Куран жана сүннөт боюнча
Ислам Ыйман Ибадат
Осмон Нури Топбаш
Published by Erkam Publications at Smashwords
Copyright © 2010 by Osman Nuri Topbash
Smashwords Edition, License Notes
All rights reserved. No part of this publication may be reproduced, stored in a retrieval system, or transmitted in any form or by any means, electronic, mechanical, photocopying, recording or otherwise, without the prior permission of the copyright owner.
E-mail: info@worldpublishing.com
Web site: http://www.islamicpublishing.net
ШАХАДАТ КЕЛМЕСИ жана ЫЙМАНДЫН НЕГИЗДЕРИ
Пайгамбарларга ыйман келтирyy
Тагдырга, жакшылык менен жамандыкАлладан экендигине ишенyy
Шахадат келмесинин артыкчылыгы
Шахадат келмесин алсыраткан мамилелер
Намазда хушуу жyзөгө кантип ашат?
Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) намаздары
Исламдагы улуу инсандардын намаздары
Намаз - жападан-жалгыз калканыч
Фыкх терезесинен даарат, гусул, таяммум, намаз
Фыкх терезесинен ажылык жана курмандык чалуу
Биз сыяктуу алсыз кулдарын ыйман шарапаты жана бейпилдик менен азыктандырган Алла Таалага чексиз мактоолор болсун!
Адамзатты караңгылыктан жарыкка чыгарууга себепкер болгон ааламдын тyбөлyктyy сыймыгы Азирети Мухаммедге (саллаллоху алейхи васаллам) дубай-салам жолдонсун!
Акылдуу адамдар дароо баамдагандай, аалам максатсыз жаратылган эмес. Бул жашоо да дал ушундай максатсыз, өз алдынча ээн-эркин ташталып коюлган эмес. Ошондуктан адамдарга Жараткан Алла тарабынан пайгамбарлар аркылуу дайыма теңирдик көрсөтмөлөр жиберилип:
«Эй, адамдар! Силер туура багыт алчу жол – мына ушул!»-деп айтылган.
Кыскача «айкын дин», же «ислам» деп аталган, бул теңирдик мыйзамдар -адамдарды тyбөлyк туура жолго алып чыгып, аларды кайдыгерликтен ойготуучу, жалгандан тyбөлyктyy чындыкка, чексиз бакытка жеткизyyчy жападан-жалгыз жол.
Ушундан улам Алла Тааланын адам баласына тартуу кылган эң чоң белеги – албетте, ислам дини. Адам алейхиссаламдан1 баштап, кyнyбyзгө чейин Алланын бул динине ыйман келтиргендер исламдын куту менен жаралыш максаттарынан адашпай, аруу жан-дyйнөлөрy менен бyткyл дyйнөнy гyлзарга айлантышкан. Андан да жогорураак деңгээлдерди өздөштyргөн такыбадар инсандар болсо периштелерден да жогору даражага жетишкен. Ушундайча алар адам баласынын табигый муктаждыгын канааттандыруучу эң сонун бактылуу сезимдерди багынткан.
Адам табияты теңирдик ишенимге негизденип, ыйык касиеттер менен көрктөнгөндyктөн, анын жан-дyйнөсyнyн тyпкyрyндө Жараткан Эгесине умтулуу, аны жyрөгy менен таанып-билyy туюму катылганына жана бул туюмдар ислам боюнча жашоо аркылуу гана канааттанарына карт тарых өзy кyбө.
Чындыгында, ислам дини тавхид (Алланын бир экенине ишенyy) ишеними аркылуу бул жалган дyйнөгө Алла менен жолугуу маанайын тартуулагандыктан, адамзат yчyн мындан өткөн чоң рухий ырахат жок. Бул ушундай улуу сезим: сахабалар2 жана алардын жолун жолдогондор исламга дайыма ушул улуу сезим менен кызмат кылып, бул жолдо эч нерсесин аябастан, Алла жана анын элчисинин жолунда туруктуулук көрсөтyшкөн.
Чын жyрөктөн диндар жашагысы келген кулдар теңирдик өкyмдөрдy орундатууга аргасыз. Дилине ыйманды, жyрөгyнө Куранды жана жан-дyйнөлөрyнө баалуу адеп-ахлакты орнотуп, тyбөлyктyy бакты-таалай ичинде жашаган пенделерге сyйyнчy! Анткени бул дyйнөлyк жана акыреттик ырахат мына ушунда, башкача айтканда, Алланын динине баш ийyyдө жатат. Муну аткара алган бактылуулар «салихтер3» дептерине тиркелип, Алла Тааланын сyйyyсyнө арзышат.
Ал эми бул ыйман акыйкаттарынан жyз yйрyгөндөр Алланын азабына дуушар болуп, эки дyйнөнyн тең бактысыз кишиси катары тиги дyйнөгө жол тартышат. Андайларга асман эч качан жылмайган эмес, алар кырсыкка тушукканда да ыйлаган эмес. Ушундан улам оң-терс эскерyyлөрдyн чордону болгон өткөн муундар аркаларынан келген жаңы муунга сабак жана өрнөк катары кызмат өтөйт. Yстyбyздөгy асман – динсиздерге азап, балээ жаадырган ошол эле асман. Төбөбyздөгy Кyн – Фараон, Хаман жана Намрут4 сыяктуу нечендеген заалымдардын заңгыраган сарайларына жарык чачкан жана алардын урандыларына да кебелбей тийип турган ошол эле Кyн. Адамзаттын жан-дyйнөсyн кооздоочу асман – ислам асманы жана ошондой эле караңгылыкты, кайдыгерликти сyрyп, жашоону нурга бөлөөчy жападан-жалгыз шамчырак – ыйман кyнy. Андай болсо, адам баласы ислам асманы менен ыйман шамчырагы астында өзyн жана Раббисин таанып, билиши шарт.
Адам баласы – бул, эбегейсиз ааламдын кичирейтилген модели. Анын жөнөкөй тyзyлyшyндө Алланын сөз менен айтып бyткyс сырлары, нурлары жана акыйкаттары камтылган. Ал – илбериңки сырлар менен жабдылган ааламдын мазмуну. Ал эми ислам жана ыйман болсо кыскача бул улуу тyзyлyштyн теңирдик кутусу сыяктуу.
Ыймандын
максаты кишини
(Лаа
илаха иллаллох, Алладан башка кудай
жок) деген сөз боюнча жашатып, жyрөгyн
жалгыз Аллага гана арнатуу. Ушундан
улам ыйман менен тавхидди өздөштyрyy
илимге, адеп-ахлакка жана руханий
баалуулуктарга ээ болуу менен гана
жyзөгө ашат.
Ыйман илимий өңyттөн «аманту5» болуп каралат. Ал эми адепахлактык өңyттөн, көпчyлyк хадистерде айтылгандай, адептyyлyк, уяттуулук,намыскөйлyк,ырайымдуулук,мээримдyyлyк, кечиримдyyлyк, сабырдуулук, сyйyy ж.б.у.с. баалуу сапаттар болуп эсептелет.
Ыймандын амалдык бөлyгy Куран менен сyннөттyн сырткы6өкyмдөрy болгондуктан, ибадаттар, мамилелер, жyрyм-турумдар жана бардык адеп-ахлактык көрyнyштөр ушул топко кирет. Ал тургай жолдогу башкаларга жолтоо болгон ташты алып коюу дагы ыймандын бир бутактарынан. Муну төмөндөгy:
«Уяттуулук ыймандан.» (Бухарий, Иман, 16)
«Тазалык – ыймандын жарымы.» (Муслим, Таарат, 1)
«Дин – бул, тууралык.» (Муслим, Иман, 95) – сыяктуу хадистер да тастыктап билдирип турат.
Жyрөктөгy ыймандын туу чокуга жетиши Алланын ыраазылыгын көздөгөн ниет жана жарамдуу (салих) амалдарга көз каранды. Куранда жана хадистерде ыйман менен жарамдуу (салих) амал дайыма бирге айтылат. Анткени кыяматта (сурак кyнy) напси менен рухтар илимийчындыктар, ал эми дене болсо ибадаттар менен бирге каралып, ошого жараша мамиле кылынат. Ыйман курулай теория менен эмес, чын ыкылас менен кылынган ибадаттар аркылуу баралына жетет.
Бул идеалдуу маанайдын yлyшyөзгөчө, куттуу пенделерде бул жалгандын тартуулаган бардык маанайларынан басымдуулук кылып, адамды алсыратып куруткан: ачуу, кайгы-капа, уйгу-туйгулук, ич кyйдyлyк жана азап чегyy сыяктуу сезимдердин таасирин жоготуп, жойгон:
* Аллага ыйман келтиргени yчyн заалым Фараон тарабынан колубуттары кесилип, курма дарагына керилген сыйкырчылар пенделик алсыздыкка алдырып коер бекенбиз деген кабатыр сезим менен алакан жая:

«Йа, Рабби! Бизге сабыр жаадыр, жаныбызды мусулман кылып ал!..» (Аъраф: 126) -деп Кудайга баш калкалашкан жана мусулман катары шейит боло, руханий лаззат менен Аллага жол алышкан.
* Ыкыластуу момун-мусулмандардан болгон алгачкы христиандар да амфитеатрларда арстандардын азуусуна чайналууга кайыл боло бир Кудайга бекем ишенип, ыймандарын сактап калышкан. Ошону менен таткан руханий лаззаттарынын ичинде шейиттик шербетин кумарлануу менен ичишкен.
* Денесине тикен киргенден да корккон Азирети Сумаййа (Алла андан ыраазы болсун) денесине сайылган кызытылган найзага ушул улуу сезимдин таасири алдында туруштук берип, исламдын эң алгачкы аял шейити болуу даражасына көтөрyлгөн. Өмyрлyк жолдошу Ясир да картаң жана алсыз болгонуна карабастан, баарын көтөрyп чыдамкайлык көрсөткөн: бутпарастар анын эки бутун эки төөгө байлап эки жакка керген убакта да, тарткан запкысынан жеңилбестен, «Аллах! Аллах!» деп жатып шейит кеткен. Азирети Билалдын абалы да андан кем болгон эмес. Ал да канчалык кыйноолорго карабастан, «Ахад! Ахад!» (Алла жалгыз!) - деп, Ага тобокел кылган. Анткени алар исламдын руханий кудуретинен кабардар эле, ошондой эле бул кудуреттин Алладан келип жатканын да сезип турушкан. Алар ошол кыйынчылыктарды жеңyy менен эки дyйнөнyн тең бакытына ээ болушуп, бул жалган жашоодо:

«Эй, ыйман келтиргендер! Алладан Ага татыктуу тyрдө корккула жана бир гана мусулман болуп жан бергиле!..» (Аали Имран: 102) деген аятка ылайыктуу таризде жашап, чексиз ааламга жер которушкан.
Алардын аркасынан келген ыймандуу муундар да исламды туу тутуп жyрyшкөн чакта, ар дайым бийик болушкан: кезинде бул муундардын бири болгон Осмон тyрктөрyнyн адилеттyyлyгyнө батыш эли дагы суктанышканы тарыхый чындык.
Тилекке каршы, көп жылдардан кийин бул нерсе терсине айланып, исламдын чыныгы руханий дөөлөтy унутулуп, көпчyлyк адамдар дyйнө азгырыктарына алдана Аллага болгон ышкы оту өчө баштады жана элдин жан-дyйнөсy тарып, какыраган чөлдөй какжырады. Өзyнyн руханий тyзyлyшyнөн качып, батышты аң-дөңдy карабай тууроолор жетер чегине жетти. Баарынан кызыгы, учурда батыш дyйнөсy тамырынан ажыраган баатыл бир диндин кысымына карабастан, исламдын терең жана нукура илимий булактарынан пайдалана ийгиликтерден ийгиликке жетсе, биз напсибизге алдана, анын кулдугунан баш көтөрө албай жатышыбыз. Чындыгында, бул кандай гана өкyнyчтyy! Дин коомдун негизги кyчy, бейпилдиги болбой калды, анын ордуна жомоктордон тyзyлгөн рухсуз скелет гана калды. Бир мезгилдерде «Бадрдын» каарман арстандарын, рухунан мээрим оргуштаган Алпарстандарды жана жер жyзyнө маданият, цивилизацияны жайган Азирети Пайгамбарыбыз Мухаммеддин (саллаллоху алейхи васаллам) сyйyнчyсyнө бөлөнгөн Фатихтерди өстyрyп чыгарган ислам жана анын баалуулуктары кyчyн жоготту. Кээ бирлерибиз бул абалдан кутулуу чарасын азыркы батышты батыш кылган өзyбyздyн исламий казыналарыбызды таштоодон көргөндөрy кандай гана аянычтуу! Акыры исламды, оболу, ибадат катары жан-дyйнөлөрдөн сууруп, андан соң ишеним жагынан чөгөрyп, адамдарды анын руханиятынан оолактаткысы келгендердин кyнy тууду. Бул руханий кыйроого жана мусулмандардын ишеним, ибадат жана жyрyм-турумдарындагы рухтун жоголушуна кайгырган пакистандык улуу ойчул, руханий лидер Мухаммед Икбал мындай дейт:
«Наалат болсун! Ушул тапта исламдын моралдык таасири эл арасында калбай калды... Мусулмандардын тамырындагы кан да куруп калды. Намаздарга карагыла: саптар ийри, саждалар рухсуз, жyрөктө бейпилдик жок! Дилден келген ошол теңирдик касиет жоголуп калды..
Эй, Алла ашыгы! Эй, көңyлyбyздyн терең мааниси! Эй, эгилген уруктар! Эй, алынган тyшyм! Акыбалыбызга карагыла, негизи топурак болгон адамдар эми эскиришти... биздин топурагыбыздан бизге чоочун болгон таптакыр башка урпактар пайда болду!..»
Ошондуктан биз миң-бир сыноолор ичинде жашаган ушул заманда сахабалар ээ болгон Алла ышкысына жана ыкыластуу ибадат менен жашоого кандай гана муктажбыз! Исламдын кыйрабас бекем чебинин дарбазасын атайын билип туруп, эбегейсиз кайдыгерлик менен душманга ачкысы келген аалым сөрөйлөр көбөйгөн ушул тапта, бул муктаждыктын жоюлушу өтө маанилyy. Анткени ислам руханиятынан кур калуу Алла сызган туура жолду колдонуудан чыгарууда жана адамзатты адаштырган кайдыгерлик жолу аны миң-бир тузактарга илинтип, курутууда. Ушундайча тyбөлyктyy бакты-таалай тyбөлyктyy кара балээге айланып жатат.
Андыктан өзyн мусулманмын деп эсептеген ар бир киши «Акты ак, караны кара» деп билип, исламдын руханий жана моралдык алкагында такыбалык менен жашашы зарыл. Эң соңку жана кемчиликсиз, акыр заман дини ислам болгондуктан, такыбалык да бул, исламдын шарттарын берилyy менен аткаруу жана Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи васаллам) менен анын сахабаларынын жашоосунан yлгy алып, ыймандын оргуштаган сезимдери менен жашоо болуп саналат. Анткени ыйман дин шооласынын жyрөккө кириши болгондуктан, ал – Алланын нуру ичинде жашоо. Ал эми такыбалык болсо – жyрөктyн ар дайым Алланын көзөмөлy алдында экенин сезyy. Баалуу адеп-ахлак, ибадат жана соопкерчиликтер – ушул такыбалыктын көрyнyштөрy. Мында эске тутчу нерсе, мусулмандардын кайырдиндердей жашашы, же тескерисинче, кайырдиндердин мусулмандардай жашашы адам баласына тyбөлyк бакыт алып келбейт. Алланын назарында чыныгы бакыт – Азирети Пайгамбарыбыздын (саллаллоху алейхи васаллам) доорундагы ислам маанайы менен Аллага жолугуу ышкысына ээ болуп, аруу, таза жyрөк менен ислам боюнча жашоо.
Мына ушул чындык бизге исламдын руханий тарабына тиешелyy чакан бир китеп жазууга тyрткy болду. Бул жолдо жyргөн кызмат кербенине кошулуп, Алла Тааланын ыраазычылыгына ээ болуу ниети менен ислам жана ыймандын улуу тyзyлyшyнө таандык кээ бир акыйкаттарды айтканга аракет кылдык. Бул эмгекте ислам дини боюнча жалпы маалымат берилгенден кийин, анын артынан шахадат келмеси жана ыймандын эрежелери, андан кийин исламдын негизи болгон ибадаттарды руханий терезеден карап, тyшyндyргөнгө тырыштык. Анткени ислам – пендени ишенимдик жана амалдык (ибадаттык) жактан гарантиялоо аркылуу «аруу жyрөк» деңгээлине жеткирyy жана «Ахсанут-таквим» (Эң жогорку тyзyлyш) сырынан тайбай, Алланы карай илгерилөөнy белгилyy чен-өлчөмдө туура yйрөнyп, жашай баштоо.
Бул багытта калем алып жазган эмгегибизге колдоо көрсөткөн жана бул эмгектин китеп болуп чыгышына жардамы тийген бардык досторубузга өз ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Аларга Алла ыраазы болуп, эки дyйнөдөгy жашоосун нурга бөлөсyн! Бул эмгегибиз бир кишиге болсо да өз таасирин тийгизсе, өзyбyздy эбегейсиз бактылуу сезебиз!
Алла Таала ислам жолунда Намруттун ж.б. оор зулумдуктарды Аллага баш ийyyчyлyк, тобокелдик жана сабыр менен жеңген Ибрахим алейхиссалам тууралуу Куранда: «Ал Раббисине аруу жүрөгү менен келди (Саффат: 84)» - деген сөзyн бизге дагы насип кылсын!
Оомийин!
Осмон Нури ТОПБАШ
12. 02. 2000
YСКYДАР-СТАМБУЛ
Эң алгачкы инсан жана пайгамбар Азирети Адамдан (алейхиссалам) бери келе жаткан дин канчалык этаптарды басып өтсө да, анын мазмунунда эч кандай өзгөрyштөр болгон жок. Өзгөрyy бир гана адам баласынын жашоосунда болуп келет. Ошондуктан бул дин Азирети Адамдан баштап, акыр заман пайгамбарына чейин уланат жана ал «ислам» деп аталат.
Арийне, Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи васаллам) мындай дейт: «Бардык пайгамбарлар ата жагынан бир тууган болуп эсептелет. Ошондуктан алардын дини да бир.» (Бухарий, Анбия, 48)
Андыктан ислам, көпчyлyк адамдар ойлогондой, Курандын мазмуну менен гана чектелбейт. Алладан келген бардык диндер адамдар тарабынан өзгөртyy-бурмалоого дуушар болгону гана болбосо, негизинен, алар – бирин-бири толуктаган бир дин7, тактап айтканда, ислам дини. Бул чындыкты Алла Таала Ыйык Куранда төмөнкyчө баяндайт:
![]()
«Чынында, Алланын назарында дин (бирөө гана): ал – ислам.» (Аали Имран:19).
Ошондой эле бул аят эки дyйнөдө тең адам баласынын бактылуулугунун башаты ислам экендигин да көрсөтyп турат. Арийне, башка бир аятта:

«Ким исламдан башка динге умтулса, ал кабыл болбойт жана ал кыяматта жоготууга учурагандардан болот!» - деп айтылат (Аали Имран: 85).
Андай болсо, Адам алейхиссаламдан бери келе жаткан жана Куранда ыйык болуп саналган «ислам» деген эмне?
Бул боюнча айтылган бардык аныктамалар кыскача төмөндөгy эки пункт менен жыйынтыкталат:
1. Итикад (Ыймандын негиздерине болгон чыныгы ыкылас жана ишеним),
2. Амали-салих (Алла Таала бизден кааалаган жарамдуу иш-аракеттерди, ибадаттарды чын ыкыластан кылуу).
Бул эки нерсенин койнунда жашаган ислам – ой-пикирибиздин, жашообуздун жана жyрyм-турумдарыбыздын теңирдик мыйзамын сактаган тең салмактуу баалуулуктар чынжыры. Ошондой эле ал – акыл, кулак, көз, тил жана жан-дyйнөнyн ортосундагы байланыштарды жөнгө салып, Аллага алып баруучу жол. Андагы улуу сырлар мээрим болуп ташка да тамчу болсо, аны топурактан да жумшак дилге айлантат. Ошондуктан Алладан узак болгон адамдардын жан-дyйнөсy какыраган чөлгө тете. Мындай абалдан кутулуу бир гана «ислам» аркылуу мyмкyн.
Ислам – ой-пикир, жакшы сөз жана иш-аракет өңyтyнөн алганда, адамды эң сонун тyрдө жетилтип, кынтыксыздыкка жеткизген жана караңгылыктан жарыкка чыгарган бакты-таалай шооласы. Башкача айтканда, ислам – пас адамдарды туура жолго салып, жогорулоого таасир берyyчy фактор. Ал куураган уруктарды өстyрyп гyлдөткөнтопурак сымал туура жолдон адашкандардын дилин тазартып, туура жашоо образына салат. Жөнөкөй, карапайым адамдарды мыкты абалга апкелет.
Ислам ишеними - жер жyзyндө адашкан адам баласын туңгуюктан куткаруучу Алланын мээрими менен тyшyрyлгөн аркан. Ага маани берип, көңyлyн арнаган адамдар аны менен миражга8 чыккандай болот жана бейишилердин9 кербенине кошулат.
Исламдын бийиктигин багынтуу Алланын көрсөтмөлөрyн кынтыксыз аткаруу аркылуу гана жyзөгө ашканы yчyн, ислам ар дайым Аллага моюн сунуу деп аныкталат.
Алла Таала бардык пайгамбарларына:
«Аллага баш ийгиле!» - деп буйрук кылганда, алар баары бир ооздон:
«Ааламдын жаратуучусу болгон Аллага баш ийдик.» - деп жооп беришкен.
Алла Таала бул боюнча Ибрахим пайгамбарга мындай дейт:
![]()
«Раббиси ага «(Мага бyткyл дилиң менен) моюн сун!» - деп айтканда, ал: «Ааламдын Эгесине моюн сундум.» - дейт (Бакара:131).
Бул моюн сунуу – ар дайым Алланы зикир кылып, аны менен бирге болуу жана ага шyгyр кылуунун бир белгиси. Ансыз деле бардык ибадаттардагы максат – Алла менен бирге болуу, башкача айтканда, Алланы таануу жана сyйyy.
Арийне, төмөндөгy мисал абдан ибараттуу:
Бир имам мечитте көрдөгy абал боюнча сөз кылып жаткан. Келген жамааттын арасында Азирети Шейх Шибли да бар болчу. Имам баяндын аягында көрдө суралуучу суроолордон кеп салып:
- Илимди кайсыл жерден алдың, байлыгыңды каякка жумшадың, жашооңду кантип өткөрдyң, арамга жана адалга маани бердиңби деп суракка тартышат! – деп, дагы бир топ нерсени санайт.
Мынчалыкдеталдарыначейинтоктолгонунакарабастан, маселенин ток этер жери айтылбаганы yчyн, Шибли имамга мындай деп кайрылат:
- Урматтуум! Суроолордун эң негизгисин унутуп калдыңыз. Алла Таала: «Эй, кулум! Мен сени менен болчумун. Сен ким менен болчусуң?» - деп сурайт.
Бул кылдаттыкка көңyл бурганыбызда, ислам -
![]()
«Силер кай жерде болсоңор, Ал ошол жерде.» (Хадид: 4) – деген тyшyнyк менен жашап, Алланын ыраазылыгына жетyy.
Ошондуктан ислам Алланы сyйyy, Ага берилyy жана Ага моюн сунуу аркылуу тyбөлyктyy бакты-таалайга шарт тyзyy дегенди тyшyндyрөт. Жер жана асмандагы кубулуштар, мыйзам-ченемдyyлyктөр адамзаттын Аллага баш ийyyсyнө көз каранды. Адамдар Аллага баш ийбеген учурда, ааламда теңирдик система бузулуп, апааттар жyз берет. Бул тууралуу бир аятта Алла Таала мындай дейт:

«Адамдардын өз колдору менен кылган иштеринин айынан кургакта жана сууда ар кандай бузукулуктар (дyйнөдөгy тең салмактуулук бузулуп, апааттар) жyз берет. Алла, балким (жyргөн жаман жолдорунан) кайтар деп, бул нерселердин кээ бир натыйжаларын өздөрyнө таттырат.» (Рум: 41)
Ушундан улам дyйнөдө болуп жаткан ар кандай кырсыктар жана окуялар исламдан четтегендиктен, кyнөөкөрлөргө бул дyйнөдөгy кичине жаза катары жyз берип, алардын кайра исламды тутунушуна шарт тyзyyчy эскертyy болуп саналат.
Баам-парасаттуу пенде бардык нерсеге исламдык көз караштан: жаралгандарга карап, Жаратуучуну, себептерге карап Себептердин Жаратуучусун, материяга карап, анын ички жyзyн көрөт; жалган дyйнөнyн чындыгын тyшyнyп, акыретти эстейт; ушул ааламдын укмуштай сонун тартибине карап, Алланын кудуретин жана улуулугун дайыма сезет; алсыздыгын жана өз ордун билет; ибадаттан алыстабайт; Жаратканды көздөй кеткен сапарда Анын сырына ээ болуп, Анын ышкысы менен кyйyп-жана сажда кылгандардын кербенине кошулат. Ушинтип жаралыш максатын сактап, чексиз бакты-таалайга жетет. Бул тууралуу Куранда:

«Алла кимди туура жолго баштагысы келсе, анын көкyрөгyн исламга ачат...» - деп айтылган чындык чагылып көрyнөт. (Анъаам: 125)
Бирок бул ырыскыдан качкандар тууралуу аяттын уландысында: «Алла кимди туура жолдон чыгаргысы келсе, анын көкyрөгyн асманга көтөрyлyп бараткандагыдай тарытат. Алла ишенбегендерге мына ушундай жамандык тартуулайт.» - деп айтылат.
Демек, жалгыз кутулуу жолу – бул, адамзаттын Аллага баш ийип, ислам боюнча жашашы. Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи васаллам):
«Ким жараткан эгеси катары Алланы, дин катары исламды жана пайгамбар катары Мухаммедди кабыл алып, ыраазы болдум десе, ага бейиш важиб10 болот.» - деп айтат. (Абу Давуд, Салаат, 36, Термезий, Салаат 42)
Ислам арабча «силм» жана «саламат» деген уңгудан жасалып, бизче которгондо «баш ийyy, моюн сунуу, тынчтык, аруулук, берилгендик, ыкыластуулук» деген маанилерди камтыйт жана ыйман менен биригет.
Курандын эң алгачкы сyрөсy «Фатихада» исламга кыйыр тyрдө аныктама берилет. Арийне, ислам – адамзатты жаман жолго, бузукулукка тyшyрбөй, сыратул-мустакиимге11 багыттап, бактылуу жашоонун кучагында Алланын чексиз ырыс-таалайларына ээ кылуу аркылуу: «Ааламдардын Эгеси болгон Аллага шүгүрлөр болсун!» - дедиртип, бул абалдын андан ары уланышы yчyн: «Оо, Жараткан! Жалгыз Сага кулчулук кылабыз жана Сенден гана жардам тилейбиз!» - деген принцип боюнча жашаткан Кудайдын дини.
Ошондуктан Кудайга ишенyy муктаждыгын канааттандыруу, акылдын жай алышы, жан менен мал-мyлктyн коопсуздугу, урпак- тардын уланышы жана эң жакшы акырет соодасы бир гана ислам ар кылуу мyмкyн. Бул аныктама боюнча ислам:
Эң
туура
ишеним
дини:
Ишеним
негиздери
тоодой
козголбос
пайдубалдын
yстyнө
курулган
жана
адамдык
ар-намыс,
касиетти
ку
руткан
Аллага
шерик
кошуу
сыяктуу
бузук
ишенимдерден
оолак.
Рухтардыазыктандырганибадатдини:Адамдаржоопкер
болгон
ибадаттар
ар
тyрдyy
формалары
жана
хикметтери12
аркылуу
де
нелик
да,
рухий
да
пайдаларга
ээ
болгондуктан,
көңyлдөр
алардын
тойгус
лаззаттары
менен
бейиштегидей
жашайт.
Ырайым
дини.
Адам
баласы
ар
кандай
кyнөө
жана
кайдыгерлик
туңгуюгунда
ыргылжың
болуп
турганда,
алардын
кылгандарына
жаза
берyyнyн
ордуна
мээрим
жана
ырайым
канаттарына
калкалап,
аларды
бак-
ты-таалайга
тартууга
аракеттенет.
Арийне,
Алла
Таала:
«Мээр-ырайымым
ачуумду
жеңди»
- дейт.
(Бухарий,
Тавхид,
15, 22; Муслим,
Тообо,
14-16)
Мээрим
дини.
Ырайым
менен
маанилеш
болгон
мээрим
ислам
дининин
эң
маанилyy
негиздеринин
бири.
Арийне,
«Басмалада»13
мээрим
менен
ырайымды
билдирген
Рахман
жана
Рахим
бирге
айтылат.
Ошондой
эле
«Фатиха»
сyрөсyнyн
экинчи
аятында
да
бул
экөө
чогуу
келет.
Дагы
бир
сyрөнyн
алгачкы
сөзy
катары
Алланын
Рах
ман
сыпаты
колдонулуп,
бул
сөз
ошол
сyрөнyн
аталышы
болуп
калган.
Ушундайча
аерде:
«Куранды
Рахман
(болгон
Алла)
yйрөттy!»-
делип,
Курандын
бардыгы
адамзатка
Алла
Тааланын
бир
мээрими
экенине
ишаарат
кылынган.
Арийне,
Курандын
адамдарга
мээрим
жана
шыпаа
экендиги
«Исра»
сyрөсyндө
апачык
тyрдө
баяндалат.
Башка өңyттөн алганда, Алла Тааланын пайгамбарларга берген эң улуу сапаттарынын бири мээримдyyлyк болчу. Айрыкча:
«Эй, Расулум! Биз сени ааламдарга мээрим катары жөнөттyк!»(Анбия: 107) - деп айтуу менен Азирети Пайгамбарыбыздын (саллаллоху алейхи васаллам) бул сапаты адамзаттын эч бир жан жеткис туу чокусу экенин билдирет.
Азирети Пайгамбар (саллаллоху алейхи васаллам) Таифте ташбараңга алынган учурда:
- Йа, Расулалла! Кааласаң ушул урууну жер менен жексен кылып жок кылып салалы?! – деген Жабрайил периштеге:
- Жок! Каалабайм! Мен ырайым жана мээрим пайгамбарымын! - деп жооп кайтарып, ал урууга жакшы дуба кылуусу – анын мээримдyyлyгyнyн бир эле yлгyсy. Ыймандын алгачкы тyшyмy мээримдyyлyк десек, жаңылышпайбыз. Бул чыйыр боюнча жашаган Алла достору кулчулуктун эмне экендигин кыскача төмөнкy эки негиз аркылуу аныкташат:
А. Таазим Ли-Амруллах: Алланын буйруктарын урмат көрсөтyy менен орундатуу.
Б. Шавкат Ли-Халкиллах: Жараткан yчyн жаратылгандарды сyйyy жана аларга мээримдyy болуу.
Логика
дини.
Ислам
акыл
жана
логиканын
тyшyмy
эмес,
бирок
ал
буларды
да
жараткан
Улуу
Эгебиз
тарабынан
жиберилгени
yчyн,
акыл
менен
логикага
эң
сонун,
эң
туура
багыт
берип,
адамдын
тең
салмактуулугун
кемчиликсиз
тyрдө
камсыз
кылат.
Чындыгында,
адам
акылынын
эң
акыркы
бара
турган
жери
тавхид
экендиги
талашсыз.
Ошондуктан
Алла
Таала
Куранда:
«Акыл
жyгyртпөйсyңөрбy?!»
- деген
сөздy
көп
колдонуп,
адамдарды
терең
ойлонууга
чакырат.
Азирети
Пайгамбар
(саллаллоху
алейхи
васаллам):
«Бир
сааттык
терең
ой
жyгyртyy
алтымыш
жыл
ибадат
кылуудан
артык»
- деп,
акылдын
канчалык
даражада
маанилyy
экендигин
белгилеп
кеткен.
Сyйyy
дини.
Ислам
Аллага
барчу
жолдо
бир
гана
акыл
менен
чектелип
калбайт.
Анткени
акыл
көптөгөн
пайдаларына
карабай,
акты
кара
кылып
да
көрсөтyп,
адамды
шек-кyмөн
айлампасына
тyшyрyп
коюшу
мyмкyн.
Андыктан
акылды
Аллага
болгон
сyйyy
ээлигине
берyy
жана
аны
ашыктык
нуру
менен
нурдантуу
зарыл.
Азирети
Мавляна:
«Бактылуу пенде курулай акыл менен зээнди колдонуу ибилистен, ал эми аны Аллага болгон сyйyy менен жуурулуштуруп, Жараткандын жолуна тyшyy Адам атадан деп билет. Сyйyy кеме сыяктуу. Кемеге минген киши кырсыкка учурашы өтө сейрек.»
Философтор сымал өздөрyнө сyйyyсyз акылды гана жол көрсөткyч кылып алгандар убакыттын туткуну жана көзy көргөн, кулагы уккан нерселердин кулу болушат. Алланы сyйyy болсо акылдан жардам гана алат.
Сyйyyнyн мөмөсy – өзyмчyлдyктy жеңип, өзгөyчyн кам көрyy. Бул жанын курман кылууга чейин барат. Сахабалар Алла жана анын элчисинин (саллаллоху алейхи васаллам) жолунда жанын, малмyлкyн аябагандыктан, ушундай улуу даражага ээ болушкан. Азирети Пайгамбарыбыздын (саллаллоху алейхи васаллам) ар бир өтyнyчyнө: «Ата-энем, жаным сага курман болсун, оо, Алланын Элчиси!» - деп жооп беришип, кара жанын карч уруп, аяшкан эмес.
Тен
салмактуулук (гармония) дини.
Исламдын эң маанилyyөзгөчөлyктөрyнyн
бири анын тең салмактуулук дини экени
талашсыз. Жараткан Алла Таала бул ааламды
кандай тең салмактуулукта жараткан
болсо, анын адамзатка жөнөткөн айкын
динин да дал ошондой тең салмактуулукта
орноткон. Ушундан улам исламды кайсыл
өңyттөн карабайлы, андагы Алланын
өзгөчө улуу тең салмактуулугуна кyбө
болобуз. Бул тең салмактуулук: бул дyйнө
- акырет; дене - рух; аял - эркек; бай -
кедей; башчы - башкарылуучу; чоң - кичине;
кары - жаш; материя - руханият ж.б.у.с
сыяктуу бардык нерселерде ушундай бир
жогорку формада болгондуктан, сырттан
караганда, бири-бирине карама-каршы
болгон бул айырмачылыктар, чындыгында,
бири-бирин толуктап, бир бyтyндyктy тyзyп
турат. Булардын ар бири экинчисине
керектyy нерселер. Мисалы: дyйнөyчyн
акырет, акырет yчyн дyйнө; дене yчyн рух,
рух yчyн дене; аял yчyн эркек, эркек yчyн
аял ж.б.у.с. нерселер бири-биринен ажырагыс
зарылдыкта. Ислам бул нерселердинар
бирин өз-өз ордуна коюп, буларды
бири-бирине даттандырбастан, шyгyр
кылууга себепкер кылат. Ортодогу
карама-каршылыкты жоюп, төп келишyyнy
орнотот. Ушундай жол менен адамды кош
канатка ээ кылып, ага бийиктик асманынын
жолдорун ачат.
Илим
жана даанышмандык дини.
Ислам караңгы-тyркөйлөр дини эмес.
Тескерисинче, ал – тyркөйлyктy жана
тyркөйлyк доорун жоюу yчyн жөнөтyлгөн,
эң акыркы, эң толук бир дин. Арийне,
Алладан татыктуу деңгээлде коркуп,
такыбалык менен жашоонун шарты илим
экенин билдирyy максатында Улуу Куранда:
«Чындыгында, Алладан кулдарынын ичинен чыныгы аалымдар гана коркот!» (Фаатир: 28) - деп айтылат.
Расулалланын (саллаллоху алейхи васаллам) бул боюнча:
«Аалымдын пендеден жогорулугу менин силердин араңардагы эң төмөнкyңөрдөн жогорулугум сыяктуу.» (Абу Давуд, Илим, 1) - деп айтышы бул маселенин канчалык деңгээлде маанилyy экенин аңдоого толук жетиштyy.
Бирок ислам илимдин какшыган жер сыяктуу болушун каалабайт. Аны даанышмандык жана ирфан14 булактары менен сугарып, бир гyлзарга айлантат. Антпесе жан-дyйнөсy жарды бир медициналык билим ээсинин колунда кандай кылмыш куралы болууга ийкемдyy болсо, илим да даанышмандык жана ирфандан алыс калганда, пайдага караганда зыянга көбyрөөк ийкемдyy. Алла Элчиси (саллаллоху алейхи васаллам) бул боюнча: «Ким бул дyйнөдө билимин арттырып, зухд15 менен такыбалыгын арттырбаса, ал өзyн Алладан алыстатат.» (Канзул-ирфан, 62) – деген.
Эн
жогорку адеп-ахлак (этика) дини.
Жаралгандардын арасындагы эң жогорку
туу чоку – бул, адам баласы. Адам баласы
болсо – Алланын жердеги орун басары.
Анын денеси топурактан жаратылып, ичине
Жараткандын кудуретинен бир дем
yйлөнгөн. Куран адам баласына кайрылганда,
анын көңyлyн ошол асыл затка буруп, анын
напсинин азгырыктарынан улам булганбашын
самайт. Башкачаайтканда, пенденин
напсинин жамандыктарынан арылып, жогорку
адеп-ахлакка ээ боло, Алланын чакырыгына
таза жyрөгy менен жооп беришин каалайт.
Ушул өңyттөн караганда, чыныгы адамдык
сапат менен жашоонун жападан-жалгыз
шарты дин жана адеп-ахлактын улуу
максаттарына жетyy болуп саналат.
Адамзаттагы кемчиликсиз, бийик
адеп-ахлактын туу чокусу – Азирети
Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи
васаллам). Ал адеп-ахлак маселеси анын
пайгамбар болуп жөнөтyлyшyнyн себептеринин
бири экенин төмөнкyчө билдирет:
«Калетсиз, мен адамдык баалуу сапаттарды толуктоо yчyн жөнөтyлгөм.» (Муватта, Хулк, 7)
Арийне, Алла Таала Улуу Куранда өз элчисин алкап, анын улуу адамдык сапаттары тууралуу:

«Чындыгында, сен, шексиз, бийик адамдык сапат ээсисиң.»(Калем: 4) - деп айтат.
Бул мактоого татыктуу болгон Алланын элчиси (саллаллоху алейхи васаллам) сахабалардын айтуусуна караганда бойго жеткен ыймандуу, аруу кыздан да уяттуураак болчу.
Ал мындай деп айтат: «Уят жана ыйман бир: бири жок болсо, экинчиси да жок болот.» (Суюти, Жамиус-Сагир, 1, 53)
Азирети Мавляна да бул маселе боюнча:
«-Ыйман деген эмне? - деп акылыман сурадым. Ал жyрөгyмдyн кулагына ийилип: - Ыйман адептен турат, - деп шыбырады. Андай болсо, адеби болбогон киши Алланын мээриминен кур калат.» - дейт.
Назиктик,
жароокерлик жана кылдаттык дини.
Ислам пайгамбарынын билдиргендерине
караганда, бул дyйнөдө маанисиз көрyнгөн
назиктик кыямат кyнyөзгөчө мааниге ээ.
Бардык тарабынан алганда эң сонун yлгy
болгон Алланын элчиси (саллаллоху
алейхи васаллам) – бул иште, тактап
айтканда, назиктик жана кылдаттыкта
бизге эң жетик өрнөк. Ал бирөөнyн катасын
оңдоп жатканда да, назиктик жана
кылдаттыкты көңyлдөн чыгарбай, анын
өзyнө тике эмес, жалпылаштырып:
«Мага эмне болуп жатат, кээ бириңердин ушундай кылып жатканын көрдyм.» - деп, өзy жаңылыш көргөндөй кайрылчу.
Адилеттyyлyк
жана укук дини.
Ислам дини эң көп маани берген орчундуу
маселелердин бири – адилеттyyлyк жана
укук маселеси. Ошондуктан Алла Тааланын
назарында Кудайга шерик кошуудан
кийин кечирилгис кyнөө - бул, пенде
укугу болуп саналат. Ал тургай Азирети
Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи
васаллам) өлөр алдындагы катуу оорусуна
карабастан, элдин көңyлyн буга бура,
мечитке келип, сахабалары менен акыларын
кечишип: «Сахабаларым! Кимиңердин
дyнyйөңөрдөн жаңылыш алган болсом,
менин дyнyйөм мына, келип алсын. Кимдин
жонуна жаңылыш чапкан болсом, менин
жонум мына, келип чапсын» - деген.
Мына ушундай сезимтал, кылдат, ошондой эле бекем негиздердин yстyнө тyптөлгөн ислам адилеттyyлyгy бyткyл адамзатты айран калтырган бир улуу деңгээлди көрсөтөт. Арийне, 1789-жылкы Франция революциясынын идеологиялык негиздерин иштеп чыккандардын бири, философ Лафайет белгилyy «Адам укуктары декларациясы» жарыяланардан мурун, бардык укук системаларын изилдеп чыгып, ислам укугунун жогору экендигине кyбө боло мындай деген:
«Эй, Мухаммед! Сенин адилеттyyлyктy жyзөгө ашырууда жеткен деңгээлиңе али эч ким жете элек!»
Ислам тарыхы бул адилеттyyлyктyн нечендеген yлгyлөрyнө толо. Алардын бирин мисал кылсак:
Бир киши ат сатып алат. Ат эки асый жана илдетсиз болгонуна карабай, yч кyндөн кийин өлyп калат. Атты сатып алган киши саткан кишинин менде душмандыгы бар окшойт, андыктан узун убакыттан кийин өлтyрyyчy уу берип салган го деп шек санап калат. Yч кyн катары менен сотко барып, аны кызмат ордунан таба албаганына байланыштуу убакытты өткөрбөстөн, атты мал доктурга көрсөтөт. Мал доктур да анын оюн тастыктайт. Белгилyy убакыттан кийин ал кайрадан казыга келип, аны ордунан табат жана иштин чоо-жайын баяндайт. Анда казы:
- Эмне yчyн оболу мага келбей мал доктурга бардың? Мага өз убагында келгениңде, бир чарасын көрөт элек! – дегенде, аттын ээси:
- Мен сизге ушул кyндөрyyч кyн катары менен келсем, сиз жок экенсиз, - дейт. Анда казы:
- Айтканың туура, себеби апам өтyп кетип, айылыма кеткен болчумун, - деп жооп берет.
Казы бир аз ойлонгон соң, катчысына кайрылып:
- Маселе тyшyнyктyy. Жаз! Кызмат ордунда болбогонуна байланыштуу бул кишинин чыгымы казы тарабынан төлөнсyн...
***
Кыскасы, исламды кайсыл тарабынан карабайлы: материалдык жактан; руханий жактан; тандалган жападан-жалгыз жашоо-турмуш дини экенин көрөбyз. Ал дайыма чындыкты жактоого, Аллага моюн сунуп, жакын болууга чакырат, ал эми ыйман болсо, чындыкты кабыл кылып, аны тастыктоо дегенди билдирет.
Бул чындыктын алкагында мурда мусулман болбосо дагы табиятынын тазалыгынан улам исламды жактагандарды «динсиз мусулман» деп аташса, ал эми мусулман болуп туруп исламдын тарабын албагандарды «мусулман эмес момун» деп аташкан.
Ошондуктан чыныгы ыкылас менен гана тутунулган ислам дини – адам баласынын рухун тазалаган, туптунук, терең, рухий, теңирдик дарыя. Напсисинин каалоолоруна алданып, асфала-саафилин (эң төмөнкy деңгээл) даражасына тyшкөн пенделерди кайра ахсани-таквиим (эң жогорку деңгээл) даражасына жеткирген жападан-жалгыз жол – бул, исламдын куттуу жана мээримдyy жолу.
Алланын элчиси (саллаллоху алейхи васаллам):
«Пенде исламды кабыл алып, аны жакшы тутунуп жашаса, мурунку кылган жакшылыктарынын сообу кошо жазылып, кyнөөлөрy болсо кечирилет. Андан кийин кылган амалдарынын абалы төмөнкyчө болот: ар бир соопко ондон жети жyзгө чейин сооп; ал эми бир кyнөөгө бир кyнөө жазылат. Бирок Алла кааласа, бардык кyнөөлөрдy кечирип жиберет.» - дейт. (Насаи, Иман, 10)
***
Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи васаллам) исламды жая баштагандан тарта, аны кабыл албай, адилеттyyлyктy жана адам укугун тебелеп-тепсеп, адашкандык жана кайдыгерликтин ичинде напсилеринин жана шайтандын курмандыгы болуп жашоону сyйгөн адамдар болгон. Тарыхта мындай мисалдар арбын. Мекке мушриктери жан-дyйнөлөрyнө тийген «Теңдешсиз нурду» сезсе да, жана ошондой эле Азирети Пайгамбарыбызды (саллаллоху алейхи васаллам) «Аль-амин» (Ишенимдyy), «Ас-саадык» (чынчыл) экенин моюнга алышса да, карарган жyрөктөрyнө ислам нурун чагылдыра алышпады. Алардын жан-дyйнөлөрy бул чындыкты кабыл кылса да, напсилерине моюн сунуп, каапырдык туңгуюгуна тyшyп, кандай гана аянычтуу абалга туш келишкен! Алар муну өздөрyнөөздөрy кылышты: Куранды жан-дyйнөлөрy кабылдаса да, напсилерине алданып, аны четке кагышты. Көптөгөн жылдар бою Азирети Пайгамбарыбыздын (саллаллоху алейхи васаллам) келишин сyйyнчyлөп жyргөн христиандар менен жөөттөр да өздөрyнyн ичинен чыкпаганы yчyн гана, улутчулдук фанатизмдин таасири менен «Аалам нурун16» жалганчы кылышты. Айрыкча, жөөттөр бул тyбөлyктyy, тyптyy чындыкты жокко чыгарууда башкаларына караганда өтө аша чаап кетишти. Төмөндөгy нерсе буга эң сонун мисал боло алат:
Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи васаллам) жөөттөргө Курандан:
«Эгер алар сени менен талашып-тартышса, сен айткының: «Мен мени ээрчигендер менен бирге Аллага моюн сундум.» Китеп берилгендерге жана (китеп берилбеген) сабатсыздарга (бутпарастарга) да айт: «Исламды кабыл алдыңарбы?» Эгер исламды кабыл алышса, туура жолго тyшyштy. А эгер андан жyз yйрyшсө, сенин милдетиң – жеткирип коюу гана. Алла пенделерди көрyп турат.» (Аали Имран: 20) – деп окуйт.
Андан кийин ал жөөттөрдөн:
- Исламды кабыл алдыңарбы? - деп сурайт. Анда жөөттөр:
- Кабыл алдык, - дешет.
Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи васаллам):
- Иса Алланын сөзy, кулу жана элчиси экендигине да кyбөлyк бересиңерби? - деп сурайт.
Алар:
- Кудай сактасын! - деп жооп беришти жана жyз yйрyгөн наадандардан болушту.
Христиандардан да:
- Иса Алланын сөзy, кулу жана элчиси экендигине да кyбөлyк бересиңерби? - деп сурайт.
Булар да:
- Кудай сактасын! Иса да кул болчу беле? – деп жооп кайтарышты.
Дагы бир кyнy Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи васаллам) жөөттөрдyн окуу жайларына барып, аларды ыйманга чакырат. Нузайм бин Амир менен Харс бин Зейд:
- Сен кайсы диндесиң? – деп сурашат.
Пайгамбарыбыз:
- Мен Ибрахимдин дининдемин - деп жооп берет.
Алардын:
- Ибрахим жөөт болчу, - дегендерине Алланын элчиси (саллаллоху алейхи васаллам):
- Анда бизге Тоорат өкyм берсин. Андан өкyм чыгаралы, - деп жооп берет.
Жөөттөр бул сунушка «макул» дештен тартынышат. Ал тургай өздөрyнyн эң чоң аалымы деп эсептешкен Абдуллах бин Саламдын исламды кабыл алганы yчyн бул чындыкка болгон көрө албастыктары ого бетер кyчөп, ага ыраа көрyп жyргөн мурунку мактоолордон айнышып, аны өтө ыпылас сөздөр менен кордой башташкан. Китептерине киргизген өзгөртyyлөрy акыркы пайгамбарга тиешелyy бөлyмдөрдy да камтып, көптөгөн бөлyмдөрдy кайрадан бурмалап чыгышкан.
Бул чындык тууралуу Кураны Керимде төмөнкyчө баяндалат:
«Өз колдору менен китеп жазып, андан соң: «Бул Алладан» дегендерге наалат болсун!» (Бакара: 79)
«Алар сөздөрдy орундарынан өзгөртyшөт.» (Ниса: 46; Маида: 13)
Динге болгон мындай мамилелер, адамдык кийлигишyyлөр, динди тyпкyлyгyнөн алыстатып, аны өз каалоолоруна жараша системага салган жана ар тyрдyy адашкандыкка, кайдыгерликке жол берген терс реформа болуп саналгандыктан, жөөт жана христиан дининин бузулушу ушул тyрдө жyзөгө ашкан.17 Андыктан учурдагы «исламдагы реформа» деген таңуулоолор – бул бузуку максаттын башкача формасы. Мындагы «реформа» сөзy - кыянаттыктын жyзyн жапкан маска гана.
Көптөгөн сыр жана даанышмандыктар менен толгон ааламды адамзат акылы эч качан толук камтый албайт. Андыктан адам акылынын тyшyмy болгон бул реформалар менен илими жана кудурети чектелбеген Улуу Затка тиешелyy исламды салыштыруу акылга сыйбайт. Анткени Алла Таала адамдын көмyскө, ачык – бардык, өзгөчөлyктөрyн эң сонун билгендиктен, буйруктарын, тыюу салууларын - өкyмдөрyн, ошого жараша орноткон. Ошол себептyy мындай кынтыксыз системага адамзат акылы жана эрки вахийсиз жетиши мyмкyн эмес. Жаралганды Жараткандан да жакшыраак таануу мyмкyн болбогонун тунук акыл-эс эч качан жокко чыгара албасы талашсыз.
Арийне, ислам – адамдын табиятына эң шайкеш дин.
Алланын мээрими менен боорукердиги бардык адам баласын бирдей, тегиз камтыйт. Башкача айтканда, ал орноткон баалоо ченөлчөмдөрy адамдын бyткyл иш-аракеттерин абсолюттук тyрдөөз ичине камтып, адамдын эч бир кыймыл-аракетин унутта калтырбайт. Ал тургай али иш жyзyнө аша элек, ойдогу, кыялдагы ой-пикир, ниеттерге дагы жооп кылып, аларды өкyмдөрyнyн алкагынын сыртында калтырган эмес. Мисалы, көрyлгөн тyштөр кыймыл-аракеттик кубулушка ээ эмес. Буга карабастан, ислам аларга да маани берет: алардын маанилyy, же маанисиздигин билдирген өкyмдөр бар. Буга окшогон дагы көптөгөн мисалдарды келтирyyгө болот.
Бир системанын мыйзамдарын адам баласынын зарыл талаптарынын кандайдыр бир өңyтyн жокко чыгаруу менен орнотсо, анда адамдар белгилyy бир убакыттан кийин баш көтөрyп, ага каршы чыгабашташат. Мисалы, католиктердин адам баласынын табиятындагы негизги талаптарынын бири болгон yй-бyлө курууну жокко чыгарып, кечил эркектер менен кечил аялдарга yйлөнyyгө тыюу салышы бул тyргө кирет. Эгер алар yйлөнбөсө, белгилyy убакыттан кийин ички дyйнөсy бейкутсуздукка дуушар болуп, көптөгөн бузуку иштерди жашыруун кыла башташат.
Адам табиятынын өзөктyк, өзгөрбөс өзгөчөлyктөрyнө маани бербеген системалар көп узабайт. Анткени адамдын табияты жолундагы тосмолорду жулуп кеткен сел сымал аны акыры-аягы жок кылбай койбойт. Мисалы, бурмаланган христиан дининин кол алдында бузулган батыш дyйнөсy акыры аны (христианчылыкты) коомдук жашоолорунан ажыратып, бир гана чиркөөгө чектеп салышкан. Андыктан көптөгөн адамдар бурмаланган христианчылыктын адам табиятына терс жөрөлгөлөрyнyн жана илим алдында сокур кишидей кылган мамилелеринин натыйжасында таптакыр динсиз болуп кетишкен. Дин табигый муктаждык болгондуктан (ибадат кылынбаганы себептyy), ал тургай, шайтанга сыйынууга чейин барган көптөгөн бузуку топтор да келип чыккан.
Ислам адам табиятына төп келген Алла Тааланын дини болгону yчyн, анын өкyмдөрyнyн эскирип, жок болушу мyмкyн эмес. Анткени адам табиятынын башкы негиздери боюнча дайыма туруктуу. Мисалы, аялзатынын сезимталдуулугу – танууга болбогон көрyнyш. Ошол себептyy ал кандайдыр бир сот процессинде көрсөтмө берген учурда, андагы сезимталдыктын сот тарабынан этибарга алынбашы адилеттyyлyктyн жyзөгө ашышына белгилyy деңгээлде кедергисин тийгизет.
Адам баласынын табиятындагы терс каалоо-эңсөөлөрдyн чоңоюп, «азоолонуп» кетyy ыктымалына каршы коюлган Алланын тыюу салуулары жана андагы оң каалоо-эңсөөлөрyнyн өнyгyп, адамдык личностту өркyндөтө турган буйруктары абдан кылдаттык менен жазылган. Бул исламдын жашоого реалисттик көз караш менен караганын билдирет. Бул өзгөртyлбөс буйруктар менен тыюу салуулар жогоруда айтылган оң-терс каалоо-эңсөөлөргө тиешелyy. Ал эми адам баласынын кyнyмдyк кызыкчылыктарына тиешелyy иштердин өкyмдөрy анын өз эркине калтырылган. Мындай кызыкчылыктарга тиешелyy эч бир негизде кескин буйрук, же тыюу салуу жок.
Мында айта кетчy нерсе, адамдын табиятында оң каалоо-эңсөөлөр терс каалоо-эңсөөлөргө караганда басымдуулук кылат. Муну Азирети Пайгамбарыбыздын (саллаллоху алейхи васаллам):
«Ар бир наристе ислам табияты менен туулат...» - деген сөзyнөн билyyгө болот. (Бухарий, Жанаиз, 92)
Алланын мээрими ачуусунан жогору тургандыктан, ааламда жалпы бейкуттук жана тынчтык өкyм сyрyyдө. Токойдо эң жырткыч, кyчтyy айбанаттар менен бирге эң алсыз, кyчсyз айбандардын жашашы буга мисал боло алат. Ушул эле чындык ааламдын мазмуну болгон адам баласына да тиешелyy. Анда дагы жакшы-жаман каалоо-эңсөөлөр бирге жашайт, бирок сырткы факторлордун таасири астында өзгөрyyдөн мурун, анда оң каалоолор басымдуу болот. Бул идеалдуу тең салмактуулук баланын жашаган коомунан таасирлене башташы менен бузулууга дуушар болуп отурат. Ислам болсо буйруктары менен дагы, тыюу салуулары менен дагы бул бузулуунун алдын алып, биз «аруу табият» деп атаган ошол балалык тазалыкты, тунуктукту сактап, аны өркyндөткөнгө аракет кылат. Ал адам баласынын жаратылышындагы терс каалоо-эңсөөлөрдy танбагандай эле, аны жок кылууга да аракеттенбейт. Анткени мындай аракеттин натыйжасы зыянга алып келет. Бирок ислам бул каалоо-эңсөөлөрдy бир тартипке салып, башкарууга аракет кылат. Мисалы, жыныстык сезимдерди эч кандай чектөөсyз, ээн-эркин калтырбай, тукумдун уланышы yчyн yйбyлөлyк шарттарга чектеп, Кудайдын атынан болгон келишим, нике, аркылуу мыйзамдаштырат. Мындай чектен ашкан каалоо сезимдерди бийик максаттарга байланыштырып, андан пайдалуу натыйжаларды алууга аракеттенет. Мал-мyлктyн Аллага тиешелyy экенин yйрөтyп, дyнyйөкорлук, ач көздyк сезимин жоёт. Көрө албастыкты сыймыктанууга айлантат. Калган бардык жаман сезимдерди жакшы сезимдерге айырбаштайт.
Жогоруда айтылгандай, ислам адам акылына эң сонун тyрдө туура багыт берет. Анын Куран менен сyннөттөн ажырагыс болушун каалайт. Анткени булар менен тарбияланбаган акылдын тарыхта кандай гана акылга сыйгыс иштерди кылганына кyбөбyз. Бул себептен улам философтор бири-бирин жокко чыгарып келишкен. Мисалы, байыркы Афина адеп-ахлагында уурулук, эгер кармалбаса, эң жакшы, оң иш-аракет катары эсептелчy. Акыл-эс тyшyмy экени эске алынып,жазасыз калтырылчу. Бул мисалдан максатыбыз – уурулуктун адамзаттын табигый укуктарына терс келиши. Куран жана сyннөт менен тарбияланбаган акылдын табигый укук тyшyнyгyнө эле терс келе турганын эске алсак, анын башка сфераларда кандай гана акылсыздыктарды кыла турганы айтпаса деле тyшyнyктyy.
Мындай акыл менен логика, өзгөчө, ар эки тарапка тең «сеники дагы туура» дегизген карама-каршылыктуу маселелерде адилеттикке жетyyгө тоскоол болот. Буга мисал кылып тарыхтагы белгилyy окуяны келтирели:
Байыркы Афинада бир укук устаты бир шакиртин адвокат кылып даярдоо yчyн келишим тyзөт. Бул иш yчyн ала турган акысынын жартысын алдын ала алып, калган жартысын шакирти биринчи соттук ишти жеңсе, алмак болот. Бирок шакирти берген жарым акчасын жетиштyy деп, калган жартысын бербейм дейт. Натыйжада, устаты менен шакирти сотко кайрылат. Сотто устаты сотторго кайрылып:
- Мен жеңсем дагы, жеңилсем дагы акчанын калган бөлyгyн алышым керек! - дейт. Соттор:
- Эмне yчyн? - деп сураганда, ал:
- Эгерде мен бул соттошууда жеңип чыксам, койгон талабым сиздердин чечимиңер боюнча аткарылышы керек. Антпесе силер чыгарган өкyм эч кандай кyчкө ээ болбой калат. А эгер жеңилип калсам, мен жеңилген сот ишин шакиртим жеңген болуп саналат да, акчанын жартысын өз ара келишимдин шарты боюнча төлөйт. Себеби келишимде акчанын жартысынын төлөнyшy анын алгачкы сот ишин жеңип чыгышына байланыштуу болчу.
Анда чындап эле жакшы даярдалган шакирти мындай дейт:
- Мен соттошууда жеңилсем да, жеңсем да акчаны бербешим керек.
Соттор:
- Эмне yчyн? – дегенде, устатынын логикасы менен минтип жооп кайтарат:
- Эгерде мен азыр ишти жеңсем, силердин чечимиңер боюнча талап кылынган акчаны бербешим керек. Антпесе силер чыгарган өкyм эч кандай кyчкө ээ болбой калат. Жеңилип калсам, биз тyзгөнкелишим боюнча алгачкы соттук иштен жеңилгеним себептyy, менден эч нерсе талап кыла албайт. Анткени келишимдеги шарт жyзөгө ашпаган болуп эсептелет.
Мына, Кудайдын вахийи менен тарбияланбаган логиканын ушуга окшош көптөгөн туңгуюкка келип такаларын алдын алганга болбойт. Алардын алдын алуу тарыхта болгон эмес. Бирок ислам пендеге пенде акысы өтyп кетсе, акысы желген пенде акысын кечмейинче кечирилбешин билдирип, аларга бири-биринин камын көрдyрөт. Ал тургай:
«Кошунасы ачка олтурганда, ток жаткан бизден эмес.» - деп Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи васаллам) белгилеп кеткен эреже аркылуу өзyнөн мурда башкаларды ойлогонду yйрөтөт.
Ушинтип ислам адамдарды бири-биринин жакшылыгын тең бөлyшкөн, бири-бирин сyйгөн момун боордошторго айланткан. Исламдан мурун арабдар кек сактоо, душмандык, жек көрyyчyлyк, кандуу талоон жана согуштар менен атагы чыккан, кыз балдарын уят катары көрyп, тирyyлөй жерге көмгөн сезимсиз бадавийлер (жапайы) болушчу. Араларында бyтпөс душмандыктары бар эле. Кyчтyyлөр алсыздарды эзчy. Акыйкаттык менен укук дайыма кyчтyyлөр тарабында болор эле.
Маркум Акиф акын айткандай:
«Азуусуз калган бирисин Туугандары жеп салчу...»
Мындай адамдар ислам келгенден кийин адамзаттын эң сейрек жана артык жандарына айланышкан. Бир мезгилдерде бири-биринин канын ичyyгө даяр болгон бул адамдар исламдын куту менен өлyм алдында дагы өзyн эмес, өзгөнy ойлогон айкөлдyктyн, сyйyyнyн туу чокусуна чыгышкан. Йармук согушунунан кийин уруш майданын кыдырган Азирети Хузайфа (Алла андан ыраазы болсун) деген сахаба айткан төмөнкy окуя момундардын ислам аркылуу ээ болгон рухий туу чокусун кандай гана сонун чагылдырат:
«Йармук согушу аяктап калганда колумдагы суу толтурулган көөкөр менен жарадарларды кыдыра баштадым. Жарадарлардын арасында кансырап жаткан абамдын баласы колумдагы көөкөрдy көрyп, ичкиси келгендей тyр көрсөттy. Сууну анын оозуна жакындатканымда ары жактан Икриманын онтогон yнy угулду:
- Суу... Суу...
Бул yндy уккан абамдын уулу Харис колун көөкөрдөн тартып, кашы-көзy менен сууну Икримага алпар дегендей ишарат кылды. Дароо Икримага чуркадым. Сууну Икримага эми ичирейин деп жатканда Ияштын yнy угулду:
- Суу... Алла ыраазылыгы yчyн суу...
Икрима дагы Хариске окшоп дароо колун тартып, Ияшка алпар дегендей белги кылды. Сууну Ияшка алып келгенимде анын убактысы колумдагы жалган дyйнөнyн суусун ичyyгө жеткен жок, бирок ал шейиттик шербетин кумардана ичкен эле. «Жок дегенде Икрамага жетишип калайын!» деп карбаластап, кайра артка чуркадым. Ал дагы шейит кетиптир. Андан кийин абамдын уулу Хариске чуркадым, тилекке каршы, ал дагы жан таслим болуптур.»
Мына, ислам yйрөткөн өзyн эмес өзгөнy ойлогон өзгөчyлдyк, айкөлдyк жана баалуу адеп-ахлак!
А бул кишилер исламдан мурун бири-биринин канын ичкенге даяр эле. Бирок ислам менен ушундай бийик даражага келишкендиктен «Асры саадат» (бакыт) доорун пайда кылышкан. Алла Таала бул абалды Кураны Керимде төмөнкyчө баяндайт:
«...Алланын силерге көрсөткөн жакшылыктарын эстегиле: силер бири-бириңерге душман болуп жyргөнyңөрдө, Ал жyрөктөрyңөрдy бириктирип, Анын жакшылыгы менен бир тууган (боордош) болуп калдыңар. Ошондой эле силер оттон турган чуңкурдун (тозоктун) оозунда турганда, силерди андан куткарды. Алла силерди туура жолго кирсин деп, өз аяттарын ушундайча баян кылат.» (Аали Имран: 103)
Алла Таала бул аят менен сахабаларга кайрылганындай эле бyткyл адам баласына да кайрылып жатат.
Ислам дини, мурда да айтып кеткенибиздей:
а) Ишеним;
б) Жарамдуу (салих) амалдардан турат.
Андыктан исламдын көз карашы боюнча адам баласынын Алла Таала алдындагы жоопкерчилиги «ишенимдик» жана «амалдык» болуп экиге бөлyнөт. Ишенимдик бөлyмдөгy негиздер амалдык негиздерден алдыга коюлат. Бул себептен улам Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи васаллам):
«Бул yммөт yчyн абдан корккон нерсем – Кудайга шерик кошуу.»- дейт. (Муснад 4, 124, 126)
Анткени адамдар Алланын алдында Кудайга ишенгендер жана ишенбегендер болуп экиге бөлyнyп, эки бөлөк эл катары баяндалат. Ыйман бөлyктөргө бөлyнбөс бир бyтyндyккө ээ. Тагыраак айтканда, Кудай айткан нерселердин бирөөсyн жокко чыгаруу менен бардыгын жокко чыгаруунун ортосунда айырма жок. Бул Алла Тааланын иззатына (арына) тие турган нерсе. Алсыздыгы чексиз болгон адамзаттын Алла туура деген нерсени туура эмес деп, туура эмес дегенин туура деп айтышка аракет кылышы – кандай гана жаман иш, кандай гана чоң кyнөө! Ошондуктан адамдардын кылган амалдарында Кудайга ыйман келтирyy болмоюнча, ал эч кандай пайда апкелбейт. Мисалы, Эдисон электр жарыгын ойлоп тапкан. Бул нерседен бардык адам баласы пайдаланат. Бул – жакшы нерсе. Бирок эгер анда ыйман болбосо, ал мунун сообун көрө албайт, анткени ислам боюнча эң чоң негиз – бул, Кудай Таалага ыйман келтирyy.
Бирок бул негиздин жападан-жалгыз пайдубалы жана таянычы – албетте, жарамдуу (салих) амалдар.
Бул өңyттөн алганда, ислам динин даракка окшотууга болот: Алланы жyрөк менен тастыктоо – анын жер астындагы тамыры; тил менен айтуу – өзөгy; жарамдуу (салих) амалдар – бутактары, жалбырактары, гyлдөрy жана мөмөлөрy. Дарактан кyткөн нерсебиз – эң оболу, мөмө болгондой эле, ыймандан кyтyлгөн нерсе да – жарамдуу амалдар. Аллага жакын болуу жана маарифатуллахка (аны таанууга) жетyy бир гана ушул жол аркылуу ишке ашат. Андыктан ислам Кудайга ишенyyдөн гана турбайт. Ыйман менен амалдар жуурулушу керек. Амалдары аткарылбаган исламдан тyбөлyктyy бакты-таалайды кyтyy коркунучтуу. Бул себептен улам исламдын беш негизги тyркyктөрyнyн төртөөсy толугу менен жарамдуу (салих) амалдардан, тактап айтканда, ибадаттардан турат.
Алланын элчиси (саллаллоху алейхи васаллам) мындай деген:

Ислам дини беш нерсенин yстyнө курулган:
1. Алладан башка кудай жок экендигине, Мухаммед (саллаллоху алейхи васаллам) анын кулу жана элчиси экендигине ишенyy;
2. Намазды толук окуу;
3. Зекетти толугу менен берyy;
4. Алланын yйy болгон Каабага барып, ажылык кылуу;
5. Рамазан орозосун тутуу. (Бухарий, Иман 1-2, 5. 254)
Бир акын бул беш негизди беш бөлөк кyнгө теңеп, мындай дейт:
Алла ислам шартын беш кылыптыр,
Ар бирин рухка тийген Кyн кылыптыр!
Бири – Аллага, Пайгамбарга ишенyy,
Жанга жаннатты ачкан нур сөздyy.
Бири – мираж деген нурдан намаз,
Жабылуу парданы ачкан намаз.
Бири – толук зекет, адал булагы,
Махшарда жанган бакыт чырагы.
Бири экен чын дилдеги ажылык,
Берилет ажыга периштедей тазалык.
Бири жан-дене туткан орозо,
Такыбалык кайда ал болбосо?
Эй, момун, дилиңе тийсин бул беш Кyндyн нуру,
Туңгуюкта телчибегин, калбагын бул нурдан куру!
Бирок бул беш шарт, албетте, исламдын бардыгы эмес. Булар ислам имаратынын негизги тyркyктөрy гана. Ошондуктан исламды бул ибадаттардан гана турат деп ойлоо туура эмес. Анткени ислам – адамдын бешиктен мyрзөгө чейинки жашоосундагы бардык мамилелерге багыт берген жана анын ички-тышкы дyйнөсyн тазалаган Кудай Тааланын мыйзамы. Исламды тyшyнyш yчyн хадистер менен Кураны Керимге yстyртөн назар салуу жетиштyy. Жогорудагы хадистин сыры мусулмандарга туура жолду, чен-өлчөмдy берyyдө. Бул туура жол – мусулмандын исламды, оболу, хадисте айтылган беш негиздин yстyнө куруп, ошого жараша жашашы. Антпесе мусулман ислам деп аталган имаратты коргой албай калат. Анткени пайдубалы чирик имарат кичине эле жер титирөөгө туруштук бере албай, көп зыянга дуушар болот.
Ислам жогорудагы беш негизинен башка, дагы да көптөгөн элементтерден тургандыктан, ар бири ислам имаратынын бyтyндyгy ичинде өзyнчө бир бөлyмдy тyзөт. Бул чындыкты чагылдырган төмөнкyдөй хадис бар:
«Ислам – сегиз бөлyм. Исламга ишенyy - бир бөлyм, намаз – бир бөлyм, орозо – бир бөлyм, зекет – бир бөлyм, ажылык – бир бөлyм, жакшылыктарга yндөө - бир бөлyм, жамандыктардан сактануу – бир бөлyм, жихад кылуу – бир бөлyм.»
Парз болгон буйруктар жана тыюу салуулар циркулдун туруктуу учуна (ийнесине), ал эми сyннөт болгон башка буйруктар менен тыюулар, тагыраак айтканда, нафил18 ибадаттар ал циркулдун кыймылдуу (карандаш тагылган) учуна окшош. Муну менен айтайын дегенибиз, парздар бардыгына бирдей деңгээлде жана чен-өлчөмдө тиешелyy болсо, циркулдун кыймылдуу учундай нафил ибадаттар аркылуу ар ким өз такыбалык алкагын алынын жетишинче кеңейте алат. Башкача айтканда, ар бир пенде нафил ибадаттар боюнча өзyнө берилген потенциал жана дараметине жараша жоопкер. Андай болсо, Азирети Абу Бакирдей потенциалы бар кишинин ыйман жана жарамдуу (салих) амалда потенциалы (шык-жөндөмy) төмөн кишидей көрсөткөн ыкшоолугу туура эмес көрyнyш. Ошондой эле дээринен потенциалы төмөнкишинин дагы Азирети Абу Бакирдей ибадат кылышы мyмкyн эмес. Эң негизги нерсе – бул, парздарды толук аткаргандан кийин, Алла Таала берген жөндөм-кyчкө жараша жарамдуу (салих) амалдарды аткарып, зухд жана такыбалык жолунда Кудайдын ыраазылыгына жетyy.
***
Исламдын ички рухий тарабын билyy анын сырткы тyзyлyшyн билгендей эле маанилyy болгондуктан, Алла Таала анын негизин жана бул негизге караштуу бөлyмдөрдy элчиси аркылуу yммөткө көп жолу билдирген. Мындан максат – мусулмандардын исламды жана ыйманды эң туура yйрөнyп, ошол боюнча туруктуу жашашы. Буга байланыштуу «Жабрайил хадиси» деп аталган хадисти Азирети Умар (Алла андан ыраазы болсун) төмөнкyчө баяндайт:
«Мен Азирети Пайгамбарыбыздын (саллаллоху алейхи васаллам) жанында отурган болчумун. Анан жаныбызга кийими аппак, чачтары капкара болгон бир адам келди. Ал адамдын жолоочу эмес экендиги сыртынан байкалып турду. Анын yстyнө эч ким аны тааныбайт эле. Ал киши келип Азирети Пайгамбардын (саллаллоху алейхи васаллам) тизесине колун койду да, суроо бере баштады:
- Эй, Мухаммед (саллаллоху алейхи васаллам)! Ислам деген эмне?
Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи васаллам):
- Ислам – бул, сенин Алладан башка кудай жок экендигине, Мухаммед анын кулу жана элчиси экендигине кyбөлyк кылышың, намаз окушуң, зекет беришиң, Рамазан орозосун кармашың жана кyчyң жетсе, ажылык кылышың, - деп жооп берди.
Бейтааныш:
- Туура айттың, - деп ырастады.
Биз суроо берип, кайра өзy суроонун жообун тастыктаганына абдан таң калдык.
Анан мындай собол таштады:
- Ыйман деген эмне?
Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи васаллам) төмөнкyчө жооп берди:
- Аллага, периштелерине, китептерине, пайгамбарларына, акырет кyнyнө ишенyy жана тагдырга, т.а., жакшылык менен жамандыктын Алладан экенине ишенyy.
Бейтааныш:
- Туура айттың, - деп тастыктагандан кийин:- Ихсан деген эмне? - деди.
Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи васаллам):
- Ихсан – Алланы көздөрyң менен көрyп тургандай ибадат кылуу: сен аны көрбөсөң да, ал сени көрyп турат, - деп жооп кайтарды.
Ал киши кайра сурады:
- Кыямат качан болот?
Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи васаллам) бул сапар минтип жооп берди:
- Кыямат тууралуу суралган сурагандан артык эчтеке билбейт!
Бейтааныш: - Андай болсо, кыяматтын белгилерин айтып бер! – деди. Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи васаллам):
- Кyңдөр бийлерди төрөйт, жылаңаяк, жылаңач, кедей (Муслимдин варианты боюнча «кедей» сөзy жок) малчылар бийик yйлөрдy салууда бири-бири менен жарышат.
Бул сөз айтылгандан кийин чоочун киши чыгып кетти. Бир топтон кийин Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи васаллам):
- Эй, Умар! Суроо салган заттын ким экенин билесиңби? – деп сурады. Мен:
- Алла жана анын элчиси (саллаллоху алейхи васаллам) жакшыраак билет! – дегенден кийин төмөнкyчө жооп кайтарды:
- Бул Жабрайил (алейхиссалам) периште болчу, силерге диниңерди yйрөткөнy келди.»
Кыскасы, ислам дини - «Мен инсандарды жана жиндерди бир гана мага кулчулук кылуу yчyн жараттым.» (Заарият: 56) деп айтылгандай кулчулуктун чагылган жайы, Аллага ибадат кылуу дини. Бул чындыкты адамдарга билдирyy иретинде Алла Таала элчисине мындай деп буйрук кылат:
«(Эй, Расулум) Айткын: «Мага бир гана ыкылас менен Аллага ибадат кылуу буюрулду.»»
«Алланын бир экенине моюн сунган мусулмандардын эң алгачкысы болушум буюрулду.»
«Айткын: «Эгер Раббиме баш көтөрсөм, чоң кyнөөнyн азабынан коркомун.»»
«Айткын: «Мен динимди жалгыз гана Аллага таандык кылып, бир гана ага кулчулук кылам.» (Зумар: 11-14)
«Алла кимдин көкyрөгyн исламга ачса, ал Алланын нуру yстyндө болот. Алланы зикир кылуудан жyрөктөрy катып калгандарга наалат болсун! Мына ушулар апачык адашуу жолунда.» (Зумар: 22)
Динге ишенyy жөн эле ишенyy, же тушкелди ишене берyy дегенди билдирбешин айта кетишибиз зарыл. Дин деген – бул, ааламды жараткан, өмyр менен өлyмдy башкарган Алланын буйруктарына жана ыраазылыгына шайкеш болгон ишенимдер жана жарамдуу (салих) амалдар.
Динди негиздөө укугу пайгамбарлардан башка эч кимге берилген эмес. Кураны Каримдин эски ыйык китептерден айырмаланып, бурмалоосуз сакталышы, адам баласынын кийлигишyyлөрyнөн оолак болушу кыяматка чейин уланат.
Ислам дини кылымдардан бери келе жаткан туура эмес ишеничтерди, шек-кyмөндөрдy, мифтерди, тyрдyy адашууларды, туңгуюктарды жоюп, бир гана акыйкатты, чындыкты, адеп-ахлакты, бейкуттукту жана адилеттyyлyктy сунуштоо менен адамзатты бакты-таалай мезгилине даярдап, акыл-эстери, жан-дyйнөлөрy19 издеген чындыктарга жеткизген.
Ислам дини адамга өзyн өзyнө таанытат. Алла Тааланын:
«Рухуман yйлөдyм!» - деп айткан деңгээлине жеткизет, жаралган ааламдын көркөмдyктөрyн көрсөтyп, дил кyзгyсyн жаркыратат. Илим, жогорку даражадагы адеп-ахлак, ырайым, мээрим жана кечирим сыяктуу адамдык баалуу сапаттар менен ыймандуу көңyлдөрдy жабдыйт.
Ислам дининин бакты- Кыскасы, ислам – бардык жактан адамдарды бул дyйнөнy руханий бейишке айлантып, тигил дyйнөдө да тyбөлyк бакты-таалайга ээ кылган Кудай Тааланын мyрөк суусу.
Маркум Акиф учурдун көрyнyштөрyнө карап, исламды бекем тутунуу жагынан ыкшоо тарткан мусулмандарды бул мyрөк сууга төмөнкyчө чакырат:
Чайналгың келбесе шайтанга, Кайтып келгин эми исламга.
Оо, Жараткан! Бизди эки дyйнөдө тең ислам менен бактылуу кыл! Бизди өзyңдyн нуруңан кур калтырба! Жаныбызды мусулман кылып алып, жарамдуу (салих) пенделериңдин арасына кошкунуң!
Оомийин!
ШАХАДАТ КЕЛМЕСИ ЖАНА ЫЙМАНДЫН НЕГИЗДЕРИ
Шахадат (кyбөлyк) келмеси20 – адамдын исламга киришиндеги эң алгачкы баскыч. Бул келме - Жараткан Алланын бар жана бир экендигине ишенyy менен бирге акырзаман пайгамбары Мухаммеддин (саллаллоху алейхи васаллам) пайгамбарлыгын ырастап, ага өз жанын кyбө кылышы маанисинде айтылган ишеним сyйлөмy. Бул себептен улам шахадат келмеси – диндин пайдубалы.
Бул келме ушундай улуу сөз болгондуктан, анын маанисинде бардык адам баласынын кутулушу катылган.
Бул сөз Куранда жана хадистерде:
Келме таййиба (эң жакшы сөз),
Такыба келмеси,
Кавли сабит (туруктуу сөз)
Макалидус-самавати вал-арз (асмандардын жана жердин ачкычы),
Ыкылас келмеси,
Урватул-вуска (бекем кармооч),
Чындыкка болгон чакырык,
Саманухул-жаннат (бейиштин сыйлыгы) – деген сөздөр мененсапатталат.
Анткени бул сөз - өзөктөрдyн өзөгy. Исламдын башка негиздери жана алардын бардык деталдары бул мазмунга көз каранды. Ошондуктан шахадат келмеси менен ыйман бардык ибадаттардан жогору турат. Анткени ибадаттар ал аркылуу гана аткарылат, ансыз ибадат ибадат болбой калат. Ибадаттар белгилyy бир убакыттын ичинде гана кылынып, алардан башка убакыттарда аткарылбайт. Амалдардын эң артыгы болгон намаз дагы кyнyнө беш убак окулат. Ал эми ыйман келтирyy болсо, дайыма парз. Жyрөктy кайдыгер кылган бардык нерселерден сактанып, ыйманды бардык шартта жандуу кармоо зарыл. Ыйманды эч кандай шылтоо менен таштаганга болбойт, аны ар убак сактоо – шарт, кийинкиге калтырганга уруксат берилбейт.
Шахадат келмеси – бул,
![]()
(Ашхаду ан лаа илаха иллаллох ва ашхаду анна Мухаммадан абдуху ва расулух) деген сөздy тил менен айтып, дил менен ырастоо. Анын терең маанисине yңyлсөк, исламга таандык калган бyткyл ишенимдерди өз ичине камтыганын көрөбyз.
Курандын бардыгы шахадат келмесинин тyшyндyрмөсy жана чечмелениши деп айтсак, жаңылбайбыз. Себеби Куран дин менен тавхидден тyзyлгөн. Муну тyшyндyрyy иретинде аятта төмөнкyчө айтылат:
«Бул Куран адамдар эскертилсин, Алла Жалгыз Кудай экенин билишсин жана акыл ээлери жакшылап акыл жyгyртyп, yгyт-насаат алышсын деп (Алла тарабынан) тyшyрyлгөн.» (Ибрахим, 52)
Бул дyйнөдө да, тигил дyйнөдө да Алла Тааланы ыраазы кылган бардык жарамдуу (салих) амалдар – баалуу сөз болгон тавхиддин мөмөсy. Ибадаттар ыймандын жyрөктөгy чагылышы болуп, назиктик менен жакшы адеп-ахлакка жеткизет. Мунун тескерисинче, Алла Таала ыраазы болбогон ар бир жаман иш жаман сөздyн, башкача айтканда, каапырдыктын натыйжасы болгондуктан, бардык балээлердин, кырсыктардын жана бузукулуктун булагы болуп саналат.
Алла Таала:
«Алла кандай мисал келтиргенин көргөн жоксуңбу: жакшы сөз жакшы даракка окшош, тамыры бекем, бутактары асманда болуп, Жараткандын каалоосу менен ар дайым мөмө берет. Алла адамдар yгyт-насаат алсын деп мына ушундай мисалдарды келтирет.»
«(Ал эми) жаман сөз (каапырдык жана ыймансыздык) болсо, тамыры жерден жулунган, бир жайда (орноп) жай таппаган жаман даракка окшош.» (Ибрахим, 24-26) - дейт.
Алланын Элчиси (саллаллоху алейхи васаллам) мындай дейт:
«Ар дайым мөмө берyyдөн максат – заакир (зикир кылуучу) пенденин Алланы кyндyр-тyндyр эсинен чыгарбашы.» (Фазаили Амал, 462)
Ибни Аббас (Алла андан ыраазы болсун) жогорудагы аяттарды чечмелөөдө төмөнкyлөрдy айткан:
«Бул жерде шахадат келмесине ишаарат бар. Тамыры момун пенденин сөзy менен жyрөгyндө, бутактары болсо асмандарда. Бул себептен улам момундардын аткарган иш-амалдары асмандарга көтөрyлөт. Жаман сөз болсо – Кудайга шерик кошуу, каапырдык жана ыймансыздыкты билдирген сөз. Ал аркылуу эч кандай амал кабыл кылынбайт.»
Ошондуктан:
![]()
«(Кyнее менен каапырдыктан) тазаланган (тозоктон) кутулду.» (Аалаа: 14) – деген аятка тyшyндyрмө берyyдө Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи васаллам) мындай дейт:
Бул
аятта «тазалоо» дегенден максат -![]()
«Ла илаха иллаллох Мухаммадун расулуллах» деп кyбөлyк келтирyy жана (ички-тышкы бардык) буттарды (кудайларды) жyрөктөрдөн алыс алып таштоо.» (Фазаили Амал, 466) Башкача айтканда, Алла Таалага эч кандай шерик кошпостон, бир Аллага ишенyy.
Андыктан напсилерди кyнөөлөрдөн арылтуу жана жyрөктөрдy жамандыктардан тазалоого милдеттендирилген Алла досторунун озуйпасы – бул хадистин алкагында иш кылуу. Төмөнкy аят Алла Тааланын жyрөктө пайда болгон буттарга болгон жек көрyyсyн билдирет:
«Напсилик ышкыларын өзyнө «кудай» кылып алгандарды көрбөдyңбy?» (Жасия: 23)
Көпчyлyк аяттарда айтылган пайгамбарлардын дагы бир милдети - адамдардын жан-дyйнөсyн тазалоо аркылуу бир Аллага толук ишенишин камсыз кылуу. Анткени ыйман жаркырак кyзгyгө окшош. Эгер адам Кудайга кайдыгер болсо, анда ал ошол кyзгyнy кирдетип, ал Алла Тааладан келген жакшылыкты чагылта албай калат. Кудайдын жакшылыктарынын жyрөктө чагылышы бир гана жyрөктy зикир менен шугулдантып, сергектикке жеткирyy аркылуу жyзөгө ашат. Зикир (эстөө) – унутуунун тескериси. Ыймандын даты жyрөктyн чын ыкылас менен Аллага багыт алышынын натыйжасында тазаланат.
Пайгамбарлар жана Алланын достору (олуялар) асмандар менен жердин ачкычы болгон шахадат келмесине эң сонун тyрдө чакырышат. Алар – чын көңyлдөн сунган ыймандын кавсардан да баалуу жана даамдуу ырахатын татып, ашыктык менен ичкен бактылуулар. Алар бул жалган дyйнөдө адамзаттын алдында шамчырактай жанып, көңyлдөрдy бир Аллага ишенyyгө багытташат. Ошондой инсандардын бири Азиз Махмуд Худайи төмөндөгyдөй жалындуу ыр саптары менен бул чындыкка чакырат:
Буйругун ук Алланын,
Тавхидге кел, тавхидге.
Тазалансын ыйманың,
Тавхидге кел, тавхидге.
Бөтөн жерге караба,
Жаныңды отко салба.
Баш оогон жакка баспа,
Тавхидге кел, тавхидге.
Жалганга жум көзyңдy,
Андан тиле тилегиңди.
Кетир азапты дилиңдеги,
Тавхидге кел, тавхидге.
Өзyңдy кыйын көрбө,
Жалганга алданасың.
Бир кyнy ойгоносуң,
Тавхидге кел, тавхидге.
Ташта курулай туурашты,
Жандан айткын тавхидди.
Табышка бардык yмyттy,
Тавхидге кел, тавхидге.
Сyрөткө сыйынбагын,
Ич жyзyнө карагын.
Болууга Аллага жакын,
Тавхидге кел, тавхидге.
Напсиңе эч ишенбе,
Өзyмy... билем дебе.
Ширк отуна кyйбө,
Тавхидге кел, тавхидге.
Жалган сyйyyнy ташта,
Өлyмдy такыр унутпа.
Кеч калбагын кербенден,
Тавхидге кел, тавхидге.
Шахадат келмесинде Алланын сырлары жана даанышмандык казынасы катылуу. Бул себептен улам жерлер, асмандар, бyткyл аалам, периштелер жана чыныгы илим ээлери шахадат жана тавхид келмесин ырастап, тастыкташууда. Мындан тышкары, алардан муну тастыктап айтууну каалаган Алла Тааланын өзy дагы кyбөлyк келтирyyдө. Аятта төмөнкyчө айтылат:
«Алла, периштелер жана илим ээлери адилеттyyлyк менен өкyм кылуучу Жалгыз Алладан өзгө эч кандай кудай жок, бир гана Ал бар экенине кyбөлyк беришти. Ал кудуреттyy, даанышман Зат.» (Али-Имран: 18)
Кыскасы, шахадат келмесинде төмөнкy төрт негиз бар:
1. Алланын затын (барлыгын) тастыктоо.
2. Алланын сыпаттарын тастыктоо.
3. Алланын иш-аракеттерин тастыктоо.
4. Пайгамбардын тууралыгын тастыктоо.
Бул өңyттөн караганда, шахадат келмеси кыскача биз «аманту» деп айткан ыймандын алты шартынын мөөрy сымал. Буга кыскача токтолсок, төмөнкyчө:

«АЛЛАГА, ПЕРИШТЕЛЕРИНЕ, КИТЕПТЕРИНЕ, ПАЙГАМБАР-ЛАРЫНА, АКЫРЕТ КYНYНӨ, ТАГДЫРГА ЖАНА АНЫН ЖАКШЫ-ЖАМАНЫ АЛЛАДАН ЭКЕНДИГИНЕ ИШЕНДИМ. ӨЛГӨНДӨН КИЙИН ТИРИЛYY ЧЫН. АЛЛАДАН БАШКА КУДАЙ ЖОК ЖАНА МУХАММЕД (САЛЛАЛЛОХУ АЛЕЙХИ ВАСАЛЛАМ) АНЫН КУЛУ, ЭЛЧИСИ ЭКЕНИНЕ КYБӨ БОЛОМ.»
Пенде исламдын беш негизине ишенип ырастоо менен мусулман, ал эми ыймандын алты шартына ишенyy менен момун (ыймандуу) болот.
Ошондуктан пенденин жөн гана «ишендим» деп айтуусу толук момун, же мусулман болуусу yчyн жетиштyy болбойт. Негизинен, ыйман Алланын бар экенин жана Азирети Мухаммед Пайгамбарыбыздын (саллаллоху алейхи васаллам) пайгамбарлыгын жyрөк менен тастыктап, тил менен ырастоо аркылуу жыйынтыкталса да, бул ишенимге бекем ээ болуу жана туура багыт керек. Кыскасы, ыйман исламдын көз карашында кемтиксиз, толук деп саналып, ээсине саксаламаттык тартуулаган бир деңгээлде болууга тийиш. Бул болсо баарынан мурда, Алланын сыпаттары тууралуу жаңылыш тyшyнyккө ээ болбоону талап кылат.
Асмандарды, жерди жана ал экөөнyн ортосундагыларды жоктон бар кылып жараткан Алланы толук таанып билyyгө адамдын акылы жетиштyy эмес. Ошондуктан Жараткандын затын ойлоп, элестетyy адамдын туура жолдон адашуусуна алып келгендиктен, буга Алланын Элчиси (саллаллоху алейхи васаллам) тыюу салган:
«Алланын жараткандары тууралуу ой жyгyрткyлө, бирок Анын заты тууралуу ой жyгyртпөгyлө. Анткени буга эч кимдин дарамети жетпейт...» (Китабул-Арбаин, 1-90)
Ошон yчyн улуу сопулар бул тууралуу кыскача:
«Оо, Жараткан! Сен кандай болсоң, ошондойсуң. Биз билгенден,ал тургай биз аруулагандан да аруусуң!» - дешкен.
Чындыгында эле адам баласы Алланын затынын кандай экендигине акыл дарамети жетпейт. Бул жол бизге жабык. Бирок жаралгандан Жаратканга, чеберчиликтен Чеберге жана себептерден Себептерди Жаратуучуга карай кеткен аң-сезим жолу ачык. Эгер аң-сезим таза акыл-эс менен Алла Тааланын сыпаттарына жана жараткан нерселерине назар сала турган болсо, Кудайды танышы мyмкyн эмес. Анткени Кудайды тануу акыл-эс, ой-пикир жана дилдеги сезимдер бузулган жерде баш көтөрөт. Башкача айтканда, эгер акыл-эс жана жyрөк табиятын таза сактай алса, анын каапыр болушу мyмкyн эмес. Эгер каапырлардын чөйрөсyндө жарыкка келген болсо, каапырдыктан кутулуш ыктымалы жогору болот. Мисалы, Азирети Ибрахим пайгамбар бир бутпарас коомдун ичинде туулуп, чоңойгонуна карабастан, анын акыл-эс жана жyрөк дарамети менен жалгыз Алла Тааланын бар экендигине ишенгени тууралуу Кураны Каримде кеңири баяндалат.
Акылы бар киши абсолюттук тyрдө каапыр боло албайт. Себеби бир нерсени жок деп айтуу менен гана аны жокко чыгарып коюуга болбойт. Ал yчyн адамдын акылын ынандыруучу туура далилдер керек. Жашоо, аалам жана өлyмдөн кийинки сырды чече албагандар бир гана «жок» деш менен эмнени далилдей алышат? Бул курсагы ач болуп, ден-соолугу бузулганы себептyy, ачкалыгын сезбегендер сымалы, алардын ач болсо дагы ачка эмесмин деши ооруу экенине гана далил болот. Алла Таала денесине баткан ийнени жана аны кескилеген бычакты сезбеген, наркоз астындагы, же бyткyл сезимдери шал болгон кишидей рухундагы улуу чындыктарды сезбеген, туйбаган адамдар тууралуу аятта:
«Сокурлар, дyлөйлөр...» - деген сөздөрдy колдонот.
Анткени Алла Таала ар адамдын табиятына ишенyy жана чындыкты издөө муктаждыгын орноткону yчyн, ыйман жана чындыктан кабарсыз калууга бир гана рухий сокурдук менен дyлөйлyк себепчи болот. Болбосо ишенбеген кишинин руху дагы Алланын бар экенин туюуга даяр, же туят, бирок муну рухий сокурдугу, дyлөйлyгy себептyy аң-сезим деңгээлине чыгара албайт. Ал көрyлгөн, бирок кайра эске тyшпөгөн тyштөр сыяктуу болуп калат.
Ошондуктан кyчyбyздyн жетишинче жоопкерчилик менен бизди жоктон жараткан Алла Тааланы таанып-билyy жана маарифатуллах менен ирфанга ээ болуу yчyн, анын сыпаттары менен иштерин эң туура билиш керек.
Байкаган адамга, ислам эле эмес, башка бардык диндерде «Кудайга ишенyy» бар. Бирок бул ишеним тyрдyy жаңылыштыктарга ээ. Бул каталар ислам дини боюнча туура эмес болуп эсептелип, кабыл кылынбайт. Анткени алардын ишеними ааламдын жападан-жалгыз Жаратуучусунун кемчиликтерден таза, кынтыксыз жана кемчиликсиз сыпаттарга... б.а., адам кыялы жеткис сыпаттарга ээ болушуна төп келбейт. Ал эми ислам Алла Таала тууралуу Куран менен хадисте билдирилген сыпаттарды айтып, бул сыпаттардын тигил же мунусун кем деп, же аларга дагы башка сыпаттарды кошпойт. Бул сыпаттар жалпы классификация боюнча экиге бөлyнөт:
1.Заттык сыпаттар
2.Субутий сыпаттар
Алланын заттык сыпаттары төмөнкyлөр:
ВУЖУД (бар болуу): Алла бар жана Анын бар экени эч нерсеге муктаж эмес. Андыктан ал «Важибул-вужуд» (бар болушу сөзсyз зарыл) деп аталат. Башкача айтканда, анын жок болушу мyмкyн эмес. Андан башка бардык жандуу-жансыздар – мумкинуль-вужуд (бар болушу мyмкyн). Башкача айтканда, алардын бар болушу да, жок болушу да мyмкyн.

«Алла деген – ал жалгыз: андан башка кудай жок. Ал тирyy жана ойгоо: аны yргyлөө да, уйку да албайт. Жер жана асмандагылардын бардыгы Аныкы...» (Бакара: 255)
Ушул учу-кыйырсыз ааламда адамдын акылын айран-таң калтырган бир тартип жана шайкештиктин бар экени айдан ачык. Бул мыйзам менен шайкештик ушундай кынтыксыз болгону yчyн, аалам жаралгандан бери такыр бузулбастан, кылдат жана аяр эсептердин тyбөлyк теңсалмактыгы ичинде жашап келет. Эгер Жер шарынын орбитасында 23.5 градус ийкемдик (ийрилик) болбогондо, төрт мезгил пайда болбойт эле: жай болгон жер тyбөлyк жай бойдон; кыш болгон жер тyбөлyк кыш бойдон калмак. Же болбосо кyн менен жер шарынын ортосундагы аралык бир аз көбyрөөк болгондо, жер бетин толук муз каптап калмак. Тескерисинче, азыркыдан бир аз жакын болгондо, бардык нерсе куурулуп кyйyп кетмек. Ушул жана ушул сыяктуу нерселер бардык асман телолору жашоону камсыз кыла турган тyрдө программаланганын далилдейт.
Мындай кынтыксыз, абдан кылдат жана бири-бири менен тыгыз байланышкан эсептер менен жаралган аалам механизми Жараткан Алла Тааланын бар жана бир экенине жана кудурети менен улуулугуна далил болот. Аятта мындай деп айтылат:
«Ал асмандарды көтөрyп, бир чен-өлчөм (теңсалмактык) койду.» (Рахман: 7)
«Ал асмандарды жети кабат кылып жараткан. Рахмандын (Мээрмандын) бул жаратканынан эч кандай ыраатсыздык көрө албайсың. Көзyңдy кайрадан асманга бурчу, кандайдыр жараканы көрөр бекенсиң?»
«Бир ыраатсыздык табуу yчyн көзyңдy кайра-кайра асманга бур, көздөрyң издегенин таба албай, ордуна талып кайтат.» (Мyлк: 3-4)
Шотландиянын атактуу философторунун бири Бюти баласына ааламдын кокусунан жаралбай турганын, ал бир гана Алла Таала тарабынан жаралганын төмөнкyчө далилдеген экен:
Бакчасында казылган топурактын бир четине уулунун ысымын сөөмөйy менен жазат. Бул сызыктардын ичине бир чөптyн yрөнyн сээп, көөмп коёт.
Белгилyy убакыт өткөндөн кийин уулу атасына чуркап келип, толкундана мындай дейт:
- Атаке, бакчанын бир бурчунда менин атым чөп менен жазылып калыптыр! Атасы көңyлдөнбөгөндөй тyр көрсөтyп:
- Жөн эле кокусунан жазылып калса керек да, - дейт. Баласы ага каршы чыгып, мунун сөзсyз тyрдө бирөө тарабынан жасалганын айтат:
- Атаке, менин атым өзyнөн өзy эле чөп менен жазылышы мyмкyн эмес да?.. Менин атымды чөптөр дагы, топурак дагы билбейт. Муну менин атымды билген эле бирөө кылган...
Атасы дароо темирди кызуусунда чабат:
- Болуптур, сен ысымыңдын бакчада өзyнөн өзy жазылбай турганын айтыбатасың, андай болсо, андан да yстөм жана чебер жаралган денеңдин, же бул ааламдын кокусунан пайда болгонуна кантип ишенибатасың? Мынчалык жөнөкөй жана оңой иш дагы кокусунан болбосо, анда өтө эле чоң жана укмуштай сонун жаралган адамдар, айбанаттар жана аалам кантип өзyнөн өзy пайда болот? Булардын бардыгынын бир жаратуучусу болушу керек да?
Чындыкты тyшyнгөн философтун уулу кечирим сурап:
- Атаке, сизге чоң ыракмат. Анткени бул мисал менен дyйнөдө эң кичинекей нерсенин дагы өзyнөн өзy болбой тургандыгын тyшyндyм. Эми бардык нерсени жараткан Улук Жаратуучунун бар экенине мен да ишенем.
Акын Нежип Фазыл:
«Карасам оролупмун туш-тарабымдан
Оролгон болот да, орогон болбойбу?
Ким тарткан бул дидарды мынча чебер?
Кyзгyдөн өзyн карап, сураган болбойбу?» - дегендей, Азирети Мавляна Алла Таала тууралуу терең ой жyгyртyyнy сунуштап, кайдыгер адамдарды ойгонууга чакырат:
«Тегирмен ташынын айланганын көрyп турганыңдан кийин жакшылап карап, ал ташты айландырган сууну да көр!
Абадан топуракты, чаңды көрсөң, аларды асманга учурган шамалды да көр!
Мобул сарайларды, чоң-чоң имараттарды салган бирөөнyн болгону акылга сыйымдуубу, же болбогонубу?
Жазууну жазган жазуучунун болгону акылга сыярлыкпы, же ал жазуучусуз жазылды дейсиңби?
Эй, адамдар! Бул ааламдан өзyнөн өзy пайда болгон бир нерсени көрсөтө аласыңарбы?»
Акындардын бири бул боюнча мындай дейт:
Жаралган болсо бул аалам өзyнөн өзy,
Салынат эле бул там да өзyнөн өзy!
Чатырдан чыккан морлоруң айтууда сага:
От болбой тyтyн чыгабы өзyнөн өзy?
Турбаса бир кyч башкарып, бул ааламды,
Айланат беле жаңылбай өзyнөн өзy?
Кылбаса эмгек дыйкандар, кызыл буудай,
Бөлyнөт бекен самандан өзyнөн өзy?