түбөлүккө багытталган сапарда ушундай муңдуу, ары аянычтуу акыбетке тушуккандар оголе арбын. Напси араанын ачып, каракүч азгырыктын аңызында «адам» атты «айбан атка алдырган адам тозок оттун чок ортосуна кадам салат.

Андыктан багытты бейиш багына буруу үчүн ашыглык данын марифатуллах күн нуру менен өндүрүү, оожалтуу кажет. Анүчүн бул дүйнөнүн көздү уялтар келип-кетчү кенчин колго алуу, байлыкты жүрөктөн сырт кармоо (ак жолго колдонуу), асыресе, утурумдук сан миң лаззаттан, шайтан азгырыктан оолак болуу зарылчылыгы күч. Ибрахим бин Атхамдын өмүр кенчи ашыглык-марифат дайрасына эң сонун мисал боло алат:

Түн. Теребел кулак-мурун кескендей тынч. Түн каадасындай күңүрт, туңгуюк. Ибрахим бин Атхам тактысында отуруп уктап кетет. Бир кезде кансарайдын үстүндө бир топ адам жүргөндөй кымкуут добуш чыгат. Ибрахим ордунан обдула туруп, буркан-шаркан түшүп:

-Ким бул? Түндүн бу саатында ким жүрөт бул жерде? - деп бакырат.

Эч камырабаган жооп келет:

-Жоголгон төөбүздү издеп жүрөбүз?

Ибрахим жаны кашайып:

-Сарайдын үстүндө каяктагы төө, акмактар?!- деп кайра айкырат.

Анда бул жолку жооп маанилүү да, сырлуу да эле:

-Эй, Ибрахим бин Атхам! Сарай үстүнөн төө издөө барып турган наадандык, кайдыгерлик экенин айкын аңдай туруп, үстүңдөгү кымкап тон, башыңдагы таажы, колуңдагы ажо камчы, олтурган тактың менен Жараткандын ыраазылыгын издеп табуу мүмкүн эместигин дале билбейсиңби?!

Дал ушул сөз Ибрахим бин Атхамдын сай сөөгүнө жетип, мурунтан көп акыл калчап аңдоого аракет кылган рухий мейкиндикке канат кагат. Ошентип, Жаратканга ыкласман пенде тартып таажысын да, тактысын да таштап биринин артынан бири буралып түшкөн албуут толкун сыңары жандүйнө шапатасы жай тарта Теңирий ашыглыкка, марифатка бет алат. Ал ушундан кийин айтылуу Ибрахим-и Атхам болуп, олуялардын кербенине кошулган экен.

Шарияттын өзөгү

Ибрахим бин Атхам сыяктуу ашыглык дайрасында каалгып, ыймандан ихсанга карай жогорулай билгендер ааламдын көзү да, өзү болушат. Булар чыныгы кемелине келген пендезаттар. Дайыма Жаратканга кулчулуктун туучокусунда өмүр сүрүшөт. Мына ошондой инсандардан Юнус Эмре адамга Жараткан Алланын ыраазылыгына багытталган сапары үчүн зарыл талаптарды белгилеп, марифатты акыркы жана эң жогорку талап катары эсептеп мындай дейт:"Шарият, тарикат деген - ак жолго сапар тарткан адам үчүн жол. Ал эми марифат болсо, дал ошол шарияттын да, тарикаттын да өзөк көрөңгөсү".

Ырас, ак динди ички жана тышкы көрүнүшү менен толук жашагандар анын өзөгүндөгү улуу акыйкатка туш болот. Андан кийин береги өзөктүн түпкүрүндө катылуу Теңирий марифатка жетет. Бул учурда көөдөн көзү эки ааламга бирдей ачылат. Пендезат ар жерде Жараткандын чексиз кудуретин көрөт. Бул абал керемет эмес, сүйүү-ашыглык менен марифатка жеткен жандын кадыресе табигый өзгөчөлүгү, артыкчылыгы. Ооба, ак жолдо бийик сереге жетүү үчүн жанүрөгөндөр өмүр бою дал ушул артыкчылыкка ээ болууга бар кайратын, бар күчүн жумшайт.

Тасаввуфтун максаты

Тасаввуф - пендезаттын жандүйнө күлазыгы, асыресе, аны изги адеп-ахлакка сүрөп, Жараткандын сүйүктүү пендесине айлантып марифатуллахка алпарчу илим, ары жашоо ыңгайы.

Тасаввуфтун өзөк максаты - жандүйнөнү ток, тынч, бейпил абалга алып келүү. Пендезатты Жаратканга бапестелген ашыглыктан, марифатуллахтан даам сызар абалга жеткирүү. Пендезат дал ушул багыт аркылуу Жараткандын алдына жарык жүз менен баралат.

Анүчүн алгач жандүйнөдө ашыглык даны өнүп өсүшү керек. Улуу ашыглык өнүп-өскөн кезде Жаратканды жүрөк менен туюу, таануу (марифатуллах) пайда боло баштайт. Бул - илимдин ирфанга (таалим жана окуу менен алынбаган билгилик, акыйкатты сезип аңдоо, Жаратканды таануу, Анын кудуретин, улуулугун билүү) айлануу жараяны деп аталат.

Мына ушундай жүрөк мектеби атыккан тасаввуф ашыглык жана марифатуллах айдыңында пенде жандүйнөсүнөн миражга карай ачылган өзүнчө рухий мейкиндик. Анткени ар бир болмуш асыл өзөгүн көксөйт, ошого ашыгат, арналат. Дене топурактык болгону үчүн топуракка ийкем, ал эми рух Жараткан тарабынан болгону үчүн рухий жашоого ийигет, талпынат. Бу багытта Мавляна мындай дейт:

"Дене бакчага, гүлзарга ийкем. Рух болсо акылмандуулукка, рухий билгиликке жана марифатка ийкем. Рух ар качан рухий өмүргө жанүрөйт. Ал дайыма тирүү, түбөлүктүү, ааламды жараткан жалгыз Алла Таалага куса! Анткени рухтун өзөгү орунсуздук, мейкинсиздик"

Рухтун ушул муктаждыгына жооп берүү үчүн жалгыз Жараткан Өзү пайгамбарларына төмөнкү үч озуйпаны жүктөгөн:

1. Жараткан Алланын ак динин элге жеткизүү,

2. Адампенденин жандүйнөсүнө дем болуп, таалим-тарбия берүү,

3. Дал ушул тарбиянын натыйжасында Ыйык Китептеги акыйкаттарды, ааламдагы купуя сырларды ачып үйрөтүү.

Марифат акыйкаты - алсыздыкты аңдоо

Ислам залкарлары илим багытында мындай дешкен экен:

"Илим - аңдоо. Аңдоо болбой, илим болбойт. Аңдоонун сереси - марифатуллах. Бул өңүттөн алып караганда марифатуллах - бар илимдин өзөгү. Илимдер береги илимге жакындыгына, багытталышына жараша мааниге ээ..."

Ыйык Куранда аалым сөзү марифат билгилигине ээ болгон адам үчүн колдонулуп, анын көзгө басар сапаты катары такыбаалык экендиги билдирилет. Ырас, аятта мындай буюрулат:

"... Чындыгында, пенделеримдин билимдүүлөрү (аалымдар) Алладан коркушат..." (Фатыр, 28)

Бул жердеги коркуу адамдын үрөйүн учурган коркуу эмес. Ашыглык коркуусу. Тагыраак айтканда, Жараткандын ыраазылыгына, мээримине, ашыглыгына арзыбай калуу касырети. Бул касырет акылдан мурда жүрөк көөдөндө көтөрүлөт. Андыктан баарыдан мурда илим ирфанга айланышы кажет. Илимди ирфанга айлантпай, аны акылдын гана алкагында кармап, напси добулунда гана буркан-шаркан түшүргөн билгилерди Жараткан Кудай Таала Жума сүрөсүндө том-том китеп ташыган жаныбарга салыштырат.

Юнус Эмре марифат акыйкатын ыр саптарында адамдагы, сөздөгү жана бар ааламдагы купуя сырларды кучагына алган түбөлүктүн билгилиги дейт. Тил менен айтуу оңойго турган береги билгиликке, чынында да, толук аныктама берүү оголе зор. Ырас, ар ким мындан өз кудуретине, жөндөмдүүлүгүнө, кайратына жараша насиптар болуп ырахат алат. Бул багытта аалам Ардагы атанган Азирети Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) Пайгамбарыбыздын:

"(Оо, Жараткан!) Сага татыктуу түрдө алкыш айтууга күч-кудуретим жетпейт! Сен өзүңү кандай мактоого алсаң ошондойсуң!" (Муслим, Салат, 222) деп буюрганы бар.

Ооба, марифат! Кептин төркүнү дал ушундай ирфан менен жалгыз Жараткан Кудуретке ашык жана ариф пенде боло билүүдө жатат.

Ашык-арифтердин артыкчылыгы

Ашыглык жана марифат киши уулуна өтө жогору даражада дес берип, аны адамдык бийик касиетке эгедер кылууга себеп болот. Бул касиетке ээ адамга көзгө көрүнбөс периштелер да, жети кат асман да ирменет. Арийне, адам баласы үчүн бул артыкчылыкка ээ болууга ашыглык жана марифат жетиштүү. Анткени Жараткан Алланын алдына ашыглык жана марифат аңызынан өз ырыскысын алып барган бак-таалайлуу жанга "Эмне алып келдиң?" эмес, "Кандай каалоо-тилегиң бар?" деген собол узатылат.

Баязид-и Бистами көз жумган соң досторунун бири аны түшүндө көрөт. Досу түшүндө Баязидден сурайт:

-Ээ, Баязид! Ал-абалың кандай?

-Периштелер алгач мага: Эй, зат! Бул жакка эмне алып келдиң? Эмнең бар? дешти. Мен жооп иретинде: Кожоюндун каалгасына келген адамга эмне алып келдиң деп суроо жакшы эмес, кандай тилегиң бар деп суроо ырас, дедим. Анда алар: Андай болсо кандай каалооң бар? дешти"

Мавляна олуя Баязид-и Бистами сыяктуу жандүйнөсү Теңирий ашыглыкка балкыган арифтердин кадыр-баркы жөнүндө мындай дейт:

"Арифтердин марифат сурмасы бар. Сен ошол сурманы таап көзүңө кой. Көз нуруң ай-ааламга жетсин!"

"Ариф ар дайым Кожоюндун такты алдында турат. Катардагы мусулман жол алар, сапар тартар, бир айда болгону бир күндүк жол жүрөр!"

Анткени ариф - бул ашык пенде. Ашыглык менен арымдап жол тартат. Ал турган жеринен Жаратканды көздөй ашыглыктын артыкча күчү менен ылдам сапар алат. Акырында көөнү көздөгөн көксөөсүнө көтөрүлөт. Жараткандын кең мээрине, ыракымына, ыраазылыгына бөлөнөт. Ал эми ак дин менен супсак, жуурулушпай жашаган жан Алладан корккону үчүн гана Ага бет алат. Башкача айтканда, анда ашыглыктан мурда коркуу үстөм. Коркуу жолду узартат, бир күндүк жол бир айга узайт. Бу өңүттөн Мавляна арифтер жөнүндө мындай дейт:

"Ариф ак жолдун да, такыбаалыктын да жаны. Марифат - өткөн өмүрдө өмүр сүргөн такыбаалыктын өнүмү. Такыбаалык - дан себүү. Марифат - түшүм"

"Арифтер бүгүнкү күндүн да ажосу, эртеңкинин да. Кабык ширин өзөккө дайыма ашык, дайыма кул боло келет"

"Арифтин көзү эки ааламда тең киши уулуна чырак. Ар ким, алтургай падышалар да анын жардамына жанашат, жардам алышат!"

"Көзү Кожоюндан түшпөгөн, Андан башкага түк бет албаган Азирети Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) ошол себептүү ар бир эт-жүрөгү жалындаган жанга, ар бир көкүрөгүндө дарты бар дармансызга эм болду"

"Ырас, ариф кул отурган жеринен купуя жол аркылуу жүздөгөн дүйнөнү кезет. Ал ар бир дүйнөдөн жалгыз Жаратканды гана көрөт"

"Арифтердин көөнүндө эчендеген сырлар катылуу"

Кыскасы, чыныгы ашык-арифтер дал ушундай бийик адамдык касиеттерге ээ. Алар ар түрдүү жерик кулк-мүнөздөн оолак, утурумдук жат сапаттардан аруу, тек ак акылакка гана арымдаган ардактуу пенделер.

Майрам

Ашык-арифтердин өмүрүнүн ар көз ирмеми ыракым, береке-кут тартуулап, ибадат менен өтөт. Акыркы деми түбөлүк майрамга айланат.

Үстүбүздөгү куттуу Рамазан айында көөдөн аңызына ашыглык данын сээп, ага марифат күлазыгын берсек, Жараткан насип буюрса, анын өнүмү ылдам да, берекелүү да, жигердүү да болот. Анүчүн аңызга арык казып ашыглык менен марифатка абадай зарыл муктаждыктарды аткаруу орундуу.

Ырас, ибадатыбызды ышкы менен орундоо, орозобуздун берекелүү, куттуу болушу ашыглык-марифаттын талабы.

Канаты сыныкка канат болуу, жетимге жөлөк, өксүзгө өбөк, сызда калганга көмөк болуу, аргасыз армандууга арка болуу да аталган марифат-ашыглыктын нышаанасы.

Көз жумган көкүрөк боордошторубузду жадыбыздан чыгарбоо, алар үчүн Алланын ак жолунда садага арноо, аларга Куран багыштап сүйүндүрүү да марифат-ашыглык үчүн кажет.

Бирөөгө аң казбоо да, бирөөнүн сага казган аңына түшпөө да ашыглык-марифат үчүн зарылдык.

Өзүбүздү, бүлөбүздү, чүрпөбүздү тозок отунуна айландыруудан сактап, бейиш булбулу болуу үчүн бар кайратты жумшоо, ак жолдун билгилигин билүү, асыресе, Ыйык Куран-ы Карим тарбиясы, Азирети Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) Пайгамбарыбыздын таалими менен жуурулуша жашоо да ашыглык-марифаттын шарты.

Бар рухий дөөлөттөрүбүз менен өмүр өткөрүү, элибизге, жерибизге, киндик кан тамган алтын топурак ата конушубузга ээ чыгуу да марифат-ашыглыктын талабы.

Ооба, Жараткан Жалгыз Алла Тааланын буйрук-жарлыгына моюн сунуу, Анын учу-кыйырсыз ыракымына, ыраазылыгына ылайык ырыстуу жан болуу үчүн, Жараткандын жандуу-жансызына жарашык жароокер, боорукер болуу үчүн кандай талап-шарттар зарыл болсо, ошонун баарысында барал болуунун өзү ашыглык-марифаттын кереги.

Мына ушул талаптар орундалган кезде өмүрүбүздүн ар бир көз ирмеминде марифат нуру жолубузга шам чыракка айланат. Алган арымыбыз бейиштин бийигине барып тыным алат. Колундагы наристесин унутта калтырар айбардуу акыр кыямат таңы ашык-арифтер үчүн түбөлүктүү майрам таңы башталат.

Оо, Жараткан! Бизге да дал ушундай таалайлуу таң тосууну насип буюра көр! Эки күндүк дүйнөнүн сан миң машакат-сыноосунда бизге сабырдуулук бере көр! Илдеттүүгө эм, дарты барга дабаа, карызы барга канимет ыроолой көр! Жылдар бою зордук-зомбулукка дуушар болгон момун-мусулман бордошторубузга Жалгыз Өзүң жар боло көр, оо, Жараткан Кудай Таала!

Оо, Жараткан Алла! Өмүрүбүздүн өтөсүнө жалгыз Өзүңдүн гана ыраазылыгыңа ылайык ак жолдо ашыглык-марифатуллах менен чыгууну насип кыла көр!

Оомийин!..


2-БӨЛҮМ

Азирети Мухаммад Пайгамбарыбызга бапестелген сүйүү

Сүйүүнүн эң изгиси жандүйнөнү жандуу кармаган күрдөөл сүйүү эсептелет. Мындай сүйүү нуру өчпөс күн сыңары


Сүйүүнүн туруктуулугу

Сүйүү - жүрөк ааламынын абалына жараша даражаларга бөлүнөт. Айрым көөдөндөр солгун, айрымдары толкун сымал күрдөөл, шайдоот келет. Солгун жандүйнөлөр сүйгөнүнө жетүү жолунан өтө албайт. Бул жолдогу бөгөттөргө, кыйынчылыктарга туруштук бералбайт. Ал эми жүрөгүндө биринин артынан бири буралып түшкөн бийик толкун сыңары күрдөөл сүйүүсү барлар дабан-ашууларды каптаган деңиз сымал эчендеген бийиктикти басып өтүп, сүйгөнүнүн сүйүүсүнө арзый алышат.

Бул өңүттөн сүйүүнүн эң изгиси жандүйнөнү жандуу кармаган толукшуп турчу сүйүү эсептелет. Мындай сүйүү нуру өчпөс күн сыңары. Улуу Жараткан Кудай Таала аятта муну майтарылбас «бекем сүйүү» деп сүрөттөйт. Майтарылбас сүйүү - бул сүйүүнүн ашыглыкка айлануусу.

Ырас, сүйүүдө туруктуулук жандүйнөдөгү күрдөөл сүйүүгө, ашыглыкка түздөн-түз байланыштуу. Асыресе, Жараткан Алла жаамы жандуу-жансызды сүйүү кудурети менен жараткан. Кудси хадистердин биринде:

«Мен көмүскө кенч элем. Билинүүнү кааладым. Ошондуктан бул ааламды жараттым» (I. Hakkı Bursevi, Kenz-i Mahfi) деп буюрат жалгыз Жараткан Өзү.

Бу өңүттөн Алла Тааланы чексиз ажайып жаратылышына назар салып Жараткандын улуулугун, ыракымын аңдап сүйгөн пендени Улуу Кудай Таала сүйүп да, ыраазы кылып да кубантат. Мындай зор бакытка тушуккандар Алланын сүйүүсүнө арзыган ыкласмандар, шейиттер, ыраскөйлөр жана өзгөчө пайгамбарлар сыяктуу тандамал пенделер эсептелет.

Аалам - сүйүү мектеби

Алла Таала жандуу-жансызга сүйүүнү жогору өлчөмдө ширеткен экен, аалам адам баласы үчүн ашыглык мектеби болгон, анда ар түрдүү ары ийги, ары улуу сүйүү сабагы өткөн. Аллага болгон сүйүү, үй-бүлөгө, адамга, балага болгон сүйүү, пайгамбарга бапестелген сүйүү, мугалимге болгон сүйүү, сый-урмат ж.б.

Бул жерде сөз оролу Азирети Пайгамбарыбызга бапестелген сүйүү бир гана инсаният тарабынан эмес, башка жандуу-жансыздын да Акыркы Пайгамбарга болгон ашыглыгы туурасында болмокчу. Ырас, жандуу-жансыздын Азирети Мухаммад Пайгамбарыбызга бапестеген ашыглыгы биз үчүн да эң ийги үлгү боло алат.

Жансыз деп саналган заттардын Пайгамбарыбызга деген сүйүүлөрүн алтын доордо эл ачык айкын түрдө көрө алышкан.

Бул мужизалардын бири курма дүмүрүнүн ыйы.

Курма дүмүрүнүн ашыглык көз жашы

Бар ааламдын Мырзасы Пайгамбарыбыз бир курма дарагынан калган дүмүргө жөлөнүп алып жамаат менен дилмаек кура турган. Убакыт келип Пайгамбарыбыздын сүйлөгөн сөзү кээ бирине угулса, кээ бирине угулбай, мечитке эл батпай калат. Мына ушул себептен мечиттин төр жагына минбар тургузулат. Алла Элчиси алгачкы жолу Набави мечитиндеги жаңы минбарга чыгып элге кутба окуйт. Мурун Алла Элчиси жөлөнүп алып дилмаек курчу береги дүмүр Пайгамбарыбыздан айрылгандыгын билдиргенсип, кадимки жаны сыздаган адам сыңары добуш чыгарып ыйлай баштайт. Бул добушту Пайгамбарыбыз да угат. Ошентип, Алланын акыркы Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам) дүмүрдү сооротуу үчүн минбардан түшүп, дүмүрдүн жанына басып барып жылуу-жумшак гана куттуу колдору менен акырын сылап коет. Ошол замат курма дүмүрү эне мээримине бөлөнгөн баладай ыйын басып, көңүлү ыраазы болгондой тынчып туруп калат» (Бухари, Жума, 26; Тирмизи, Манакиб, 6/ 36;27). Пайгамбарыбыздын мындай нары сылык, нары аруу, кала берсе аша бийик адамдык касиети менен курма дүмүрүн болсо да сооротуп, тынчтандыруусу ошол жерде отурган адамдарга гана эмес, бүтүндөй адам баласына эң изги үлгү болуп келди жана да кыяматка чейин мүлдө инсаният үчүн үлгү бойдон кала бермекчи.

Мухаммад Пайгамбарыбыз баягы курма дүмүрүн айтып:

«Ал зикруллахтан (Жараткан Алланы эстөөдөн) оолак калгандыгы үчүн ыйлады. Анткени анын жанында дайыма зикир болуп турчу!» дейт (Бухари, Манакиб, 25; Ахмед, III, 300).

Кийинчерээк минбардын алды казылып береги дүмүр ошол жерге көмүлгөн экен. Азирети Осмондун (Алла ага ыраазы болсун!) доорунда мечитти жаңыдан тургузуу үчүн бузулган кезде дүмүрдү Убай бин Кааб (Алла ага ыраазы болсун!) алып үйүнүн төрүндө сактаган экен.

Алланын сүйүктүү пенделеринен Мавляна олуя «Месневи» аттуу эмгегинде айтылуу дүмүрдү мындайча тилге келтирет:

«Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) минбардан түшүп, кут төгүлгөн колу менен курма дүмүрүн сылап:

-Эй, Курма дүмүрү! Эмне ыйлап жатасың? Абалыңды түшүндүрчү? деп терең ойлуу сурады. Курма дүмүрү ыйламсырап өзүнүн тили менен ичиндеги бугун төгүп:

-О, Алланын Элчиси! Сага болгон кусалыгым мени кыйнап турат. Ичиме белгисиз бир касырет, муң, кусалык толуп алды. Мурун кутба учурунда Сен жөлөнгөн ошол таалайлуу, бактылуу тирек мен элем. Эми болсо мени таштап, минбарга чыктың. Эми сенин жөлөгүң ошол минбар болот. Бирок, о, Алланын Элчиси! Мен сага бир суроо менен кайрылгым келет: дүйнөдө кайсы жандуу-жансыз Сенден ажыроого чыдай алат болду экен?

Алланын Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам) курманын мындай өзүнө болгон терең сүйүүсүнөн жаралган ыйын басып, жубатып:

-Эй, курма дүмүрү! Сен мага болгон кусалыгыңдын ачуусуна чыдай албай ыйлап жатсаң, кандай тилегиң бар менде?!... Мен сен үчүн Жараткан Аллага жалбарайын да, Алла Таала сени чыгыш менен батыштагы элдердин бардыгына мөмө берип туруучу жапжашыл, соолугус дарак кылып койсун, каалайсыңбы? Же болбосо Кудайым сени бейиште чынар дарактын уругу кылсын да сен түбөлүктүү эң көркөм, эң сулуу, жаш жана саябандуу кучак жеткис чынар бойдон каласың, каалайсыңбы?!...»

Мындай ырайымга тушуккан курма дүмүрү Алла Элчисинен бир суранычын орундатуусун өтүндү:

-О, Алланын Элчиси! Экөөнү тең каалабайм. Менин болгону бир гана арзуум бар, Сага сүңгүп кирүү. Ошондуктан мени көөмп жок кылууң, мени мына бул убактылуу гана турган турпатымдан куткарышыңа тете!.. Анткени дарак деген канчалык баралына келбесин, канчалык саябандуу болбосун, ал азыгын күндөн жана суудан алат. Ал эми мен сенин руханиятыңдын нуру менен азыктандым. Сенин ысыктыгың (руханиятың) менен жылынуунун, сага сүңгүп кирүүнүн даамын таттым. Мен эми ошол аша ширин, аша бал татым лаззаттан айрыла албайм. Ар качан, түбөлүктүү болушумду каалайм. Мени ошол шекилдүү көм, сенден, сенин бир гана нуруңан өнүп-өсүп чыгып, түбөлүк соолугус болоюн!

Ошентип, ал курма кыямат күнү кайра тирилип өмүр сүрүүсү үчүн жерге көмүлдү» дейт Мавляна.

Сүйүү акыйкаты

Мавлана бул ибараттуу окуяны баяндаган соң жамы инсаниятка төмөнкүчө насаат менен кайрылат:

«Билип койгула, ыкласман мусулман баласы дүйнөнүн убактылуу лаззаттарына маани бербей, жүзүн негизги максаты Аллага бурат».

«Ээ, капилет! Муса менен Ахмеддин (Мухаммад Пайгамбарыбыздын экинчи аты) мужизаларына назар сал! Асатаяк кантип ажыдар болду, курма дүмүрү кантип көсөм болуп жашыды?!»

«Сүйүү акыйкатын дарактан (курма дүмүрү) уккун да, андан ибарат-үлгү ала бил! Өзүңдү дүйнөнүн сан миң лаззаттарына алдырба!»

«Чыныгы бакыттын туучокусу, дененин өтөсүндө, ал бүткөн жерде экенин билип кой!»

«Эсиңе түйүп ал, чыныгы бакыт утурумдук дененин көйүнөн арылып, Жараткандын ыраазылыгын жандилден самап, ошол багытта бар күчүң менен жанүрөөң»

Мына ошол курма дүмүрү Алланын акыркы Элчисине (саллаллаху алейхи васаллам) өзүн жерге көмдүрүү менен убактылуу денесинен арылып, кыямат күнү Теңирий ырайымга ээ инсан сыңары тирилип, көксөгөн максатына жеткиси келди...

Бу не деген ибарат!

Курма дүмүрү болсо дагы Азирети Пайгамбарыбыздын шапаатынан насиптар болуу... анын көөдөнүнөн өзүнчө да, өзгөчө да орунга ээ болуу... бул эки күндүк дүйнөгө алданбай, кемелине келген адамзаада сыңары баралына жетүү... дарак болсо да дубасынын кабыл болушу... нечелеген киши уулу жетпеген рухий макамга жетүү...

Ухуд тоосунун Азирети Пайгамбарыбызды угуусу

Күндөрдүн биринде бар ааламдын Сыймыгы Мухаммад Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) сахабалары Азирети Абу Бакир, Азирети Умар, Азирети Али (Алла аларга ыраазы болсун!) менен Ухуд тоосуна чыгышат. Бир кезде Ухуд үстүндөгү бул заттардын руханият сүрүнөн толкунданып кадимкидей титирейт.

Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) Ухудду жубатуу таризинде:

«Акырын бол, эй, Ухуд! Үстүңдө бир пайгамбар, бир ыраскөй жана эки шейит турат!» деп буюрат (Тирмизи, 3703, Насаи, Ахбас, 4/5, VI, 235).

Ошентип, Ухуд Жараткандын сүйүктүүсү Пайгамбарыбыздын сөзүн угуп тынчтанып калган экен.

Кирген буура кантип моюн сунду?

Бу дүйнөдө жансыздар гана эмес, барча айбанат дүйнөсү да Алланын Элчисин (саллаллаху алейхи васаллам) таанып, Ага таазим кылышар эле. Бул жагдай туурасында Жабир бин Абдуллах (саллаллаху алейхи васаллам) мындай дейт:


Continue reading this ebook at Smashwords.
Download this book for your ebook reader.
(Pages 1-63 show above.)